Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:25

Соңку чабуулдан Харьковдо эки, Херсондо бир киши каза тапты

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:21 23.2.2026

Украинанын Киев облусунда Орусиянын 22-сентябрга караган түндөгү чабуулунда жараат алгандар 17ге жетти. Алардын төртөө балдар.

Соккуда 100дөн ашык үй, бизнес-объекттер, кампа, кеңсе, гараж жана автоунааларга зыян келтирилгенин Киев облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы Николай Калашник билдирди.

Буга чейин 15 киши жараат алганы кабарланган.

22-февралга оогон түнү Орусия Украинага учкучсуз учак жана канаттуу ракеталар менен жапырт сокку урган. Киевдин Фастов районунда жети киши уранды алдынан куткарылды.

Бориспол, Вышгород, Обухов жана Буча райондорунда да жабыркагандар бар.

Киевдин мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, шаарда соккудан улам бир аял жана бала ооруканага түштү. Башкалаанын Святошинск районунда көп кабаттуу үйдө өрт чыкты. Түнү Одесса облусу да соккуга кабылды.

Украинанын Аба күчтөрү бул түнү Орусия 297 дрон жана 50 ракета менен чабуул койгонун, 33 ракета, 274 дрон жок кылынганын кабарлады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия бул чабуулдары менен энергетика тармагын бутага алганын билдирди.


12:00 23.2.2026

Киевде Орусиянын 22-сентябрга караган түндөгү чабуулунда жараат алгандар 17ге жетти. Алардын төртөө балдар. Соккуда 100дөн ашык үй, бизнес-объекттер, кампа, кеңсе, гараж жана автоунааларга зыян келтирилгенин Киев облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы Николай Калашник билдирди. Буга чейин 15 киши жараат алганы кабарланган.

17:37 22.2.2026

Львов шаарынын мэри Андрей Садовой жекшембиге караган түнү шаарда теракт болгонун билдирди. Мунун алдында полиция шаарда жардыруу болгонун, окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери жабыркаганын маалымдаган.

Садовойдун ырасташынча, 23 жаштагы айым полиция кызматкери мерт болуп, кеминде дагы 14 киши жараат алып ооруканага жеткирилди.

Львов облустук прокуратурасы жардыруунун айрым жагдайы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, жергиликтүү убакыт менен 00:30да полицияга шаардын борбордук көчөлөрүнүн бириндеги дүкөндө уурулук болгону тууралуу кабар түшкөн.

“Патрулдук полиция кызматкерлери айтылган дарекке келгенде жардыруу болгон. Экинчи экипаж барганда жардыруу дагы кайталанган",-деп жазылган маалыматта.

Прокуратура буга байланыштуу кылмыш ишин козгоп тергей баштады.

Кол салууга байланыштуу эч ким жоопкерчиликти ала элек.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

13:50 20.2.2026

АКШ президенти Дональд Трамп 2014-жылы Москва Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандыгы үчүн Орусияга каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн дагы бир жылга узартты. Бул тууралуу маалымат 19-февралда АКШнын өкмөттүк документтеринин жыйнагы болгон Федералдык реестрде жарыяланды.

"Мен №13660 жарлыкта жарыяланган "өзгөчө кырдаалды" бир жылга узартам", - деп айтылат Ак үйдүн башчысы кол койгон документте. Бул буйрукту алгач ошол кездеги президент Барак Обама 2014-жылдын 6-мартында чыгарган.

"Өзгөчө кырдаал" санкциялары кийинчерээк 2017-жылдын 6-мартына чейин, андан кийин дагы бир нече жолу узартылган. Ал "Украинадагы демократиялык процесстерди жана институттарды бузган, анын тынчтыгына, коопсуздугуна, эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келтирген" деп жооптуу жеке адамдардын жана юридикалык жактардын активдерин камоого уруксат берген.

Санкция мөөнөтү Украина боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр уланып жатышына карабастан узартылды.

Женевада Орусиянын Украинага каршы согушун тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча консультациялар 17 жана 18-февралда өттү. Орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский консультацияларды татаал, бирок иштиктүү деп мүнөздөдү. Өз кезегинде Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы жана украин делегациясынын башчысы Рустем Умеров бир катар маселелер такталып калганын белгиледи, бирок "бул этапта чоо-жайын ачыктоого мүмкүн эмес" деп белгиледи. Ал ошондой эле орус тарап менен болгон талкууну "интенсивдүү жана маңыздуу" деп мүнөздөдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG