"Орусия толуктай ала тургандан көбүрөөк жоготууга дуушар болуп жатат", - деп билдирди Улуу Британиянын коргоо министри Жон Хили Bloomberg агенттигине курган маегинде. Ал мунун айынан Москва чет өлкөлүк жалданма жоокерлерге көбүрөөк көз каранды болуп жатканын белгилеген.
Агенттик Мүнхен коопсуздук жыйынынын алкагында министрдин сөздөрүн мисал келтирип, акыркы эки айда Украина, өзүнүн маалыматы боюнча, Орусия жаңы жоокерлерди жалдап жетишкенден да көбүрөөк жоготууга учураганын билдирген.
Bloomberg Батыштагы аты аталбаган аткаминерлердин божомолуна таянып, өткөн жумада Орусия согуш талаасында болжол менен 9 миң адамга көп жоготууга учураганын жазды. Жоготуулардын көбөйүшү украиналык дрондордун ийгиликтүү операциялары менен түшүндүрүлөт.
Украинанын санариптик трансформация министри Михаил Федоров Орусиянын жоготууларын болжол менен 30 миңден 50 миңге чейин көбөйтүүнү максат кылып жатат. Батыш өкүлдөрү бул Орусия президенти Владимир Путин үчүн кандайдыр бир мобилизация ыкмасын колдонбосо, аскерлерди толуктоону кыйындатат деп эсептешет.
Батыштын баалоосу боюнча, Орусия өткөн жылы болжол менен 415 миң адамдан айрылган, ал эми согуш башталгандан берки жалпы жоготуулар 1,2 миллиондон ашкан.
"Батыштагы расмий өкүлдөр Орусия быйыл да Украинадагы согуштук аракеттерин улантат деп эсептейт - буга аскердик өнөр жай өндүрүшү жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн колдоосу жардам бериши мүмкүн", - деп жазды Bloomberg.
Орусиянын армиясы Украинагы алты ракета, 62 учкучсуз учак менен чабуул койду
Бул тууралуу Украинанын Аскер аба күчтөрү билдирди. Абадан коргонуу күчтөрү эки ракетаны, 52 дронду атып түшүргөн.
"Сегиз локацияга бир ракета, тогуз сокку уруучу дрон тийди. Эки локацияга атып түшүрүлгөн дрондун сыныктары түштү. Душмандын үч ракетасы тууралуу маалымат такталууда", - деп билдиришти мекемеден. Учурда чабуул токтой элек.
Орусиянын Брянск облусунда дрон соккусунан электр энергиясы өчтү
Брянск облусунун бир канча калктуу конушундагы инфраструктура объекттерин украин дрондору урган соккудан жылуулук жана электр жарыгы өчкөнүн жергиликтүү бийликтер кабарлады. Алардын айтымында, облуска жүздөн ашуун дрон чабуул койгон.
Жергиликтүү пабликтер сокку Белгород ЖЭБине жана "Фрунзенская" көмөк чордонуна тийгенин жазышты.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Мүнхен конференциясында сүйлөп жатып, Орусия Украинага күн сайын жасаган чабуулунда Азербайжанга тиешелүү энергетикалык обьекттерди гана эмес, өлкөнүн Киевдеги элчилигин да бутага алганын билдирди.
Алиевдин сөзүнө караганда, элчиликтин имаратына кеминде үч жолу чабуул жасалган, Москва дипломаттардын дооматтарын этибар алган эмес. "Ошондуктан, чабуул атайылап жасалганын боолгосо болот", - деди Алиев.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Азербайжан президентинин сөзү чындыкка дал келбесин, ал эми 2025-жылы июль, август айларында Киевдеги азери элчилигинин имаратынын жабыркашы украин армиясынын "туура эмес ишинин" натыйжасы болгонун билдирди.
15-февралга караган түнү Орусия Украинага түрдүү түзүлүштөгү 83 дрон менен чабуул койду. Алардын 55и жок кылынганын, 12 жерге ракета тийгенин украин Куралдуу күчтөрү кабарлады.