Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:53
Украинанын борбор калаасы Киев 24-январга караган түнү да жапырт чабуулга кабылды.
Украинанын борбор калаасы Киев 24-январга караган түнү да жапырт чабуулга кабылды.

АКШ, Украина жана Орусия өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусу өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:52 18.3.2025

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Украинага 40 миллиард евро өлчөмүндө жардам берүү боюнча келишимге келе алышкан жок. Бул тууралуу Брюсселде өткөн Евробиримдик кеңешинин жыйынынан кийинки маалымат жыйында Европанын тышкы саясат кызматынын башчысы Кая Каллас билдирди. Ал жакын арада оң жыйынтык болоруна үмүт артты.

Жаңы жардам траншын бөлүү демилгесин Кая Каллас көтөргөн. Ал март айында Украинага 20 миллиард евро бөлүүнү сунуштаган. Бирок Венгрия бул долбоорду бөгөттөп, ал 6-мартта өткөн Евробиримдик саммитинин жыйынтыктоочу чечимине кирбей калган. Euractiv басылмасынын маалыматы боюнча, Евробиримдиктин Украинага аскердик жардамын бөгөттөөдөн качуу үчүн ыктыярдуу фонд түзүү сунушу айтылган.

Кээ бир европалык саясатчылар бул план боюнча күмөндүү ойдо экенин билдиришти. Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Брюсселдеги саммиттин алдында анын өлкөсү Украинага Евробиримдиктин бюджетинен жардам көрсөтүүнү колдобой турганын айтты. Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни La Stampa гезитине берген маегинде көптөгөн өлкөлөрдө сунушталган план боюнча суроолору бар экенин белгиледи.

12:09 15.3.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский украин армиясынын Орусиянын Курск облусундагы операциясы аягына чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал аталган облустун украин аскерлери ээлеп алган Суджа шаарын Орусиянын армиясы бошоткондон бир күндөн кийин маалымдады.

Украин Куралдуу күчтөрү Орусиянын чек арадагы Курск облусуна чабуулун 2024-жылдын августунда баштаган. Согушка чейин 5 миңдей калкы бар Суджа Орусиянын Украина ээлеп алган аймагындагы эң ири шаар болду.

Курск операциясы башталган алгачкы күндөрү Зеленский Орусиянын жерлерин ээлеп алуу орус президенти Владимир Путиндин башкаруу доору бүткөнүнүн символикалык белгиси болуп каларын айткан.

"Биз Орусия Путиндин тушунда кандай жол менен баратканын көрүп турабыз: 24 жыл мурда "Курск" кемесинин кыйрашы анын башкаруусунун символикалык башталышы болсо, азыр эми эмне менен бүтүп жатканы көрүнүп турат. Бул дагы Курск", - деген украин президенти.

Кийин Зеленский Курск облусундагы ээленген аймактар Орусия ээлеп алган украин аймактарына айырбаштоо үчүн колдонуларын айткан.

Ал эми 14-мартта украин президенти армиясынын Курскидеги милдети Орусияны өз аскерлерин Покровск, Харьков жана Сумы багытынан чыгарып кетүүгө мажбурлоо болгонун, бул максат ишке ашканын журналисттерге билдирди.

"Мен операция ийгиликтүү ишке ашты деп эсептейм", - деди Зеленский.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын лидери Дональд Трамп Курск облусунда көп украин аскерлери курчоодо калганын айтып жатышат.

Украина мындай маалыматты четке кагууда. Согушту иликтеген журналисттер да украин аскерлери Орусиянын аймагында курчоодо турганы тууралуу билдирүүлөрдү ырасташкан жок.

Украиналык Deepstate долбоорунун маалыматына караганда, Украина Орусиянын бир нече кыштагына көзөмөл кылууну улантууда. Москва да украин аскерлери ээлеп алган ошол кыштактар бошотулганы тууралуу маалымдай элек.

12:08 15.3.2025

АКШнын президенти Дональд Трамп 13-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин менен «жакшы жана жемиштүү» сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтты. Америкалык лидер TruthSocial социалдык тармагына “кан төгүү токтойт деген жакшы мүмкүнчүлүк пайда болду” деп жазды.

«Ушул учурда миңдеген украиналык аскер орус армиясынын курчоосунда, өтө кооптуу шартта калды. Мен президент Путинден аларга ырайым кылууну, өмүрлөрүн сактоону өтүндүм”, - деп кошумчалады Трамп.

Бирок президенттердин жеке сүйлөшүүсү же Путиндин АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен кездешүүсү тууралуу кеп болуудабы жогорудагы посттон түшүнүксүз.

Кремль мамлекет башчылардын жеке сүйлөшүүсү тууралуу азырынча кабарлаган эмес.

Путин бейшембинин кечинде Уиткофф менен жолукканын орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген.

Анын айтымында, орус тарапка кошумча маалымат берилип, Путин чабарман аркылуу АКШ президенти Дональд Трампка маалымат жана кошумча ишараттарды жөнөттү. Анын бул сөздөрүн РБК агенттиги келтирди.

Уиткофф АКШнын Украинада ок атууну убактылуу токтотуу сунушу менен тааныштырмак. Мунун алдында Киев 30 күндүк убактылуу жарашууга көнгөн.

13-мартта Путин түз эфирде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Украинадагы согушту, анын ичинде ок атышууну бир айга токтотууга даяр экенин билдирип, бир катар шарттарды койгон. Ал АКШнын жана Киевдин демилгесине бир топ суроолору бар экенин белгилеген.

Путин муну америкалык өнөктөштөрү менен талкууларын, "Трамп менен телефондон сүйлөшө турганын" кошумчалаган.

12-мартта Киев Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШнын планын колдогондон кийин Трамп эгер Москва Киев менен келишимге барбаса Вашингтон "Орусия үчүн кыйраткыч" аракеттерге барууга мажбур болорун эскерткен.

12:46 14.3.2025

Орусиянын борбору Москва шаары жана Подмосковье аймагы бул аптада экинчи ирет учкучсуз учактардын жана дрондордун чабуулуна кабылды. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Москванын мэри Сергей Собянин 14-мартта маалымдагандай, абадан коргонуу күчтөрү борбор калаага учуп келе жаткан төрт дронду атып түшүргөн.

ASTRA Телеграм каналы жана башка күбөлөр Түштүк Битца конушунун аймагында жарылуу болгонун кабарлашты, жарылуу тасмага түшүп калган.

Жарылуулар Балашихада да болгон, жергиликтүү тургундар дрондукуна окшогон сыныктарды табышкан.

Москвада көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырында өрт чыкканы кабарланды.

Мурдараак Внуково аэропорту учактардын учуп-конуусуна убактылуу чектөө киргизгени маалымдалган.

Москва шаарына жана Москва облусуна учкучсуз учактардын чабуулу 11-мартта да болгон. 90дон ашуун дрон бута алган Подмосковьеде үч адам набыт болгон. Ал түнү аймакка жалпы 300дөй учкучсуз учак чабуул койгону кабарланган.

Чабуул тууралуу Украина комментарий бере элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG