Орусиянын армиясы 25-мартка караган түнү Украинанын Киев, Сумы жана Запорожье облустарына сокку урду.
Запорожье облусунда жабыркагандар бар экенин жергиликтүү бийлик билдирди.
Облус губернатору Иван Федоровдун айтымында, "Шахед" дрону жеке турак үйгө тийип, эки киши жараат алды.
Киев облусунда учкучсуз аппараттардын соккусунан Фастов жана Борисполь райондорундагы кампаларда өрт тутанды. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик башкармалыгы билдирди.
Сумы облусундагы кыштактардын биринде дрон соккусунан бир үй өрттөнүп кеткен.
Херсондо дрон чабуулунан бир адам жаракат алды. Облустук аскердик администрациянын маалыматы боюнча, 19 жаштагы жигит ооруканага жеткирилди.
Полтава облусунда дрондордун соккусунан эки адам жабыркады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Владимир Когуттун айтымында, Миргород районундагы ишкана бутага алынган. Жабыркагандардын бири ооруканага жаткырылды.
24-мартта Сауд Арабиясында Орусия менен АКШ делегацияларынын Украинадагы согушту жайгаруу боюнча жолугушуусу өткөн. 12 саатка созулган ал сүйлөшүүлөрдө кандай чечимдер кабыл алынганы азырынча белгисиз. Эки тараптын жолугушуусу аяктай электе орус армиясы Украинанын Сумы шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү бутага алып, абадан чабуул койгон. 100гө жакын киши жабыркап, бир топ үйлөр суусуз, электр жарыксыз калган.
Киев бийлиги жекшембиге караган түнү орусиялык “Шахед” дрондорунун соккусунан эки киши каза болгонун билдирди.
Шаардын мэри Виталий Кличко соккулардан кеминде жети адам жарааталганын кабарлаган.
Дрон чабуулунан Киевде бир нече турак жайларда өрт чыгып, зыян келтирилди.
Орусия Украинага соккуларын улантууда. 22-мартка караган түнү борбор калаа Киев жапырт дрон чабуулуна кабылганын "Азаттыктын" украин кызматы билдирди. Жалпысынан 52 учкучсуз учак колдонулганын Киев шаардык аскердик администрациясы кабарлады.
Абадан чабуул коюлушу ыктымал экени тууралуу эскертүү 3,5 саат уланганы, 52 согуштук дрондун 36сын абадан коргонуу системалары жок кылганы маалымдалды.
Көп кабаттуу үйлөрдүн бирине дрондун сыныгы түшүп, өрт чыкканы, адамдардан эч ким жабыркабаганы айтылды.
Ал эми Запорожье аймагында Орусиянын соккусуна кабылган жерде куткаруу-издөө иштери аяктады. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, 21-марттагы чабуулдан кийин үч кишинин өмүрү кыйылды, 12 киши жараат алды.
Жабыркагандар арасында ымыркай бар экени кабарланды.
Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп келатканына үч жыл болду. Москва коңшусуна кол салганы, жайкын тургундарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагууда.
Украина Орусиянын колуна туткунга түшүп калган жарандарынын арасынан жалпысынан 4306сын кайтарып алууга жетишти. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский билдирди.
Ал согуш туткундарынын баарын мекенине кайтаруу иши уланып жатканын, атайын түзүлгөн Координациялык штаб бар экенин айтты.