Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:32
Украина.
Украина.

Запорожьеде Орусиянын соккусунан жайкын тургундар жабыркады

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:37 21.12.2025

Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери орус соттору мамлекеттик чыккынчылык жана тыңчылыкка байланыштуу миңден ашуун өкүм чыгарды.

Анын 468и 2025-жылга туура келет. Бул 1997-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. 1997-жылдын башынан тартып 2022-жылдын 24-февралына чейинки аралыкта мындай айыптар менен 196 чечим чыккан.

Бул маалыматтар көз карандысыз Parubets Analytics ассоциациясынын "Первый отдел" укук коргоо долбоорунун буйрутмасы менен жүргүзгөн иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөдө согуш башталгандан бери Орусияда мамлекеттик чыккынчылык, тыңчылык жана жашыруун кызматташуу тууралуу беренелер саясий репрессиянын негизги куралына айланганы белгиленген.

Ушул жылдын 10-декабрына карата тыңчылыкка айыпталгандардын жалпы саны кеминде 1627 киши. Анын 564үндө Украинанын жарандыгы бар.

Быйыл тыңчылыкка айыпталып 468 киши соттолгон. Кеминде 420 иш тергөөдө, 179 адамга карата козголгон кылмыш иштер боюнча материалдар сотко түштү. Бул иштер боюнча актоо өкүмдөрү чыккан эмес, айыпталган төрт киши өмүр бою кесилген, алтоо мажбурланып психиатриялык ооруканага жиберилген, үчөө абакта каза тапкан.

Иликтөөнүн авторлору жазгандай: "Мындай иштердин дээрлик баарында айыптар мамлекеттик сырга мүмкүндүгү жокторго коюлган. Далил катары чагымчылар менен байланыш, кайрымдуулук, мындан тышкары кылмыш жасоо ниети болгон деген негиздер келтирилет. Иштер сотто жабык каралат".

Чыккынчылык жана тыңчылыкка байланышкан чечимдер бардык дубандарда, Украинанын Орусия басып алып, өзүнүн кишилерин башчылыкка койгон аймактарында да чыгарылып жатат.

Айыпталгандардын көбү саясат менен байланышы жок болгон орусиялык жарандар - студенттер, IT адистер, окутуучулар, мекемелердин кызматкерлери, ишкерлер. Андан кийинки орунда Украинанын Орусия ээлеп алган аймактарынын жашоочулары турат. Үчүнчү орунда согушка каршы чыккандар, коомдук активисттер жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү.

18:30 20.12.2025

Украин президенти Владимир Зеленский орус президенти Владимир Путинди Орусиядагы гана эмес, Украинадагы да шайлоолорду көзөмөлдөгүсү келет деп айыптады. 19-декабрда журналисттердин "Москва эгер Украинада шайлоо өткөрүлсө коопсуздугун камсыздоо жагын ойлонуп көрүүгө макул экендиги" тууралуу суроосуна жооп берип жатып Зеленский "Бизди кимдир бирөөлөр көзөмөлдөшүнө макул болбойбуз", - деп билдирди.

19-декабрда "түз байланыш" учурунда Путин Украинадагы шайлоо маселеси тууралуу айтып жатып добуш берүү күнү Орусия аткылабай турууга, балким, макул болмогун айткан. Ошол эле учурда ал Орусиянын аймагында жашаган украиналыктар да шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керектигин белгилеген.

Украинанын мыйзамдары согуш маалында кандайдыр бир шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө жол бербейт. Орусия толук масштабдуу согуш ачкандан бери Украинада 2023-жылкы парламенттик шайлоо да, 2024-жылкы президенттик шайлоо да өтпөй калган.

Орусия бул жагдайды башкача чечмелеп, Украинада шайлоо атайылап эле өткөрүлбөй жатканын айтып, бул өлкөнүн азыркы бийлигин легитимдүү эмес деп атап келет.

АКШ президенти Дональд Трамп 9-декабрда Politico басылмасына курган маегинде Украинада президенттик шайлоо өткөрүүгө убакыт келип жетти деген оюн айткан. Ошол эле күнү Зеленский эгер Кошмо Штаттар жана Европа Украинанын толук коопсуздугун камсыз кылып бере алса шайлоону 60-90 күн ичинде уюштуруп, өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

Ал тапта 20-декабрга караган түнү Орусия Украинаны көздөй «Искандер-М» баллистикалык ракеталарынан үчөөнү учурганын украин Куралдуу күчтөрүнүн башкармалыгы билдирди. Мындан тышкары 51 согуштук дрон колдонгону, адабан коргонуу каражаттарынын жардамы менен алардын 31ин атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү маалым болду.

Жалпысынан 15 жерде баллистикалык ракеталар жана 20 дрон бутасына жеткени кабарланды.

Одесса районунун порт тилкесинде ракета тийген жерде, соңку маалымат боюнча, сегиз адамдын өмүрү кыйылды, дагы 27 адам ар кандай жараат алды.

Николаев облусунда үч район электр жарыгысыз калды.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына төрт жылга чамалап калды. Көптөгөн далилдерге карабастан Москва Украинанын жарандык инфраструктурасын талкалап, жайкын тургундарын өлтүрүп жатканын мойнуна албайт.

АКШ баштаган тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн азырынча натыйжа боло элек.

20-21-декабрда Майамиде Украинадагы согушту токтотуу маселесин АКШнын жана Орусиянын өкүлдөрү талкуулаганы жатышат. Орус делегациясын президенттин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев жетектейт.

АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө президенттин атайын чабарманы Стив Уиткофф, кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер катышууда.

Уиткофф менен Кушнер 19-декабрда Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин башчысы Рустам Умеров баштаган делегация менен сүйлөшүү өткөргөн.

Умеров бул жолугушуу тууралуу кеңири маалымат берген жок, болгону ага Киевдин европалык өнөктөштөрү катышканын айтты.

"Америкалык өнөктөштөр менен кийинки кадамдар жана жакынкы арада биргелешип иштөөнү улантуу тууралуу сүйлөштүк", - деп жазды ал Telegram каналына.

20:42 19.12.2025

Орусиянын президенти Владимир Путин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынды жана "түз байланышты" согуш талаасындагы Орусиянын позициялары тууралуу ишенимдүү айтып баштады.

19-декабрдагы "Жыл жыйынтыгы — 2025" иш-чарасында Путинге журналисттердин суроолору менен Орусия жарандарынан келген, кылдат текшерилген суроолор берилип жатат.

Бул жолку жыйын АКШ президенти Дональд Трамптын тынчтык орнотуу боюнча дипломатиялык аракеттери күчөп жаткан учурга туш келди.

Путин 2022-жылдын 24-февралында Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкандан бери дээрлик төрт жыл өттү.

"Биздин аскерлер фронт тилкесин бойлой алдыга жылып жатышат. Кээ бир жерлерде тезирээк, айрым жактарда жайыраак. Бирок бардык багыттар боюнча душман чегинүүдө", — деди Путин Москвадагы түз эфирдеги жыйын башталгандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин.

Алдын ала даярдалган сценарий боюнча өтүүчү бул иш-чара адатта бир нече саатка созулат.

Акыркы айларда Путин Орусия согушта артыкчылыкка ээ экенин жана өз максаттарына жетерин бир нече жолу кайталаган.

"Жыл cоңуна чейин биз согуш майданында жаңы ийгиликтерди көрөбүз деп ишенем", — деп кошумчалады Путин.

Орус күчтөрү 1100 чакырымга созулган фронт сызыгынын бир нече жеринде украин армиясынын коргонуусун жиреп, акырындык менен алдыга жылып жатышат. Украин аскерлери сан жагынан да, курал-жарагынын көлөмүнөн да орус армиясына жетпейт.

Путин орус армиясынын ийгиликтерин өзгөчө апыртып сүрөттөп, Москванын аскерлери Украинанын Харьков облусундагы Купянск шаарын дээрлик басып алып, украин күчтөрүн курчоого алганын ырастады.

14:09 19.12.2025

Украин президенти Владимир Зеленский 19-декабрда Европа биримдигинин лидерлерине кезектеги каржылык жардам тууралуу чечими үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Бул биздин туруктуулугубузду чынында эле бекемдей турган олуттуу колдоо», — деген Зеленский Орусиянын камактагы активдери кандай болгон күндө да тоңдурулган бойдон калып жатканын, Украина жакынкы жылдарга каржылык туруктуулугуна кепилдик ала алганын белгиледи.

Узак талкуудан кийин да европалык лидерлер орусиялык активдер боюнча бир пикирге келе алышкан жок, Reuters агенттигинин өздүк дипломатиялык булактары бул саясий жактан алганда өтө оор маселе болуп калганын айтып беришти.

Европа Биримдигинин лидерлери 18-декабрда башталган 16 сааттык талкуудан кийин Украинага Орусиянын камакка алынган активдеринин эсебинен каржылык колдоо көрсөтүү маселесинде орток пикир таба алган жок. Бирок Украина банкрот болушуна да жол берилбей турганы белгилүү болду, себеби Киевге 2026-2027-жылдарга 90 миллиард евролук займ бөлүү чечими кабыл алынды. Бул акча Евробиримдиктин жалпы бюджетинин кепилдиги менен берилет.

Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына 19-декабрда "Биз өзүбүзгө милдеттенме алганбыз жана аны аткардык", - деп жазды.

Германиянын канцлери Фридрих Мерц Украина бул насыяны Орусия ага каршы согуш ачып, келтирген зыяндын ордун толтуруп бергенде гана кайтарып төлөөгө милдеттүү болорун айтты. Эгер Москва зыянды төлөбөйм деп чыкса анда Украинанын карызын жабыш үчүн Европада камакта турган орусиялык активдер колдонулары айтылды.

Жетишилген соңку келишимде Украинаны каржылоого катышпай турганын билдирген Венгриянын, Словакиянын жана Чехиянын каржылык милдеттенмелерине таасир тийбеси жазылганы да маалымдалды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG