Коргоо министрлиги жекшембиге караган түнү Орусиянын аймагында 88 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Алардын 52си Белгород облусунун, 13ү Липецкинин, тогузу Ростовдун, сегизи Воронеждин, үчөө Астрахандын үстүнөн, дагы экөө Рязань жана Курск облустарынын жана Краснодар крайынын үстүнөн жок кылынган.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.
Белгород облусунда дрондун кулашынан жер тамда өрт чыкты. Электр линиясы бузулган.
Түндө дрон чабуулунан улам "Росавиация" Казань, Астрахань, Волгоград жана Нижний Новгород аэропортторунун ишине чектөө киргизди. Эртең менен чектөөлөр алынды.
9-майда эртең менен Чебоксарыдагы "Буревестник" мамлекеттик ишканасынын мунай базасына чабуул болду. Чувашиянын башчысы Олег Николаевдин айтымында, жабыркагандар жок, кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Чувашияга учкучсуз учак биринчи жолу жетти. Чебоксары орус-украин чек арасынан 970 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселдеги саммитте аскердик чыгашаларды кескин көбөйтүү боюнча планды бекитишти. Бул АКШ президентинин Европа келечекте коргонуу маселесинде өз күчүнө гана ишенүүгө тийиштигин ишара кылгандан кийин ишке ашты.
Еврошаркет өлкөлөрү аскердик чыгашаларды көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү бюджеттик чектөөлөрдү жеңилдетүүнү жактырышты. Еврокомиссиянын эсеби боюнча, ушундай жол менен 650 миллиард евро бошоп калышы мүмкүн.
Саммиттин катышуучулары ошондой эле Еврокомиссиянын Евробиримдик өлкөлөрү үчүн абадан жана ракетадан коргонуу системалары, артиллерия жана ок-дары, учкучсуз учактар жана учкучсуз учактардан коргонуу системалары сыяктуу коргонуу инвестицияларын каржылоо үчүн Еврокомиссиянын 150 миллиард евролук насыя фонду сунушуна да көңүл бурушту.
Ушул жуманын башында Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Лейен ReArm Europe планын сунуштады. Документке ылайык, Евробиримдик өзүнүн коргонуусу үчүн жоопкерчиликти алат жана келечекте Украинага жардам берүүгө даяр экенин билдирет.
6-мартта Украинанын президенти Владимир Зеленский Европа лидерлеринин кезексиз саммитине катышуу үчүн Брюсселге барды.
"Биз жалгыз эмес экенибизге ыраазыбыз, муну сезип жатабыз. Аскердик чыгымдарды жана өндүрүштү көбөйтүү боюнча кабарларды уккан абдан жагат”, - деди Зеленский журналисттерге берген комментарийинде.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта Европанын коопсуздугу Украинанын коопсуздугунан ажырагыс экенин белгиледи. Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европа өзүн коргоп, туруктуу тынчтыкка умтулушу керектигин билдирди.
Февраль айынын аягында Европа Кеңешинин төрагасы Антониу Кошта Владимир Зеленскийди 6-мартка белгиленген Украина менен Евробиримдиктин коопсуздук маселелери боюнча Евробиримдиктин кезексиз саммитине чакырган.
Саммит Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча АКШнын саясаты өзгөргөн учурда өтүп жатат.
4-мартта АКШ президенти Дональд Трамп Конгрессте туруп Зеленскийден кат алганын жана анда украин лидери сүйлөшүүлөрдү баштоого даярдыгын билдиргенин айткан. Мунун алдында АКШ Украинага аскердик колдоосун убактылуу токтотконун жарыялаган.
Украин президенти Владимин Зеленский 28-февралда Ак үйдөн талаш-тартыштан кийин чыгып кеткен жана эки лидер Украинанын стратегиялык кен байлыктарына байланыштуу келишимге кол коюшкан эмес.
Орусия 5-марттын кечинде Украинанын Кривой Рог шаарына урган ракеталык соккудан, баштапкы маалымат боюнча, эки адам мүрт кетип, 29 киши жарадар болгону кабарланган. Ракета тийген имараттан өрт чыккан.
Соңку маалымат боюнча, каза тапкандардын саны төрткө жетти, жараат алгандар 31 киши болууда.
Калаанын коргонуу кеңешинин башчысы Александр Вилкул жаракат алгандардын арасында балдар бар экенин, 20 адамдын абалы оор деп бааланып жатканын билдирди.
Ракета “Центральный” деп аталган мейманкананын имаратына тийип, ал катуу жабыркаган. Куткаруу иштери улантылып жатат.
Харьковдо дрон көп кабаттуу үйгө тийип, эки киши жабыркаган.
Орусия Украинага согуш ачканына быйыл 24-февралда туура үч жыл болду. Бул убакыт ичинде көптөгөн сүрөт жана видео далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет.
Ошол эле маалда Орусиянын аймагы да утур-утур дрон чабуулуна кабылып турат. Кремль кол салууну Киевден көрөт. Украин бийлиги айрым учурда гана жоопкерчилик албаса, негизинен комментарий бербейт.