Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:05
Patriot системалары. Архив сүрөт.
Patriot системалары. Архив сүрөт.

Patriot боюнча акыркы чечим. Зеленский Трамптан ракета жасоо лицензиясына макулдук алганын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:47 19.6.2025

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушту жөнгө салуунун "жолун" табууга жана украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен ыктымал жолугушууга даярдыгын билдирди.

Муну менен катар ал олуттуу чегинүүгө баруу даярдыгын ишарат кылган жок жана Зеленскийди Москвада легитимсиз деп эсептешерин кайталады.

Шаршембинин кечинде Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда журналисттердин суроолоруна жооп бергенде орус президенти "азыркы жаңжалга гана чекит койбостон", келечекте да мындай кырдаалдын "пайда болушун алдын алуучу чечимдерди кабыл алуу керектигин"айтты.

Путин мындай билдирүүнү Киевде апта башында урулган соккудан каза тапкандар 28 кишиге жеткен, жарадарлар 150дөн ашкан маалда жасады. 17-июнга караган түнү коюлган чабуулдан турак жайдын бир подъезди урап калган.

Associated Press агенттигинин кабарчысы буга байланыштуу суроо бергенде, Путин бутага аскердик заводдор алынганын, мындай чабуулдар уланарын, себеби башкы максат “Украинанын демилитаризациясы” экенин айтты. Москва, көптөгөн далилдерге карабай согуштун башынан бери карапайым элди аткылабаганын айтууда.

Орус президенти 22-июндан кийин Киев менен сүйлөшүүлөрдү жандандыруу тууралуу кеңешүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Зеленский баш калаага урулган соккуну “ачыктан-ачык терроризм” деп атап, ал үчүн Путинди айпытаган.

Орусия басып киргенден бери Украинада, БУУнун маалыматына караганда, 13 миңден ашуун карапайым кишинин өмүрү кыйылды. Алардын көбү орус аскерлеринин ракета жана дрон чабуулдарынан каза тапкан. Өлкөнүн расмий өкүлдөрү жайкын украиндер арасындагы жоготуулар мындан көп деп айтышат.

13:56 19.6.2025

17-июнга караган түнү урулган соккудан Киевде 14 адам каза таап, 114ү жабыркады. Одессагы орусиялык дрондор чабуул койду. Бирөө каза таап, калгандары уранды астынан изделүүдө.

Киев: Чабуул, кайгы жана аза

17-июндун таңы. Киевдин тургуну орусиялык чабуулдан кийин кыйраган үйдү карап турат. <br>
1/9 17-июндун таңы. Киевдин тургуну орусиялык чабуулдан кийин кыйраган үйдү карап турат.
17-июнга караган түнү урулган соккудан Киевде 14 адам каза таап, 150дөн ашык киши жабыркады. Одессага дагы орусиялык дрондор чабуул койду. Кеминде бир киши каза таап, калгандары уранды астынан изделүүдө.
Толук көрсөт Кыскарт
Киевдин Соломен районуна тийген ракетадан бир үйдүн подъезди толук кыйрады. <br>
2/9 Киевдин Соломен районуна тийген ракетадан бир үйдүн подъезди толук кыйрады.
17-июнга караган түнү урулган соккудан Киевде 14 адам каза таап, 150дөн ашык киши жабыркады. Одессага дагы орусиялык дрондор чабуул койду. Кеминде бир киши каза таап, калгандары уранды астынан изделүүдө.
Толук көрсөт Кыскарт
Кыйраган үйдүн урандысы.
3/9 Кыйраган үйдүн урандысы.
17-июнга караган түнү урулган соккудан Киевде 14 адам каза таап, 150дөн ашык киши жабыркады. Одессага дагы орусиялык дрондор чабуул койду. Кеминде бир киши каза таап, калгандары уранды астынан изделүүдө.
Толук көрсөт Кыскарт
Куткаруучулар уранды астынан адамдарды алып чыгууда.
4/9 Куткаруучулар уранды астынан адамдарды алып чыгууда.
17-июнга караган түнү урулган соккудан Киевде 14 адам каза таап, 150дөн ашык киши жабыркады. Одессага дагы орусиялык дрондор чабуул койду. Кеминде бир киши каза таап, калгандары уранды астынан изделүүдө.
Толук көрсөт Кыскарт
Киевдин бул жашоочусу чабуулдан аман калды.
5/9 Киевдин бул жашоочусу чабуулдан аман калды.
17-июнга караган түнү урулган соккудан Киевде 14 адам каза таап, 150дөн ашык киши жабыркады. Одессага дагы орусиялык дрондор чабуул койду. Кеминде бир киши каза таап, калгандары уранды астынан изделүүдө.
Толук көрсөт Кыскарт
Уранды астынан адамдарды издеген куткаруучу.
6/9 Уранды астынан адамдарды издеген куткаруучу.
17-июнга караган түнү урулган соккудан Киевде 14 адам каза таап, 150дөн ашык киши жабыркады. Одессага дагы орусиялык дрондор чабуул койду. Кеминде бир киши каза таап, калгандары уранды астынан изделүүдө.
Толук көрсөт Кыскарт
Ракета тийген үйдүн жанындагы күйүп кеткен машине.
7/9 Ракета тийген үйдүн жанындагы күйүп кеткен машине.
17-июнга караган түнү урулган соккудан Киевде 14 адам каза таап, 150дөн ашык киши жабыркады. Одессага дагы орусиялык дрондор чабуул койду. Кеминде бир киши каза таап, калгандары уранды астынан изделүүдө.
Толук көрсөт Кыскарт
Түндөгү чабуулдан кийин тутанган өрт.
8/9 Түндөгү чабуулдан кийин тутанган өрт.
17-июнга караган түнү урулган соккудан Киевде 14 адам каза таап, 150дөн ашык киши жабыркады. Одессага дагы орусиялык дрондор чабуул койду. Кеминде бир киши каза таап, калгандары уранды астынан изделүүдө.
Толук көрсөт Кыскарт
Чабуул учурунда баш калка издеген киевдиктер.
9/9 Чабуул учурунда баш калка издеген киевдиктер.
17-июнга караган түнү урулган соккудан Киевде 14 адам каза таап, 150дөн ашык киши жабыркады. Одессага дагы орусиялык дрондор чабуул койду. Кеминде бир киши каза таап, калгандары уранды астынан изделүүдө.
Толук көрсөт Кыскарт
Артка
Алдыга
15:50 18.6.2025

17-июнга караган түнү болгон Орусиянын ракеталык соккусунан Киевде каза тапкандар саны 23кө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы 18-июнда кабарлады.

Киевдин Соломенка районундагы көп кабаттуу үйдүн урандыларынын арасынан куткаруучулар дагы жети адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул маалымат жарыялангандан кийин дагы эки адамдын сөөгү табылганы белгилүү болду.

Чабуулдан жараат алгандар 134 адам.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат тараткан маалыматта дайынсыздарды издөө уланып жатканын айтылат:

"Бизде каза тапкандар боюнча так сан жок. Шаар бийлиги айрым адамдар байланышка чыкпай жатканын маалымдаган. Бизге белгилүү болгону 35 батир толугу менен талкаланды. Издөө жана тазалоо иштери уланууда".

18-июнь Украинанын борбору Киев шаарында Аза күтүү күнү деп жарыяланган.

17-июнга караган түнү украин баш калаасы Орусиянын жапырт аткылоосуна кабылган. Киевде чабуулга турак үй туш болуп, анын бир бөлүгү толук урап түштү. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чабуулду "Киевге жасалган эң катуу соккулардын бири" деп атады.

Анын айтымында, баш калаанын бир нече районуна 27 жерден сокку урулган.

Украина Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия 18-июнга караган түнү өлкө аймагына 58 дрон менен чабуул койду.

Аскердик командачылык алардын ичинен 30 дрон атып түшүрүлгөнүн же өз алдынча кулаганын билдирди.

Москва далилдерге карабастан Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык объектилерин талкалап жатканын четке кагып келет.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт.

12:09 17.6.2025

“Свобода” радиосунун украин кызматы билдиргендей, Киевге урулган дрон соккусунан кеминде 16 киши каза болду. Калаа мэри Виталий Кличко набыт болгондордун бири АКШ жараны экенин, 55 киши жараат алганын билдирди.

Украинанын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, дрон чабуулдары кеминде Киевдин ар кайсы районундагы 27 жерге урулуп, турак үйлөр, билим берүү мекемелери жана башка имараттар зыян тарткан.

Одессада Орусиянын дрон чабуулунан ондон ашык киши жараат алды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы бул соккулардан “олуттуу зыян” болгонун билдирди.


Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG