Франциялык EOS Technologie компаниясы Украинага Rodeur 330 үлгүсүндөгү сокку уруучу дрондорду берди. Ал 500 чакырымдан ашык аралыкка чейин жетүүгө жөндөмдүү, абада беш саатка чейин жүрө алат. Бул тууралуу France 24 жазды.
Аталган компаниянын башчысы Жан-Марк Зулиани Батыш өндүрүүчүлөрү үчүн Украинага дрондорду берүү аларды талаа шартында сыноого мүмкүнчүлүк берерин билдирди.
Rodeur 330 дрондорун эки оператор 10 мүнөттө чогултат. Анын ылдамдыгы саатына 120 километр, 5 миң метрге чейин бийиктикке көтөрүлө алат.
Зулианинин айтымында, дрондорду сокку урууда, чалгын операцияларында колдонууга болот. Ал Европа бул дрондорду "калкан катары", Украина "кылыч катары" пайдаланса болорун кошумчалады.
Украинанын бийлиги буга чейин өлкөдө 500 чакырымдан ашуун ылдамдыкта учууга жөндөмдүү дрондор чыгарылып жатканын жарыялаган.
Украинага өнөктөштөрү берген ATACMS жана Storm Shadow ракеталары 500 чакырымга чейинки аралыкка жете алат.
Орусиянын Славянск-на-Кубани шаарында эки ишкананын аймагында дрон калдыктары кулагандан кийин өрт чыкты. Бул тууралуу Краснодар аймагынын ыкчам штабы билдирди. Маалыматта бир киши жараат алып, ооруканага жеткирилгени айтылат.
Украиналык мониторинг жүргүзгөн Exilenova+ жана Supernova+ Телеграм каналдары дрондор мунайды кайра иштетүүчү заводду бутага алганын жазып чыгышты.
Аталган шаарда "Славянск Эко" ири мунай заводу жайгашкан. Украиналык күчтөр буга чейин да ишканага чабуул коюшкан. 2024-жылдын апрелинде дрон соккусунан кийин завод ишин жарым-жартылай токтоткон.
Жергиликтүү бийлик Славянск-на-Кубани шаарында "дрон калдыктарынын кулашынан" жер үйлөргө зыян келтирилгенин, бир нече тамдын терезелери күбүлүп, биринин чатыры тешилгенин кабарлады.
Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болот. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.
Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясын каржылоо булагы деп эсептелген мунай заводдорун маал-маалы менен бутага алып келет.
Украинанын борбору Киев шаарында жекшембиге караган түнү Орусиянын жапырт чабуулунан 800 миңден ашуун абонент жарыксыз калды. Орус күчтөү Украинанын энергетикалык жана жарандык инфраструктурасын бутага алганын өлкөнүн биринчи вице-премьери, энергетика министри Денис Шмыгал билдирди.
Киевден тышкары Харьков, Чернигов жана башка аймактарга сокку урулган.
«Душмандын тынымсыз соккулары кырдаалды турукташтырууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Энергетикалык системаны калыбына келтирүүгө жетишпей жатышат. Башкалаада чукул өчүрүүлөрдөн улам 800 миңден абонент жарыксыз отурат. Дефицит сакталууда. Өнөктөштөр менен аны азайтуу үчүн иштеп атабыз», — деп жазды Шмыгаль соцтармактардагы баракчаларына.
Катуу суукта Орусия Украинанын энергетикасына чабуулдарды күчөтүп жатат. Мындан улам украин катуу кризисти баштан кечирүүдө. Өткөн аптада Украинанын энергетика министри Денис Шмыгал өлкөдө Орусиянын аба соккуларына же аткылоосуна кабылбаган бир да электр станция калбаганын билдирген.
24-январга караган түнү Орусия Украинанын аймагына 370 согуштук дрон жана 21 ракета менен чабуул койгонун өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди. Анын айтымында, бул жолу да жапырт аткылоонун бутасы борбор калаанын энергетика тармагы болду.
"Киев шаары жаны облусу, Сумщина, Харьковщина, Черниговщина сокку алдында калышты. Харьковдо турак үйлөр жабыркады, убактылуу көчүп барган адамдар жашап жаткан жатакана, медицина коллежи зыянга учурады. Азыркы тапка карата ондогон адам жараат алганы тууралуу маалымат бар, алардын арасында балдар да бар экени кабарланууда. Борбор калаада орусиялыктар энергетика объектилерин бутага алышты", - деди ал.
Киевдин мэри Виталий Кличко билдиргендей, орус аскерлеринин аткылоосунан жайкын тургундар үчүн эң маанилүү болгон инфраструктура зыянга учурады.
"Борбор калаада кайрадан дээрлик 6 миңдей үй жылуулуксуз калды. Алардын көбү буга чейин эки жолу, 9-январда жана 20-январда жылуулук энергиясына кайрадан кошулган же кошулуу аракеттери жүрүп жаткандар", — деди Кличко.
Анын айтымында, суу менен камсыздоодо да көйгөй жаралууда.
Харьков шаарында чабуул ишембиге караган түнү 2,5 саат бою уланганын, жалпысынан Орусия бул аймакка "Шахед" согуштук дрондорунан 25ти учурганын мэр Игорь Терехов кабарлады. Соңку маалымат боюнча, бул калаада кеминде 19 киши жараат алды, айрым жерлерде үйлөр талкаланды, зыян тарткан имараттар арасында төрөт үйү жана оорукана бар.