Украинанын Кривой Рог шаары 5-апрелге караган түнү адегенде ракеталык аткылоого, андан кийин согуштук дрондордун чабуулуна кабылды. Ракеталык соккудан кеминде 18 адам, учкучсуз учактардын аткылоосунан дагы бир адамдын өмүрү кыйылганы, каза болгондордун жарымы балдар экени кабарланды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 4-апрелдин кечинде Кривой Рог шаары Орусиянын ракеталык чабуулуна кабылганын, калк жашаган районго тийген соккудан кеминде 18 адамдын өмүрү кыйылганын, алардын жарымы балдар экенин билдирди.
Өлкөнүн өнөр жай тармагынын көптөгөн ишканалары жайгашкан бул ири шаар Зеленскийдин кичи мекени.
Бул Днепропетров облусуна жасалган быйылкы жылдагы эң оор, адамдар эң көп каза тапкан сокку болгонун, куткаруу, тазалоо иштери уланып жатканын аймактын губернатору Сергей Лысак билдирди.
Украинанын ички иштер министри Игорь Клименконун айтымында, кеминде 50дөн ашуун адам жараат алды. Көп кабаттуу үйлөр жайгашкан кварталга жасалган ракеталык соккудан жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени, медициналык жардам сурап кайрылгандар улам чыгып жатканы маалымдалды.
Лысак билдиргендей, чабуул жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:50дө башталды, жыйырма чакты көп кабаттуу үй, 30дан ашуун автомашина, мектептер, ресторандар жана башка жайлар зыян тартты.
Ага чейинки түнү өлкөнүн чыгыш тилкесинде жайгашкан Харьков шаары учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганы кабарланган. Анын кесепетинен кеминде беш жайкын тургундун өмүрү үзүлгөн, 30дай киши жараат алган. Набыт кеткендердин арасында бүтүндөй бир үй-бүлө бар экени маалымдалган.
Кривой Рог шаарындагы соңку абал түшүрүлгөн сүрөттөрдөн жерде, балдар аянтчасынын жанында каза болуп жаткан адамдардын сөөгүн, терезелери талкаланган үйлөрдү көрүүгө болот.
"Муну бүт дүйнө көрүп турат. Ар бир ракета, ар бир учкучсуз учурулган учак Орусия согушту гана каалай турганын далилдеп жатат", — деп жазды Зеленский Telegram каналына.
Куткаруу операциясы уланып жатканын айткан украин президенти кезектеги кечки видео кайрылуусунда "Орусиянын кандай гана убадасы болбосун, анын баары ракета, согуштук дрон, бомба же артиллерия менен аяктайт. Дипломатия алар үчүн эч нерсеге татыбайт" деп жазды.
Ракеталык соккудан кийин Кривой Рог дрон чабуулуна кабылды. Шаар бийлигинин 5-апрелдеги соңку маалыматына караганда, үйлөр, унаа каражаттары, трамвай жолдору, балдар аянтчалары жарактан чыкты. Жараат алгандар жети, каза болгон бир киши.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагына урган ракеталык соккунун максаты аталган шаарда жүрүп жаткан украиналык "аскердик аткаминерлердин жолугушуусу" болгонун билдирди. Мекеме чабуул "жогорку тактык менен жасалганын", шаардагы ресторандардын биринде чогулган "аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин батыш инструкторлору менен жолугушуусу" бутага алынганын маалымдады.
"Соккунун натыйжасында душмандын жалпы жоготуусу 85 аскер кызматкерин жана чет өлкөлүк офицерлерди, 20 даана техниканы түздү", — деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлиги.
Тараптардын билдирүүлөрүн көз каранды эмес булактардан тактоо азырынча мүмкүн эмес.
Зеленский өз сөзүндө Орусия Украинанын түштүгүндөгү Херсон аймагын да бутага алганын, негизинен энергетика объектилери зыянга учураганын билдирди. Өткөн айда АКШнын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдө Украина да, Орусия да бири-биринин энергетика тармагына сокку урбоону убада кылышкан.
АКШ президенти Дональд Трамп быйыл жыл башында кызматына расмий киришкенден бери Украинадагы согушту токтотууну тышкы саясатындагы негизги багыттардын бири кылууда. Бир нече күн мурда ал эгер орус президенти Владимир Путин тынчтыкты орнотууга бут тосо турган болсо орусиялык мунайдын импортуна санкция киргизерин айткан.
4-апрелге караган түнү Украинанын Киев жана Харьков облустары Орусиянын чабуулуна туш болду.
Харьковдо дрон соккусунан улам көп кабаттуу үй кыйрап, кеминде төрт адам каза болгонун, 35 адам жабыркаганын шаардын мэри Игорь Терехов билдирди.
Киев облусунда дрон сыныктары автосалонго тийип, 20дан ашык автоунаа зыянга учурады. Эки адам ооруканага жеткирилгенин Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы маалымдады.
Өткөн түнү дрон чабуулуна Киев облусунан тышкары Днепр аймагы, Запорожье облусу да кабылды. Днепрде үч адам жабыркап, турак үйдө жана административдик мекемеде өрт тутанды. Киевде эки адам, Запорожьеде бир адам жабыркаганы кабарланды.
Жалпысынан, Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, орус аскерлери 4-апрелге караган түнү өлкөнүн аймагына 78 дрон учуруп, Украина анын 42син атып түшүрүүгө жетишкен.
Украин бийлиги, өнөктөштөрү жана эл аралык уюмдар Орусиянын соккуларын согуш кылмышы, атайын жасалган аракет деп баалап жатышат.
Дрон соккусуна кабылганын Орусия да билдирди. 4-апрелге караган түнү 107 дрон атып түшүрүлгөнүн өлкөнүн Коргоо министрлиги маалымдады. 34 дрон Курск облусунун үстүнөн, 30у Орел облусунун үстүнөн атып түшүрүлгөн.
Брянск облусунун губернатору Александр Богомаздын айтымында, чабуулдан улам Белая Березка айылынын тургуну каза болуп, дагы бир адам ооруканага жеткирилди.
Москва облусуна болгон дрон чабуулунан улам Домодедово, Жуковский жана Внуково аэропортторунда учактардын учуп-конушуна чектөө киргизилди.
Украина Орусиянын аймагына болгон чабуулдар тууралуу комментарий берген жок.
Орусиянын соңку соккуларынан Украинанын Донецк облусунда үч райондогу калктуу пункттар жабыркаганын 3-апрелде облустук аскердик администрация башчысы Вадим Филашкин билдирди. Анын айтымында, кеминде бир адамдын өмүрү кыйылды, жети адам жараат алды, үйлөр, административдик имараттар зыян тартты.
Облустун фронт тилкесине жакын айыл-кыштактарынан 175 адам эвакуацияланды, анын 29у балдар.
Ал эми Херсон облусунда орус аскерлеринин аткылоосуна 25 калктуу пункт кабылганын губернатор Александр Прокудин айтты. Анын билдиришинче, калктын жашоосун камсыздоочу негизги инфраструктура жабыркады, төрт киши жараат алды, айрым үйлөр талкаланды.
Николаев жана Запорожье облустарынын башчылары да аймактары Орусиянын чабуулуна кабылганын маалымдашты.
Днепропетров облусунда Кривой Рог шаарына 2-апрелде жасалган чабуулдан каза болгондор саны төрткө, жараат алгандар 17ге жеткени, ал эми Харьков облусунун административдик борбору Харьков шаарында беш киши жараат алганы кабарланды.
3-апрелде украин президенти Владимир Зеленский Чернигов облусуна барды. Ал аталган аймактагы элге колдоо көрсөтүү, орус аскерлеринин мыкаачылыгынын курмандыгы болгон адамдарды эскерүү үчүн барганын Телеграм каналына жазды.
Кечээ Зеленский Днепропетров аймагына барып, майданда жараат алган аскерлерден кабар алган.
Украинанын Аба күчтөрүнүн командачылыгы маалымдагандай, 3-апрелге караган түнү жалпысынан Орусия Shahed дрондорунан 39ду учурду, анын 28и атып түшүрүлдү.