Брюссел Орусиянын дестабилдештирүүчү аракеттери менен күрөштүн алкагында санкциялык тизмени кеңейткени жатат. Еврошаркеттин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлүнүн 13-январдагы сунушуна ылайык, «кара тизмеге» Кремлди колдогон орусиялык белгилүү теле алып баруучулар жана артисттер киргизилмекчи.
Алардын аракеттери «Евробиримдиктеги жана Украинадагы демократияга, мыйзам үстөмдүгүнө жана коопсуздукка коркунуч жаратат» деп сыпатталууда.
Бул тууралуу сөз болгон документтин көчүрмөсүнө таянып, "Системы" иликтөө долбоору кабарлады.
Тизмеде "Россия" телеканалынын башкы директорунун кеңешчиси, спорт комментатору Дмитрий Губерниев, Биринчи каналдын «Время» программасынын көп жылдан берки алып баруучусу Екатерина Андреева, "Вести" берүүсүн алып барган жана Орусиянын Аялдар бирмидигинин төрайымы болгон Мария Ситтел, "Москва. Кремль. Путин" программасынын автору Павел Зарубин, рэпер жана актер Роман Чумаков (Рома Жиган), балет артисти Сергей Полунин бар.
Алсак, Губерниев президент Путиндин 2024-жылкы шайлоодо ишенимдүү адамы болгон, 2022-жылдын 18-мартында Лужникидеги пропагандалык митингди алып барган.
Чумаков Украинага басып кирүүнү колдойт, согуштук пропагандага активдүү катышат. Аскер бөлүктөрүндө жана Украинанын оккупацияланган аймактарында концерт коюп жүрөт.
Украинанын Коопсуздук кызматы жылуулук сезону башталгандан бери Орусия энергетикалык жайларга 256 сокку урганын билдирди. Маалыматка караганда, былтыркы октябрдан бери 11 ГЭС жана 45 ири ЖЭБ, 49 жылуулук станциялары, 151 электрподстанция бутага алынган. Мекеме бул Кремлдин украин элин кырууга багытталган туруктуу саясаты экенин далилдейт жана андай аракеттерде адамзатка каршы кылмыштардын белгилери бар деп эсептейт.
Эң көп Киев шаары жана облусу, Харьков, Одесса, Днепропетровск, Сумы, Николаев жана Чернигов аймактарындагы жылуулук жана электр станциялары аткыланган.
Коопсуздук кызматы мунун айынан миллиондогон жайкын тургун кычыраган суукта жылуулуук, электр жарыгы жок калганын белгиледи.
Жыл башынан бери эң кубаттуу чабуулга Киев кабылганын жергиликтүү медиа жана бийлик өкүлдөрү кабарлашууда.
9-январда башкалаа жапырт соккуга туш болгондо энергетикалык инфраструктура катуу жабыркаган. Шаардын жарымынын көбү караңгыга баткан.
Мэр Виталий Кличко энергетикадагы мындай оор абал согуш башталгандан бери түзүлө электигин бейшембиде айтты.
Президент Владимир Зеленский алдыңкы күнү Киевдеги абалды координациялоо үчүн штаб түзүлгөнүн, өлкөнүн энергетикасында чукул кырдаал киргизилерин билдирген. Буга чейин президент Орусия карапайым элдин жашоосун ого бетер оорлоштуруу үчүн катуу суукту күткөнүн сындаган.
9-январда украин премьер-министри Юлия Свириденко бир жумада электр станцияларга жана башка маанилүү инфраструктурага 44 сокку урулганын билдирген.
Шейшембиде Орусиянын Коргоо министрлиги кошуна өлкөсүнүн 157 жериндеги энергетика жана транспорт тармактарына, аскердик аэропортторго жана дрон чыгарган заводдорго сокку урулганын маалымдаган.
Орусиянын украин энергетикасына чабуулдарын күчөткөнүн БУУ да сындаган.
Орусия шаршембиге караган түнү Украинанын Кривой Рог шаарына сокку уруп, ызгаарда 45 миң абонентти жарыксыз, 700дөн ашуун үйдү жылуулуксуз калтырды.
Кривой Рогдун коргоо кеңешинин башчысы Александр Вилкул орус армиясынын стратегиялык объектиге соккусунан кийин электр энергиясын авариялык өчүрүүлөр болгонун айтты. Түнү бою калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, 14-январда түшкө жуук суукта калган элге жылуулук менен электр жарыгы кайра берилгени кабарланды.
Орусиянын Ростов облусунда украиналык дрондордун чабуулунда бир киши өлүп, төртөө жараат алганын, анын бири төрт жашар бала экенин аймактын губернатору Юрий Слюсарь билдирди.
Анын айтымында, жабыркагандар Ростов шаарынын жана Мясников районунун жашоочулары. Баары ооруканага жеткирилген, абалдары орто оор. Каза тапкан кишинин сөөгү дрон тийгени айтылган үйдүн уранды алдынан табылган.
Слюсарь билдиргендей, чабуулдан кийин Ростовдун батыш өнөр жай зонасында өндүрүш жана кампалар күйүп кеткен.
Орус Коргоо министрлиги 13-январь саат 20.00дөн баштап 14-январь саат 9:00гө чейинки аралыкта украиналык 64 дронду атып түшүргөнүн, анын 27си Ростов облусунун аймагында жок кылынганын билдирди.
Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болот. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.
Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясын каржылоо булагы деп эсептелген мунай заводдорун маал-маалы менен бутага алып келет.