4-январга караган түндө Орусия Украинага 52 дрон менен чабуул койгонун украин аба күчтөрү билдирди. Анын 39у жок кылынган. Тогуз жерге дрон түшкөнү кабарланды. Запорожьеде 51 жаштагы аял жаракат алганын жергиликтүү бийлик маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги 4-январга караган түндө Украина тараптан алгач 90 дрон учурулганын, кийинчерээк дагы 42 учкучсуз учак менен чабуул жасалганын билдирди. Кечээ кечинде Москванын мэри Сергей Собянин борбор калааны бутага алган 19 дрон жок кылынганын маалымдады.
Жекшембинин таңында Белгород облусунун губернатору Гладков Октябрь кыштагында учкучсуз учак унаага тийип, бир киши мерт кеткенин, анын жубайы менен төрт жаштагы баласы оор жаракат алышканын жазды.
Орусиянын Тергөө комитети Жаңы жыл түнү Украинанын Херсон облусунун оккупацияланган бөлүгүнө жасалган чабуулдан каза болгондордун саны 29га жетип, жаракат алгандардын саны 60ка чукулдаганын билдирди. Украина бул чабуулга тиешеси жоктугун маалымдоодо.
2-январь күнү Орусиянын ракеталык чабуулунан улам Харьковдо төрт киши каза тапты. Согуш шартында маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Харьковдо Орусиянын соккусунда каза тапкандар төрт кишиге жетти
«Дагы бир кишинин мүчөлөрү табылды. Издөө-куткаруу иши уланып жатат», — деди 4-январда Харьковдун мэри Игорь Терехов.
Украин бийлиги 2-январда Харьковдогу көп кабаттуу үйгө Орусия сокку урганда бир нече киши каза тапканын, арасында балдар бар экенин кабарлаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Харьковго сокку урбаганын билдирген.
Украин президенти Владимир Зеленский 3-январда борбор калаа Киевде өнөктөш Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен коопсуздук маселеси боюнча сүйлөшүү өткөргөнү жаткан чакта Орусия аба чабуулдарын улантты. Соңку маалымат боюнча, ишембиге караган түнү орус аскерлери Украинанын аймагына кеминде 95 согуштук дрон учурушту.
Украинанын Куралдуу күчтөрү билдиргендей, жалпысынан 80 учкучсуз учакты атып түшүрүү мүмкүн болду.
Ал эми жума күнкү соккудан өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Харьков шаарында жараат алгандардын саны 31ге жетти, эки киши каза болду. Өлгөндөрдүн бири үч жашар наристе экени, аны уранды астынан алып чыгышканы маалымдалды.
Киевдеги жолугушууга Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө 15 өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Видео байланыш аркылуу АКШнын делегациясы да катышары кабарланды.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинада тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө байкаларлык прогресс бар экенин, бирок Вашингтон сунуштаган, 20 пункттан турган планга Украина да, Орусия да макул болушу үчүн "өтө татаал жана курч бир-эки маселе бар болуп жатканын" жакында айткан. Бул маселелер Украинанын чыгыш тилкесиндеги аймактардын тагдырына жана азыркы тапта Орусиянын карамагында турган Запорожье атомдук станциясынын келечегине байланыштуу.
Зеленскийдин европалык лидерлер менен кийинки жолугушуусу 6-январга пландалууда.
Ал тапта Украинанын өзүндө жогорку бийлик өкүлдөрү арасында кадрдык жаңы дайындоолор жүрдү.
2-январда Зеленский буга чейин аскердик чалгын мекемесин башкарып келген Кирилл Будановду өзүнүн башкы жардамчысы - президенттик администрациянын башчысы кылып дайындады. Орусиянын Украинага каршы колдонуп жаткан аскердик мүмкүнчүлүгүн алсыратууга багытталган бир катар операцияларды ийгиликтүү ишке ашырганы айтылып жүргөн Буданов ноябрда жемкорлук боюнча иликтөөгө байланыштуу кызматын тапшырып кеткен Андрей Ермактын ордуна келди.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы согушту токтотууга багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрү “туура багытта баратат” деп билдирди.
Флорида штатындагы Мар-а-Лаго резиденциясында АКШ лидери Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу аяктады. Жолугушуудан кийин эки президент журналисттердин алдына жакшы маанайда чыгышты. АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы согушту токтотууга багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрү “туура багытта баратат” деп билдирди. Ал мындай билдирүүнү Украина президенти Владимир Зеленский менен эки саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жасады. Эки президент бул убакыт ичинде европалык лидерлер менен телефондон сүйлөшүүгө да жетишишти.
Флоридадагы резиденциясында Зеленский менен бетме-бет жолугуп, европалык лидерлер менен видеоконференция өткөргөндөн кийин Трамп сүйлөшүүлөрдө илгерилөө бар экенин, бирок азырынча чечүүчү жыйынтыктар кабыла алына электигин белгиледи.
"Биз аябай жакындап калдык, балким абдан эле жакынбыз. Орусия [согуштун] бүтүшүн каалайт. Баары эле анын аякташын каалайт", — деди Трамп. Бирок cүйлөшүүнүн чоо-жайына токтолгон жок.
Украина президенти Владимир Зеленский АКШ менен Украинанын ортосунда коопсуздук кепилдиктери 100 пайызга макулдашылганын, ал эми АКШ, Украина жана Европа ортосунда коопсуздук кепилдиктери да дээрлик толук макулдашылганын билдирди.
Ал соңку апталарда америкалык жана украиналык делегациялар жетишкен прогрессти жогору баалай турганын белгиледи.
Трамп Донбасстын макамы тууралуу маселеазырынча татаал бойдон калып жатканын да белгиледи.