Орусиянын Брянск облусунда дрон соккусунан электр энергиясы өчтү
Брянск облусунун бир канча калктуу конушундагы инфраструктура объекттерин украин дрондору урган соккудан жылуулук жана электр жарыгы өчкөнүн жергиликтүү бийликтер кабарлады. Алардын айтымында, облуска жүздөн ашуун дрон чабуул койгон.
Жергиликтүү пабликтер сокку Белгород ЖЭБине жана "Фрунзенская" көмөк чордонуна тийгенин жазышты.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Мүнхен конференциясында сүйлөп жатып, Орусия Украинага күн сайын жасаган чабуулунда Азербайжанга тиешелүү энергетикалык обьекттерди гана эмес, өлкөнүн Киевдеги элчилигин да бутага алганын билдирди.
Алиевдин сөзүнө караганда, элчиликтин имаратына кеминде үч жолу чабуул жасалган, Москва дипломаттардын дооматтарын этибар алган эмес. "Ошондуктан, чабуул атайылап жасалганын боолгосо болот", - деди Алиев.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Азербайжан президентинин сөзү чындыкка дал келбесин, ал эми 2025-жылы июль, август айларында Киевдеги азери элчилигинин имаратынын жабыркашы украин армиясынын "туура эмес ишинин" натыйжасы болгонун билдирди.
15-февралга караган түнү Орусия Украинага түрдүү түзүлүштөгү 83 дрон менен чабуул койду. Алардын 55и жок кылынганын, 12 жерге ракета тийгенин украин Куралдуу күчтөрү кабарлады.
Украин күчтөрү атайын операция маалында Орусиянын деңиздеги "Таманьнефтегаз" мунай терминалына сокку урганы маалым болду. Аталган терминал Краснодар крайындагы Волна кыштагына жакын жайгашкан.
Зеленский: Орусиянын армиясы Украинагы 1300 дрон учурду
Украин президенти Владимир Зеленский 15-февралдын таңында орусиялык аскерлер өлкөгө 1300 сокку уруучу дрон, аралыктан башкарылуучу 1200 авиабомба жана 50 ракета менен сокку урганын билдирди.
"Мурдагыдай эле башкы бута - энергетика. Орусиялыктар атайылап эле биздин генерацияны, көмөк чордондорду, түйүндөрдү иштен чыгаруу үчүн сокку урушууда. Көп соккулар калк байырлаган инфраструктурага урулду", - деп жазды ал.
Днепропетровск облусунда эки район артиллериялык жана авиабомба, дрондор менен аткыланды. 13 жаштагы кыз жана 40 жаштагы эркек жабыркаганын жергиликтүү облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ганжа билдирди.
15-февралдын түнүндө Одессанын инфраструктурасы абадан аткыланды. Шаар мэри Сергей Лысак райондордун биринде болгон жарылуу толкунунан турак үйлөрдүн жана окуу жайлардын терезелери күбүлүп түшкөн. Жабыркагандар жок.
Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров 75 жаштагы бир эркек жана 55 жаштагы аял жарадар болгонун билдирди. Орусиялык "Шахед" дрону тийген үйдө өрт чыккан.