Германиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчисин чакырып, аскер атташесинин Андей М. аттуу орун басарын өлкөдөн чыгарууну талап кылды. Der Spiegel басылмасы жазгандай, мекеме элчиликтин кызматкери Германиядан 72 саат ичинде чыгып кетиши керектигин билдирген.
Немис бийлигинин маалыматына караганда, шектүү Орусиянын атайын кызматтарынын биринде иштеген жана узак убакыттан бери жакында тыңчылыкка айыпталып кармалган Илона Винер аттуу украин жаранынын ишине жетекчилик кылган.
Мекеменин маалыматына ылайык, Илона саясий иш-чаралардын катышуучулары, коргонуу объекттеринин жайгашкан жери жана Украинага дрон жеткирүү тууралуу маалыматтарды чогулткан.
Андан тышкары, тергөө божомолдогондой, Илона Германиянын Коргоо министрлигинин мурунку кызматкерлери менен тааныштыгы болгон. Алынган маалыматтарды ал өзүнүн орусиялык атайын кызматтагы жетекчисине берип турган. Spiegel басылмасы ал жетекчи өзүн элчиликте аскердик атташе деп көрсөткөн Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын полковниги экенин жазды.
"Агентство" басылмасы Илонада Орусиянын паспорту да болгонун өз булактарынан аныктаган. Ага ылайык, Илона Винер Днепропетровскиде туулган, мурдагы фамилиясы Копылова болгон. 1987-жылы Копылова деген фамилия менен СССРдин, 2006-жылы Орусиянын паспортун алган. Ошондой эле анын үчүнчү фамилиясы – Крылова болгон.
Винер Федералдык кош улуттуу коомчулук бирикмесин (BBG) жетектеген. Бул түзүм 2022-жылы 17-марттан 2025-жылдын 17-октябрына чейин Германияда Бундестагдын лоббисттер реестрине киргизилген. Уюмдун аткаруучу лоббисттеринин ичинде Светлана Цюльсдорфф менен Светлана Бухин да аталган.
Цюльсдорфф (никеге чейин Зоткина) Москвада туулган, немец фамилиясын Wella компаниясынын мурдагы башкы директору Петер Цюльсдорфко турмушка чыккандан кийин алган.
Светлана Бухин (Шевченко) Львов облусунда туулган, кийин Орусияга кетип, немец жаранына турмушка чыгып, Берлинде жашап калган. Кеминде 2023-жылдын сентябрына чейин Орусияга орус паспорту менен барып жүргөнүн "Агентство" маалымдады.
Винердин орун басарларынын бири Вальтер Шторц мурда Германиянын Коргоо министрлигине караштуу мекемелердин бирин башкарып турган. 2025-жылы октябрда эле анын компаниясы Германиянын Куралдуу күчтөрү - Бундесвер менен чалгын машиналарын алып келүүгө 3 млрд евролук келишим түзгөн.
Москвадагы экинчи Батыш аймактык аскердик соту Орусиянын 2022-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен "Москва" крейсери украин армиясынын чабуулуна кабылганын, жыйынтыгында 20 адам мерт кеткенин аныктады.
Соттун басма сөз кызматы бул маалыматты жарыялап, бирок кийинчерээк алып салганын "Медиазона" жазды.
Алынып салынган маалыматта сот крейсердин чөгүшүнө байланыштуу өкүм чыгарганы жазылган. Ага ылайык, украин Куралдуу күчтөрүнүн 406-артиллериялык бригадасынын командири Андрей Шубин сыртынан эл аралык терроризмге айыпталып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.
Орусия тергөөсүнүн божомолуна караганда, Шубин Кара деңиздеги Жылан аралынын жанында "Москва" крейсерине жана "Адмирал Эссен" фрегатына ракета менен чабуул коюуну буйруган, аталган фрегат андан мурдараак да бутага алынганы айтылат. Сот ошондой эле украин аскеринен 2,2 миллиард рубль төлөтүү токтомун чыгарган.
Маалыматта сот алгачкы жолу "Москва" крейсери ракета чабуулуна кабылганын мойнуна алды деп белгиледи "Медиазона". Билдирүүдө ошондой эле крейсер чөккөндө набыт болгондордун тек-жайы расмий көрсөтүлүп, "жарылуудан, өрттөн жана ис түтүндөн экипаждын 20 мүчөсү мерт кеткен" деп жазылган. Ошондой эле 24 моряк түрдүү жаракат алганы, кеме сууда бир нече саат кармалып турганына карабай сегиз адам дайынсыз жоголгону белгиленген. "Адмирал Эссен" фрегатына урулган соккудан бир адам жаракат алган.
Орусиянын Кара деңиз флотунун флагманы саналган "Москва" крейсери Украина менен согушта колдонулган. Украин армиясы жана Пентагон 2022-жылы жазында кеме украин ракеталарынын соккусунан кийин чөккөнүн билдиришкен. Орусия тарап муну четке кагып, крейсердин чөгүп кетиши ок-дарылардын жарылышына алып келген өрттүн кесепетинен болгон деп ырастап келет.
Орусиянын Коргоо министрлиги башында крейсердин экипажы толугу менен эвакуацияланганын айтса, кийинчерээк 27 аскер кызматкери дайынсыз жоголгонун маалымдаган.
Кемеде набыт болгондордун айрымдары аскердик милдетин өтөп жүргөн жоокерлер болгон.
"Москва" крейсеринде набыт болгондордун так саны белгисиз эле.
Жума-ишемби күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) АКШ, Украина жана Орусиянын өкүлдөрү катышкан сүйлөшүүлөр болот. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөгөндөн кийин билдирди.
Ал орус президенти Владимир Путиндин АКШнын президенти Дональд Трамптын чабармандары менен бейшембиге пландалган сүйлөшүүлөрүн комментарийлеп, “Украина гана эмес Орусия да компромисстерге даяр болушу керек”, - деп айтты.
Зеленский форумда сүйлөгөндө АКШ президентинин колдоосу болбосо Украинада тынчтык орнотууга жетишүү мүмкүн эмес экенин айтып, орусиялык активдерди Киевге жардам берүү үчүн колдонууну каалабаган Еврошаркетти "саясий эрк жок" деп сындады.
Украин лидери суроо-жооп сессиясында кышкы аязда бир миллиондой кишини жылуулуксуз жана жарыксыз калтырган орус армиясынын дрон жана ракета соккуларына туруштук берүү үчүн Киев кошумча коргонуу системаларына муктаж деп билдирди.
“Президент Трампка абадан коргонуу, Patriot системсы тууралуу унутпаңыз деп кайрылам. Кышында биз үчүн ал абдан маанилүү”, - деп айтты украин президенти.
Зеленский анын алдында Трамп менен жолугушуусу “Украинанын кызыкчылыгында” өткөнүн, оңой эмес, бирок позитивдүү болгонун айтты.
Америкалык лидер ал сүйлөшүүлөрдү “абдан жакшы” деп баалаган.
22-январдын кечинде АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы жана кеңешчиси Жаред Кушнер Путин менен жолугушуу үчүн Москвага барды.
Уиткофф америкалык делегация орус башкалаасында түнөбөсүн, ал жактан түз эле БАЭге учарын айткан. Бирок Орусия же АКШ үн ката элек.
АКШ жана Украинанын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленский бейшембиде Швейцариянын Давос шаарында жолугушту.
Сүйлөшүүлөр жабык өттү. Зеленскийдин басма сөз катчысы жана Ак үй эки жетекчинин кездешүүсү бир саатка жакын убакытка созулганын билдиришти.
Рейтер агенттиги жазгандай, сүйлөшүүдөн чыгып жатып, Трамп журналисттер менен учкай маектешти. Ал жолугушууну «абдан жакшы» деп баалады жана орус мамлекет башчысы Владимир Путинге Украинадагы согуш аякташы керек деп айтарын кошумчалады.
"Зеленский менен кездешүү жакшы болду. Бардыгы эмне менен аяктарын көрөбүз", - деп айтты америкалык лидер.
Бир күн мурда Давостогу Экономикалык форумга катышып жаткан Трамп Зеленский менен жолугушарын айткан. Бирок украин президентинин сапары тууралуу алдын ала кабарланган эмес.
Трамп менен Зеленский Украинадагы согушту токтотуу жана Ак үйдүн тынчтык орнотуу демилгесин талкуулары күтүлгөн.
Бүгүн кечинде АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер Путин менен жолугушуу үчүн Москвага аттанды.
Мунун алдында Уиткофф Давостогу форумда Украинага арналган талкууда сүйлөп жатып, тараптар согушту токтотуу келишимин бекитүүгө жакындап калганын, чечиле элек бир маселе калганын айткан.
Ал Орусия басып алган аймактарга көзөмөл кылуу маселеси тууралуу сөз кылганы болжолдонууда.
Москва Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагын толук берүүнү талап кылып жатат. Киев муну четке кагууда.