Киев бийлиги жекшембиге караган түнү орусиялык “Шахед” дрондорунун соккусунан эки киши каза болгонун билдирди.
Шаардын мэри Виталий Кличко соккулардан кеминде жети адам жарааталганын кабарлаган.
Дрон чабуулунан Киевде бир нече турак жайларда өрт чыгып, зыян келтирилди.
Орусия Украинага соккуларын улантууда. 22-мартка караган түнү борбор калаа Киев жапырт дрон чабуулуна кабылганын "Азаттыктын" украин кызматы билдирди. Жалпысынан 52 учкучсуз учак колдонулганын Киев шаардык аскердик администрациясы кабарлады.
Абадан чабуул коюлушу ыктымал экени тууралуу эскертүү 3,5 саат уланганы, 52 согуштук дрондун 36сын абадан коргонуу системалары жок кылганы маалымдалды.
Көп кабаттуу үйлөрдүн бирине дрондун сыныгы түшүп, өрт чыкканы, адамдардан эч ким жабыркабаганы айтылды.
Ал эми Запорожье аймагында Орусиянын соккусуна кабылган жерде куткаруу-издөө иштери аяктады. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, 21-марттагы чабуулдан кийин үч кишинин өмүрү кыйылды, 12 киши жараат алды.
Жабыркагандар арасында ымыркай бар экени кабарланды.
Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп келатканына үч жыл болду. Москва коңшусуна кол салганы, жайкын тургундарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагууда.
Украина Орусиянын колуна туткунга түшүп калган жарандарынын арасынан жалпысынан 4306сын кайтарып алууга жетишти. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский билдирди.
Ал согуш туткундарынын баарын мекенине кайтаруу иши уланып жатканын, атайын түзүлгөн Координациялык штаб бар экенин айтты.
АКШ президенти Дональд Трамп Украина боюнча ок атышпоо тууралуу келишим талкууланып жатканын кабарлап, анын алкагында “жер бөлүштүрүү” маселеси дагы ортого салынганын айтты. Бул тууралуу Трамп Ак үйдөгү басма сөз-брифинг учурунда билдирди.
“Жакын арада (Украинада) ок атышууну толук токтотууга жетишебиз деп үмүттөнөм, андан кийин келишим түзөбүз... Келишим азыр талкууланып жатат, ага аймактарды бөлүү жана башкалар кирет”, - деди Трамп.
Буга чейин АКШ президенти Украинада согушту токтотууга байланыштуу “тынчтык келишиминин бир канча элементтери” макулдашылганын жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен “жер жана электр станцияларды” талкуулай турганын айткан.
Орусиялык “Коммерсант” басылмасынын кабарчысы Андрей Колесниковдун жазганына караганда, Орусиянын өнөр жай жана ишкерлер бирлигинин жабык жыйынында Путин "сүйлөшүүлөрдө буга чейин өзүнүн карамагына алган Крым, Севастополь, Луганск, Донецк республикаларын, Херсон жана Запарожье облустарын Орусиянын аймагы деп таануу туралуу сөз болуп жатканын" билдирген. Колесниковдун булактарынын айтымында, мындай жагдайда Москва “Одесса жана жана азыр Украинага таандык болгон башка аймактарга доомат койбойт”.
21-мартта Трамптын администрациясы Орусияга каршы санкцияларды көзөмөлдөгөн эл аралык топторго катышууну азайтканы белгилүү болгон. Бул тууралуу Bloomberg бир катар европалык чиновниктерге шилтеме берүү менен билдирген.
Ошондой эле 28-мартта Йель университетинин Орусиянын Украинадагы согуш кылмыштары боюнча далилдерди чогултууда негизги роль ойногон бөлүмү жабыла турганы кабарланган.
23-мартта Украинадагы ок атышууну токтотуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы Жидда шаарында (Сауд Арабиясы) өтөт. Америка президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф эгер Украинада ок атышпоо келишими түзүлсө, Орусияга каршы санкциялар жеңилдей турганын айткан.
Bloomberg агенттиги Путин АКШ президентинин атайын чабарманы менен жолугушууда согушту токтотуунун шарты катары Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтотууну атаганын кабарлаган.