Харьковдо Орусиянын дрон чабуулунан жараат алгандар 35ке жетти, эки киши каза тапты
Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов ишембинин түнүндөгү чабуулда "Шахед" дрондору колдонулганын билдирди.
Анын айтымында, жети дрон эл жашаган үйлөргө, ооруканага жана инфраструктурага тийген. Жараат алгандардын арасында беш бала бар, 13 киши ооруканада, алардын бири - секелек кыздын абалы оор экенин жазды Терехов Телеграмга.
"Дрон аскердик госпиталга тийген, азыр шаар эли дарыгерлер биздин жараат алган мекен коргоочуларыбызды кароосуз калтырбашы үчүн жапатырмак калыбына келтирүү ишин улантып жатат", — деди Терехов.
Украинанын Аскер күчтөрүнүн Башкы штабы буга чейин орусиялык дрондор госпиталды бутага алганын кабарлаган.
Мындан тышкары миңдеген терезелер талкаланап, базар, нике каттоо мекемеси, Долбоорлоо үйү, коллеж, жатакана зыян тартканын, ондогон машине жана гараждар күйүп кеткени кабарланды.
Орусиянын Белгород облусунун губернатору Украина менен чектеш райондо дрон чабуулунан бир киши жараат алганын билдирди.
Губернатор Вячеслав Гладковдун айтымында, жараат алган киши Грайворонск аймагынын коопсуздук кеңешинин катчысы.
Аталган аймактагы Украина менен чектешкен Иванов Лисица айылында дрон жеке турак жайга түшкөн.
Украина мындай билдирүүгө комментарий бере элек.
Украинанын Харьков облусунун прокуратурасы Орусиянын дрон чабуулунан жараат алгандар 30га жеткенин билдирди.
Ишембинин кечиндеги соккуда жараат алган 15 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда.
Буга чейин чабуулда эки киши каза тапканы кабарланган.
Орусиянын армиясы Украинанын Днепр аймагына учкучсуз учактар менен чабуул койгонун Днепропетровск облусунун губернатору Сергей Лысак 29-мартта билдирди. Анын айтканына караганда, шаарда жарылуулар катталып, өрт чыкты. Турак үйлөр зыян тартты.
Жергиликтүү маалымат каражаттары Bartolomeo ресто-мейманканасы соккуга кабылганын жазып, көп кабаттуу үй жана жер там күйүп жатканы тартылган видеону жарыялашты.
Днепрдин мэри Борис Филатов ресторан зыян тартканын ырастап, анын сүрөтүн, видеосун жарыялабоого чакырды.
Орусиянын Коргоо министрлиги Днепрге жасалган чабуул тууралуу комментарий бере элек.
Соңку маалымат боюнча, Днепрде 29-мартка караган түнкү чабуулдан кеминде төрт кишинин өмүрү кыйылды, дагы кеминде 21 киши жараат алды.