АКШда Орусиянын президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев баштаган делегация менен сүйлөшүү өткөнүн Ак үйдүн Украина боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф билдирди. Анын айтымында, жолугушуу 11-мартта Флоридада өттү, анда америкалык делегациянын курамында АКШ президентинин кеңешчиси, күйөө баласы Жаред Кушнер жана федералдык сатып алуулар боюнча комиссар Жош Груенбаум болду.
Груенбаум жыл соңунан бери Орусия менен АКШнын делегацияларынын ортосундагы жолугушууларга катышып келет, бирок анын сүйлөшүүлөрдөгү ролу ачык айтыла элек.
Уиткофф бул жолку жолугушуу тууралуу "командалар ар кандай темаларды талкуулап, байланышта болууну макулдашышты" деп, ал эми Дмитриев сүйлөшүүлөрдү "жемиштүү" деп аташты. Мындан башка кеңири маалымат айтылган жок.
Украинада тынчтык орнотуу планын Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп сунуштап, орус, украин жана америкалык өкүлдөрдүн жолугушуулары өткөрүлө баштаган.
Кезектеги сүйлөшүүлөр АКШ Израил менен биргеликте Иранга каршы аскердик операция жүргүзүп, Тегеран каршылыгын көрсөтүп, ошонун айынан Жакынкы Чыгыштагы мунай кризиси жаралган чакта өттү.
Соккуларга жооп катары Тегеран Ормуз кысыгын де-факто жаап салды, бул дүйнө жүзү боюнча күйүүчү майдын баасынын бир топ жогорулашына алып келди. Аталган кысык аркылуу мунайдын болжол менен 20 пайызы дүйнөлүк рынокко жөнөтүлөт. Түзүлгөн жагдайдан улам АКШ Индияга деңиздеги танкерлерде сакталган орус мунайын сатып алууга убактылуу уруксат берди. Вашингтон эгер мунай базарында туруксуздук жаралса орус мунайына карата санкцияларын алып салышы же жумшартышы мүмкүн деген да маалыматтар тарап жатат. Санкциялар орус бийлиги Украинага каршы согуш ачканы үчүн, анын согуштук мүмкүнчүлүгүн алсыратуу максатында жарыяланган.
Орус аскерлери Украинанын аймагын аткылоону улантып, 11-мартта Донецк облусундагы Краматорск шаарына төрт авиабомба менен чабуул коюлганда бир дүрмөт турак жайга тийди. Калаанын аскердик администрациясынын башчысы Александр Гончаренко маалымдагандай, 50 чакты объект зыян тартты, бир киши жабыркады.
Херсондо 91 жаштагы аял 9-мартта орус армиясынын аткылоосунан алган жарааттардан ооруканада көз жумганын облус башчысы Александр Прокудин маалымдады.
Анын жазганына караганда, акыркы 24 саатта бир киши каза тапты, 12 киши, арасында бир бала жарадар болду, 42 айыл-кыштак соккуга кабылды.
Харьковдо жарандык өнөр жай ишканасына урулган соккудан эки киши каза тапты, дагы экөө жарадар болду. Бул тууралуу бүгүн эртең менен шаар бийлиги билдирди. Сокку урулган жерде өрт тутанды.
Сумы облусунун Глухово калаасында 10-мартта бир кишинин өмүрү кыйылды, үчөө жабыркады. Жергиликтүү бийликтин башчысы Олег Григоров кийин алардын бири ооруканада үзүлгөнүн маалымдады.
Далилдерге карабай, Орусия аскердик гана жайларды бутага алганын айтып келет.
7-мартка караган түнү Украинанын Харьков аймагына орус аскерлери жасаган ракеталык чабуулунан жети адам каза болуп, кеминде 15и жаракат алды. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, баллистикалык ракета беш кабаттуу турак үйгө тийген.
Каза болгондордун арасында эки бала жана 65 жаштагы жергиликтүү тургун бар. Жабыркаган төрт адам ооруканага жаткырылды, 11 жаштагы баланын абалы оор деп бааланууда.
Куткаруучулар урандыларды тазалоону улантууда. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, урандылар астында калган адамдар болушу мүмкүн.
Харьковдун Киев районунда ракеталык аткылоодон жалпысынан 19 көп кабаттуу үй жабыркады. Мындан тышкары, мектеп жана соода жайлары зыян тартты.
Ишембиге караган түнү орус аскерлери Киевге ракеталык сокку урушту. Шаардын мэри Виталий Кличконун айтымында, үч райондо ракеталардын сыныктары түшкөн. Жабыркагандар жок.
Одесса облусунда орус дрондору инфратүзүмдүк объектилерге чабуул жасап, ал жерлерде өрт чыкканын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. Запорожьеде орус күчтөрүнүн аткылоосунан улам көп кабаттуу үйдүн 30 батиринин терезелери талкаланып, үч айлык ымыркай кыз жараат алды.
Украинанын темир жол компаниясы жапырт чабуулдардан улам Ровно, Винница жана Житомир облустарында бир катар поезддер багытын өзгөртүүгө мажбур болгонун жарыялады.
Украина Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик-аба күчтөрү билдиргендей, бир түн ичинде орус аскерлери Украинага 509 ракета жана дрон учуруп, анын 472си атып түшүрүлдү. 22 жерде тогуз ракета жана 26 дрондун тийгени катталды.
7-мартта эртең менен Орусия Украинанын Донецк облусунун түндүгүндөгү Краматорск шаарынын борборуна КАБ-500 авиабомбасын таштады. Облустук администрациянын башчысы Вадим Филашкиндин айтымында, кеминде алты адам жараат алды, алардын үчөө балдар.
"Донбасс.Реалии" кабарчысы Сергей Горбатенко билдиргендей, 12 көп кабаттуу үй, беш административдик имарат жана 22 унаа зыянга учурады.
Расмий Киев Венгрия бийлигин Будапештте Украинанын жети жаранын барымтага алды деп айыптады. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига билдирди.
«Бүгүн Будапештте венгриялык бийлик Украинанын жети жаранын барымтага алды. Мунун себептери, алардын саламаттыгы жана алар менен байланышуу мүмкүнчүлүгү азырынча белгисиз», — деп жазды министр X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Сибиганын айтымында, кеп Украинанын ири банкы деп эсептелген «Ощадбанктын» кызматкерлери тууралуу болуп жатат. Алар Австриядан Украинага акча жана баалуу буюмдарды инкассациялык унаалар менен мамлекеттик банктардын ортосундагы кадимки жараяндын алкагында алып бара жатышкан.
Министрдин айтымында, Киев украин жарандарынын дароо бошотулушун талап кылган дипломатиялык нота жөнөттү.
«Ощадбанк» тараткан билдирүүгө ылайык, GPS автоунаалар Будапешттин борборундагы күч түзүмдөрүнүн бирине жакын жерде токтотулганын көрсөтүүдө. Ал эми банктын кызматкерлеринин так кайда экени азырынча белгисиз.
Маалыматта жүк эл аралык эрежелерге жана Европанын бажы процедураларына ылайык расмий катталгандыгы белгиленген. Машинелерде 40 миллион доллар, 35 миллион евро жана 9 килограмм алтын болгон. «Ощадбанк» өз кызматкерлерин жана мүлкүн дароо бошотууну, ошондой эле аларды Украинага кайтарууну талап кылды.
Буга чейин Венгрия Украинага Евробиримдик бөлө турган 90 миллиард евро өлчөмүндөгү насыя берүүнү бөгөттөп, Киевден «Дружба» мунай түтүгү аркылуу Борбордук Европага орус мунайын транзит кылууну кайра жандандырууну талап кылган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-мартта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинага кредит берүү маселесин мындан ары да бөгөттөсө анын дарегин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоокерлерине берерин айткан.