Орусиянын армиясы Украинанын Сумы облусундагы чек арага жакын жайгашкан Грабовское кыштагына кирип барды.
Украинанын Куралдуу күчтөрү украин армиясы бир нече позициядан чегингенин ырастады.
Чек арага жакын жайгашкан Грабовское кыштагынын 50дөй тургуну Орусияга чыгарылып кеткенин "Суспiльне" басылмасына аталган айылдын башчысы Лариса Кремезна билдирди. Кыштак Белгород облусунан 200 метр аралыкта жайгашкан.
Медианын маалыматына караганда, 20-декабрга караган түнү орусиялык аскерлер кыштакка киргенде, тургундарды "тазалоо иш-чаралары" үчүн деген жүйө менен Орусиянын аймагына чыгарып кетишкен. Кыштактын тургундары буга чейин эвакуациядан баш тартып келген. Негизинен ал жерде кары-картаңдар калганы кабарланды.
Жекшембиде бул маалыматты Украинанын Жогорку Радасынын адам укугу боюнча өкүлү Дмитрий Лубинец тастыктап, орус армиясынын аракетин эл аралык гуманитардык укукту одоно бузуу деп атады.
Лубинец Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москальковага кайрылуу жолдоп, чыгарылып кеткен украин жарандары тууралуу маалымат талап кылганын, "Кызыл Чырым" уюмуна да кат жибергенин айтты.
Украин бийлиги Сумы облусунун чек арадагы аймактарынан жарандарын эвакуациялоону улантып жатканын дубандын аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоров билдирди. Буга чейин орус армиясы Сумы облусуна быйыл майда кирүүгө аракеттенип, украин күчтөрү анын мизин кайтарган.
Ишембиде Украинадагы согушта 220 кагылышуу болду. Орус армиясы Покровск багытына 60 жолу сокку уруп, анын мизи кайтарылганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Маалыматта Орусиянын армиясы Никаноровка, Шахово, Мирноград, Родинское, Покровск, Котлино, Удачное, Молодецкое, Новосергиевка, Дачное жана Новопавловка тарапты бутагы алганы айтылат.
Айрым жерлерде салгылашуулар уланып жатканы кабарланды.
Ал тапта Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиде Украинанын үч дронун жок кылып же кармаганын жарыялады. Эки дрон Волгоград облусунда, бири Ростовдо жок кылынган.
20-21-декабрда Майамиде Украинадагы согушту токтотуу маселесин АКШнын жана Орусиянын өкүлдөрү талкуулаганы жатышат. Орус делегациясын президенттин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев жетектейт.
АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө президенттин атайын чабарманы Стив Уиткофф, кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер катышууда.
Уиткофф менен Кушнер 19-декабрда Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин башчысы Рустам Умеров баштаган делегация менен сүйлөшүү өткөргөн.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери орус соттору мамлекеттик чыккынчылык жана тыңчылыкка байланыштуу миңден ашуун өкүм чыгарды.
Анын 468и 2025-жылга туура келет. Бул 1997-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. 1997-жылдын башынан тартып 2022-жылдын 24-февралына чейинки аралыкта мындай айыптар менен 196 чечим чыккан.
Бул маалыматтар көз карандысыз Parubets Analytics ассоциациясынын "Первый отдел" укук коргоо долбоорунун буйрутмасы менен жүргүзгөн иликтөөсүндө айтылат.
Иликтөөдө согуш башталгандан бери Орусияда мамлекеттик чыккынчылык, тыңчылык жана жашыруун кызматташуу тууралуу беренелер саясий репрессиянын негизги куралына айланганы белгиленген.
Ушул жылдын 10-декабрына карата тыңчылыкка айыпталгандардын жалпы саны кеминде 1627 киши. Анын 564үндө Украинанын жарандыгы бар.
Быйыл тыңчылыкка айыпталып 468 киши соттолгон. Кеминде 420 иш тергөөдө, 179 адамга карата козголгон кылмыш иштер боюнча материалдар сотко түштү. Бул иштер боюнча актоо өкүмдөрү чыккан эмес, айыпталган төрт киши өмүр бою кесилген, алтоо мажбурланып психиатриялык ооруканага жиберилген, үчөө абакта каза тапкан.
Иликтөөнүн авторлору жазгандай: "Мындай иштердин дээрлик баарында айыптар мамлекеттик сырга мүмкүндүгү жокторго коюлган. Далил катары чагымчылар менен байланыш, кайрымдуулук, мындан тышкары кылмыш жасоо ниети болгон деген негиздер келтирилет. Иштер сотто жабык каралат".
Чыккынчылык жана тыңчылыкка байланышкан чечимдер бардык дубандарда, Украинанын Орусия басып алып, өзүнүн кишилерин башчылыкка койгон аймактарында да чыгарылып жатат.
Айыпталгандардын көбү саясат менен байланышы жок болгон орусиялык жарандар - студенттер, IT адистер, окутуучулар, мекемелердин кызматкерлери, ишкерлер. Андан кийинки орунда Украинанын Орусия ээлеп алган аймактарынын жашоочулары турат. Үчүнчү орунда согушка каршы чыккандар, коомдук активисттер жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү.
Украин президенти Владимир Зеленский орус президенти Владимир Путинди Орусиядагы гана эмес, Украинадагы да шайлоолорду көзөмөлдөгүсү келет деп айыптады. 19-декабрда журналисттердин "Москва эгер Украинада шайлоо өткөрүлсө коопсуздугун камсыздоо жагын ойлонуп көрүүгө макул экендиги" тууралуу суроосуна жооп берип жатып Зеленский "Бизди кимдир бирөөлөр көзөмөлдөшүнө макул болбойбуз", - деп билдирди.
19-декабрда "түз байланыш" учурунда Путин Украинадагы шайлоо маселеси тууралуу айтып жатып добуш берүү күнү Орусия аткылабай турууга, балким, макул болмогун айткан. Ошол эле учурда ал Орусиянын аймагында жашаган украиналыктар да шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керектигин белгилеген.
Украинанын мыйзамдары согуш маалында кандайдыр бир шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө жол бербейт. Орусия толук масштабдуу согуш ачкандан бери Украинада 2023-жылкы парламенттик шайлоо да, 2024-жылкы президенттик шайлоо да өтпөй калган.
Орусия бул жагдайды башкача чечмелеп, Украинада шайлоо атайылап эле өткөрүлбөй жатканын айтып, бул өлкөнүн азыркы бийлигин легитимдүү эмес деп атап келет.
АКШ президенти Дональд Трамп 9-декабрда Politico басылмасына курган маегинде Украинада президенттик шайлоо өткөрүүгө убакыт келип жетти деген оюн айткан. Ошол эле күнү Зеленский эгер Кошмо Штаттар жана Европа Украинанын толук коопсуздугун камсыз кылып бере алса шайлоону 60-90 күн ичинде уюштуруп, өткөрүүгө даяр экенин билдирген.
Ал тапта 20-декабрга караган түнү Орусия Украинаны көздөй «Искандер-М» баллистикалык ракеталарынан үчөөнү учурганын украин Куралдуу күчтөрүнүн башкармалыгы билдирди. Мындан тышкары 51 согуштук дрон колдонгону, адабан коргонуу каражаттарынын жардамы менен алардын 31ин атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү маалым болду.
Жалпысынан 15 жерде баллистикалык ракеталар жана 20 дрон бутасына жеткени кабарланды.
Одесса районунун порт тилкесинде ракета тийген жерде, соңку маалымат боюнча, сегиз адамдын өмүрү кыйылды, дагы 27 адам ар кандай жараат алды.
Николаев облусунда үч район электр жарыгысыз калды.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына төрт жылга чамалап калды. Көптөгөн далилдерге карабастан Москва Украинанын жарандык инфраструктурасын талкалап, жайкын тургундарын өлтүрүп жатканын мойнуна албайт.
АКШ баштаган тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн азырынча натыйжа боло элек.
20-21-декабрда Майамиде Украинадагы согушту токтотуу маселесин АКШнын жана Орусиянын өкүлдөрү талкуулаганы жатышат. Орус делегациясын президенттин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев жетектейт.
АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө президенттин атайын чабарманы Стив Уиткофф, кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер катышууда.
Уиткофф менен Кушнер 19-декабрда Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин башчысы Рустам Умеров баштаган делегация менен сүйлөшүү өткөргөн.
Умеров бул жолугушуу тууралуу кеңири маалымат берген жок, болгону ага Киевдин европалык өнөктөштөрү катышканын айтты.
"Америкалык өнөктөштөр менен кийинки кадамдар жана жакынкы арада биргелешип иштөөнү улантуу тууралуу сүйлөштүк", - деп жазды ал Telegram каналына.