10-февралда Украинанын Запорожье облусундагы Вольнянск шаарында орусиялык дрондордун чабуулунан төрт адам жараат алганын аймактык аскер администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.
«Орусиялыктар Вольнянск шаарына дрон менен кол салышты. Жеке үйлөр жана чарбалык имараттар жабыркады. Эки аял, бир эркек киши жана эки жашка чыга элек бир бала жараат алды», — деп жазды ал Телеграм баракчасына.
Орус аскерлери 10-февралга караган түнү Украинанын Харьков шаарынын Шевченко районуна «Молния» деп аталган учкучсуз учактар менен чабуул койгонун жергиликтүү бийлик маалымдады.
«Сокку турак үйлөрдөн анча алыс эмес жерге урулгандыктан бир нече автомобиль зыянга учурады, беш кабаттуу үйдүн айрым терезелери талкаланды», — деп жазды Телеграм каналына шаар мэри Игорь Терехов.
Облустук аскердик администрация башчысы Олег Синегубов талкаланган машиналар экөө экенин билдирди.
Херсонда Орусиянын дрон чабуулунан адамдар жараат алды, арасында өспүрүм бар. Шаардын Днепровский районунда 14 жаштагы бала жана 40 жаштагы киши жабыркаганын калаанын аскердик администрация башчысы Ярослав Шанько кабарлады.
Ал тапта Украинада энергетикалык объектилердин жабыркашынан улам электр энергиясы менен камсыздоодо чектөөлөр уланып жатканын, 10-11-февраль күндөрү да оор болорун энергетика министри Денис Шмыгаль эскертти. Буга Орусиянын энергетикалык объектилерди бутага алып жатканы, абанын температурасынын төмөндүгү негизги себеп экени белгиленүүдө
Жекшембиге караган түнү, Орусия Украинага 101 дрон менен кол салды. Украинанын Аскер аба күчтөрү дрондун 69у атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Сокку Украинанын Харьков облусунан тартып Львов облусуна чейин урулду. Харьков облусунун Чугуев шаарында дрондор көп кабаттуу эки үйгө зыян келтирди. Шаардык администрациянын маалыматына ылайык, бир адам жабыркаган.
Одессада аба соккусунун натыйжасында өнөр жай объектиси жабыркап, өрт чыккан, жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Днепропетровск облусунун башчысы Александр Ганжа орусиялык артиллериялык аткылоодон 10 жаштагы бала жараат алып, ооруканага жаткырылганын билдирди. Кол салуу учурунда үч жеке үй зыян тарткан.
Херсондун Корабельный районунда жапырт аткылоодо сегиз киши жабыркаган. Облустук аскер администрациясы жабыркагандардын баары аялдар, эң улуусу 84 жаштагы байбиче экенин билдирди. Көпчүлүгү контузия алса, айрымдары башынан жараат жана күйүк алган.
Жекшембиде таңкы саат бештер чамасында орусиялык аскерлер Донецк облусундагы Краматорск шаарындагы кичи районго кол салышкан. Донецк облустук прокуратурасы билдиргендей, орусиялык аскерлер шаарга аралыктан башкарылуучу авиациялык бомба таштаган, ал көп кабаттуу турак үйдүн жанына түшүп жарылган.
Жарылуудан 77 жаштагы аял каза таап, дагы үч киши жараат алды. Жарадарлар арасында "Подробности" басылмасынын кабарчысы Игорь Левенок да бар. Анын сол колуна сыныктар тийген. "Подробности" сокку тийген жерден тартылган кадрларды жарыялады.
Кеминде көп кабаттуу жети үй жабыркады. Бул тууралуу шаардык аскер администрациясынын башчысы Александр Гончаренко билдирди.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын таңкы маалыматында, акыркы сутка ичинде фронтто 294 согуштук кагылышуу болду. Бул мурдагыга караганда дээрлик эки эсе көп (ал кезде 153 болгон). Украин башкармалыгынын маалыматында, эң катуу салгылашуулар дагы деле Донецк облусундагы Покровск жана Запорожье облусундагы Гуляйполе райондорунда жүрүүдө.
Согуштук аракеттер жүрүп жаткан шартта тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактар аркылуу тастыктоо кыйын.
Украина аскерлери бир суткада кагылышуу эки эсе өскөнүн билдирди
Украинанын Башкы штабынын билдиришинче, 8-февралга караган түнү фронтто 294 кагылышуу катталды. Бир күн мурда 153 кагылышуу болгон.
Катуу кармаштар Донецк облусундагы Гуляйполе жана Запорожье облустарында болгон. Харьков облусундагы Лиман жана Купянск багытында орусиялык аскерлердин курчоо аракеттери байкалган.
Согуштук аракеттер шартында тараптардын маалыматын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын Украинага каршы согушун токтотууга байланыштуу соңку сүйлөшүүгө учкай комментарий берди. Reuters агенттиги анын "Орусия-Украинага байланыштуу бүгүнкү сүйлөшүүлөр абдан, абдан жакшы. Андан бир нерсе чыгышы да мүмкүн", -деп айткан сөзүн жарыялады.
Аптанын аягында, жума күнү сүйлөшүүлөр болгон эмес. Бирок анын алдында Абу-Даби шаарында Украина, Орусия жана АКШнын өкүлдөрүнүн эки күндүк жолугушуусу өткөн. Бул сүйлөшүүлөрдү тараптар конструктивдүү деп баалаган жана анын негизинде Киев менен Москва дагы туткундарды алмашкан.
Reuters Трамптын мындай билдирүүсү март айында тынчтык келишимине жетишүү мүмкүн деген сөздөргө байланыштуу болушу ыктымалдыгын белгиледи. Аталган агенттик сүйлөшүү процесстеринен кабары бар булактарына таянып келерки айда тынчтык макулдашууларына жетишүү, Украинада референдум өткөрүү ыктымалдыгы каралып жатканын жазган.
АКШнын ортомчулугу менен өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү негизги темалардын бири аймактык маселе бойдон калууда. Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин Донбасс Орусиянын "тарыхый аймагы" экенин айтып, аны аскердик же башка жолдор менен кайтарып ала турганын билдирген. Киев болсо украин аскерлеринин Донбасстан чыгып кетишин кабыл алынгыс деп эсептейт.
Украин бийлиги ошондой эле коопсуздук кепилдиктерин, анын ичинде союздаш өлкөлөрдүн аскерлерин Украинага жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн талап кылууда.