Киев АКШдан кен байлыктар боюнча келишимдин жаңы вариантын алганын 29-мартта "Азаттыктын" украин редакциясы жазды. АКШ документти Украинанын вице-премьери Юлия Свириденкодон берип жиберген.
Украин президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, Свириденко келишимдин жаңы вариантын “такыр башка документ” деп мүнөздөдү.
"Ал жерде талкууланбаган көп нерселер бар, ошондой эле тараптар буга чейин четке кагып койгон нерселер да пайда болду", - деген Свириденко.
Зеленский Киев өзүн карыздар деп эсептебей турганын билдирди.
Анын “Биз колдоо үчүн ыраазыбыз, бирок бул насыя эмес, биз ага жол бербейбиз” деген сөзүн УНИАН агенттиги жазды.
Мурдараак Financial Times жана Bloomberg АКШ менен Украинанын ортосундагы пайдалуу кендер боюнча жаңы келишимдин долбоорунун чоо-жайын жарыялаган. Бул документте Вашингтон Украинанын бардык жаратылыш ресурстарын, анын ичинде газ жана мунай, ошондой эле пайдалуу кендерди иштетүүгө байланышкан бардык инфраструктурасын камтыган.
АКШ бул келишим аркылуу Украина бардык акчаны кайтарып бермейинче инвестицияларынын баарын өзү көзөмөлдөгүсү жана ошол инвестициялык каражаттан түшкөн кирешени биринчи өзү алгысы келет.
Макулдашуунун мурдагы версиясында Зеленский талап кылган коопсуздук кепилдиктери камтылган эмес.
Ал долбоорго ылайык, украин өкмөтү мамлекетке таандык жаратылыш ресурстарын сатуу аркылуу түшкөн кирешенин 50 пайызын АКШ-Украина башкарган кайра куруу инвестициялык фондуна бөлүүгө милдеттендирилмек.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп жакын арада Киев менен Вашингтон сейрек кездешүүчү минералдар жана табигый ресурстар боюнча келишимге кол коёрун 20-мартта билдирген.
Трамп Ак үйдө журналисттерге курган маегинде Украинадагы тынчтык келишимине жетишүү боюнча аракеттер "жакшы жүрүп жатканын" айткан.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 28-мартка караган түнү Полтава облусу Орусиянын жапырт дрон чабуулуна кабылганын билдирди.
"Орусиялык баскынчылар кезектеги согуш кылмышын ишке ашырышты. Алар Shahed согуштук дрондору менен жапырт чабуул жасашты" деген мекеме соккуга жарандык инфраструктура, жайкын тургундар жашаган жерлер, административдик имараттар жана мунай-газ өнөр жай ишканалары кабылганын маалымдады.
Орус армиясынын учкучсуз учактары Украинанын Николаев облусунун Вознесенск шаарын, Одесса калаасын да аткылаганын, айрым жерлерде жарылуу болгонун, Сумы облусуна башкарылуучу бомбалар ыргытылганын жергиликтүү бийлик кабарлады.
Жапырт дрон чабуулуна кабылганын 28-мартта Орусия да билдирди. Бийликчил Телеграм- каналдар бир апта мурда сокку болгон Энгельс шаарындагы стратегиялык авиация базасы кайрадан бутага алынганын кабарлап, бул үчүн украин тарапты айыптоодо. Кандайдыр бир жабыркоо тууралуу азырынча маалымдала элек.
20-мартта Энгельс учкучсуз учактардын жапырт чабуулуна туш болгон, жергиликтүү бийлик муну согуш башталгандан берки эң чоң сокку деп атаган. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы ошол күнкү соккудан Орусия украин аймактарына чабуул коюу үчүн колдонуп жаткан канаттуу ракеталарынын запасы жок кылынганын билдирген.
30дан ашуун өлкөнүн лидерлери Парижде Украинага согушта жана дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө жардам көрсөтүүнү талкуулашты. Алар жаңы жардам көрсөтүүнү убада кылып, Европанын бейпилдик күчтөрүн Украинага жайгаштыруу боюнча сунуштарды карады.
27-мартта өткөн "Каалоочулардын коалициясы" саммитинен кийин Франциянын президенти Эммануэл Макрон Украинага колдоо мурдагыдан да күчтүү экенин белгиледи. Ал Орусия убакытты созуп, жаңы жерлерди басып алууну көздөп жатканын жана бул аракетке каршы туруу зарылдыгын айтты.
"Биздин максат – тынчтыкка жетишүү. Бул үчүн Украина мүмкүн болушунча күчтүү болушу керек," – деди Макрон жыйындан кийин.
Саммиттен соң коалицияга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерине Европанын бейпилдик күчтөрүн Украинага жайгаштырууга байланыштуу укуктук маселелерди талдоо тапшырылды. Алар үч жума ичинде өз бүтүмдөрүн билдириши керек.
"Украинада көп өлкөлөрдөн турган коопсуздук күчтөрү жайгаштырылат," – деди Макрон. Бирок бул күчтөр согушка аралашпастыгын кошумчалады.
Жыйындын алдында эле Париж Украинага эки миллиард евролук жаңы аскердик жардам бөлөрүн жарыялаган. Андан сырткары, Европа лидерлери Орусияга салынган санкцияларды күчөтүүнү макулдашты.
Соңку күндөрү Сауд Арабиясында АКШ Москва жана Киев менен өз алдынча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Кара деңизде энергетикалык объектилерге сокку урууну токтотуу боюнча макулдашуу жетишилген. Бирок Москва санкцияларды жумшартуу талабын коюп жатат.
Макрон Орусиянын "тынчтыкка умтулуу ниети жок" экенин айтып, 30 күндүк ок атышууну токтотуу жараянын эч кандай шарт койбостон кабыл алуусу керек экенин билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-мартта Парижде өтө турган "Ыктыярчылардын коалициясы" деп аталган коргоо багытындагы саммитке катышат. Анын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал Сауд Арабиясындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында энергетикалык объектилерге соккуларды жана Кара деңиздеги ок атышууну токтотуу боюнча кабыл алынган милдеттенмелер боюнча чараларды иштеп чыгуу тууралуу келишимге жетишилгенин билдирди.
Анткен менен Орусия бул келишимди аткаруу үчүн санкцияларды жеңилдетүү сыяктуу бир катар шарттарды талап кылууда.
"Биз чыдамкайлыгыбызды көрсөттүк. Эми биздин өнөктөштөр да жок дегенде биздей чыдамкай болушу абдан маанилүү, анткени алардын мүмкүнчүлүктөрү бизден көп", – деди Зеленский.
АКШнын Украинадагы согушту токтотуу үчүн жүргүзүп жаткан активдүү дипломатиялык аракеттерине Европа лидерлери да аралашуу ниетин билдирип келишет. Буга чейин аларды Москва, Киев жана Вашингтон катышкан сүйлөшүүлөргө чакырышкан эмес.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон 27-марттагы сүйлөшүүлөрдө Европанын бейпилдик күчтөрүн түзүү маселеси талкууланарын айтты.
Бирок ал бул күчтөр согушка түз аралашпастыгын жана ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө же аткаруу милдети аларга жүктөлбөй турганын баса белгиледи. Макрон кошумчалагандай, бул милдетти Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тынчтык орнотуу күчтөрү өзүнө алышы мүмкүн.
Макрондун айтымында, Европанын бейпилдик күчтөрү Украина ичинде жайгаштырылып, Орусияны аскердик аракеттерин ооздуктоо жана украин аскерлерин машыктыруу менен аларга колдоо көрсөтүү милдетин аткарышы ыктымал.
Бул демилге ишке ашабы же жокпу, азырынча белгисиз.