Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:08

Орусия менен Украина үч күнгө ок атышпайт

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:07 25.3.2026

Украинанын Львов аймагында орус армиясынын дрон чабуулунан жаракат алгандар дагы 13 адамга көбөйүп, 20га жетти. Маалыматты 25-мартта шаар башчысы Андрей Садовый жарыялады. Буга чейин жергиликтүү бийлик соккудан эки адам оор жаракат алганын билдирген.

Орусия Украинанын Львов шаарын шейшембиде күндүз дрон менен аткылады, бир дрон шаардын борборундагы Собор аянтында чиркөөнүн жанындагы имаратка тийди.

24-мартта ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат өрттөнгөнү кабарланган, бирок кийинчерээк аймактык аскердик администрация башчысы Максим Козицкий улуттук маанидеги эстелик - Бернард монастырлар комплекси кыйраганын тактады. Ал адистер тарыхый имараттын кыйроо даражасын аныктап жатышканын кошумчалады.

"РБК-Украина" Львовдо дрондор Собор аянтындагы жана дагы эки көчөдөгү турак жайларга тийгенин жазды.

Шейшембиде Орусия Украинанын башка аймактарын да бутага алды. Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, 24-мартта күндүз "Шахед" дрондору менен катуу сокку урулду. Мониторинг жүргүзгөн каналдар жанкечти дрондор жүздөп саналарын билдиришти. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30дарда «Шахеддердин» тобу Херсон, Чернигов облустары аркылуу кирген, кеминде 17 дрон Киевге багыт алганы кабарланган. Кийинчерээк Днепрде, Харьков облусундагы Дергачи шаарында дрондор түшкөн учурлар болгону айтылды.


Шейшембиде кечинде украин Аба күчтөрү Орусия 24-мартта согуш башталгандан берки эң ири жапырт дрон чабуулун жасаганын билдирди. Саат 9:00дан кечки 18:00га чейин 556 учкучсуз учак менен чабуул жасалды. Ал эми 23-мартта жалпысынан миңден ашуун Shahed жана башка ракета, дрондор менен сокку урулган.

Орусия Украинага жапырт соккулар тууралуу комментарий бере элек.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетинен майнап чыкпагандыктан Киев Орусиянын аскердик жөндөмүн алсыратуу максатында анын мунай жана аскердик-техникалык ишканаларын бутага алууга мажбур экенин айтып келет.

00:43 25.3.2026

Украинанын ондон ашуун облусу Орусиянын жапырт соккусуна кабылды

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-марттын кечинде Орусиянын жапырт чабуулунан кийин калыбына келтирүү аракеттери уланып жатканын билдирди.

Зеленский Телеграм каналында Орусия 24-мартка караган түнү 390дон ашуун дрон, ар кайсы типтеги 34 ракета менен сокку урганын, 11 облус андан зыян тартканын, болжолдуу маалыматтар боюнча төрт киши өлгөнүн билдирди.

"Бул сан орусиялык чабуулдан көбүрөөк коргонуу керектигин айгинеледи. Украинага колдоо маанилүү. Абадан коргонуу боюнча макулдашуулардын баары өз убагында аткарылышы маанилүү. Жана дагы Европа ар кандай коркунучтардан коргонуу үчүн абадан коргоо системасы үчүн керектүү сандагы ракеталарды өндүрүүсү маанилүү", – деди Зеленский.

24-мартта орус армиясынын Украинанын Львов шаарынын борборундагы соккусунда ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген имарат өрттөнгөнүн жергиликтүү бийлик билдирди.

Шейшембиге караган түндөгү жапырт чабуулда Полтавада жараат алгандар акыркы маалымат боюнча 12ге жетти. Арасында бала да бар. Турак үй, мейманкана, өндүрүш объектилеринде өрт чыкты.

Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, төрт облуста беш кишинин өмүрүн алган түнкү жапырт чабуулдан кийин 24-мартта күндүз орус күчтөрү "Шахед" дрондору менен катуу сокку урду. Мониторинг жүргүзгөн каналдар жанкечти дрондор жүздөп саналарын билдиришти. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30дарда «Шахеддердин» тобу Херсон, Чернигов облустары аркылуу кирген, кеминде 17 дрон Киевге багыт алганы кабарланды. Кийинчерээк Днепрде, Харьков облусундагы Дергачи шаарында дрондор түшкөн учурлар болгону айтылды.

Орусия Украинага жапырт соккулар тууралуу комментарий бере элек.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетинен майнап чыкпагандыктан Киев Орусиянын аскердик жөндөмүн алсыратуу максатында анын мунай жана аскердик-техникалык ишканаларын бутага алууга мажбур экенин айтып келет.


15:16 23.3.2026

Украин президенти Владимир Зеленский кечки кайрылуусунда Орусия менен Украинанын ортосунда аскер туткундарын алмашуу уланышы ыктымал экенин айтты.

"Бул чындыгында абдан жакшы жаңылык жана дипломатия иштеп жатканынын далили болмок. Бул ишке ашат деп үмүттөнөбүз", - деди Зеленский.

АКШ президенти Дональд Трамптын чабарманы Стивен Уиткофф 21-22-марттагы делегациялардын жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча Х социалдык тармагына сүйлөшүүлөрдө Украина үчүн бекем жана ишенимдүү коопсуздук кепилдигин аныктоо маселеси, аймактагы гуманитардык аракеттер талкууланганын жазды.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров жолугушууларда тараптар коопсуздуктун ишенимдүү кепилдиктери жана аскер туткундарын алмашуу маселелерине көңүл бурганын билдирди.

"Позицияларды макулдашуу жана чечилбеген маселелерди азайтуу боюнча жылыштар бар", - деп жазды Умеров.

Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча тынчтык келишими тууралуу АКШ менен Украинанын сүйлөшүүлөрү 21-22-мартта Флоридада өттү. Америка тараптан жолугушууга президент Дональд Трамптын чабармандары Стивен Уиткофф жана Жаред Кушнер, ошондой эле Ак үйдүн улук кеңешчиси Жошуа Грюнбаум жана АКШ Мамлекеттик департаментинин саясат маселелери боюнча улук кеңешчиси Крис Карран катышты.

Украин тараптан сүйлөшүүлөргө Рустем Умеровдон тышкары Зеленскийдин кеңсе башчысы Кирилл Буданов, тышкы иштер министри Сергей Кислица, ошондой эле Украинанын Жогорку Радасындагы "Эл кызматчысы" фракциясынын жетекчиси Давид Арахамия катышты.

15:16 23.3.2026

22-мартка караган түндө Орусиянын Украинага соккусунан кеминде үч жай тургун мерт кетти, ферма өрттөндү.

Украин бийлигинин маалыматына караганда, акыркы суткаларда Орусия Украинанын бир нече облусун аткылады. Донецкидеги Майдан аймагында бир адам мерт кетип, алтоо жаракат алды.

Херсон облусунда да бир адам набыт болуп, үч киши жаракат алды. Орусиялык аскерлер эл жашаган аймактардагы жарандык инфратүзүмдөрдү бутага алышты. Натыйжада дрондор үч көп кабаттуу үйдү, төрт жер үйдү жана бир административдик имаратты талкалашты.

Сумыда беш адам жаракат алганы кабарланды. Учкучсуз учактардын соккусуна 40тан ашуун айыл-кыштак кабылганын жергиликтүү аскердик администрациялар маалымдашты. Аткылоонун жыйынтыгында жарандык объектилер, үйлөр жабыркады.

"Укрзалізниця" басылмасы Одессада дрон чабуулунан улам поезддин жүргүнчүлөрүн эвакуациялоо учурунда узатуучу мерт кеткенин маалымдады. Ал каршы тилкеде эвакуациялык станцияга келе жаткан поезддин алдында калган.

"Мындан тышкары жүргүнчүлөрдүн бири орто оор жаракат алды. Кырсыкты тыкыр иликтөө уланып жатат, биздин адистер ошол жакта. Жабырлануучунун абалы көзөмөлдө, ага жана кесиптеш-кызматкерибиздин жакындарына колдоо көрсөтүлүүдө ", – деп билдирди темир жол мекемеси.

Өлкөнүн чукул кызматтары маалымдагандай, Чернигов облусун аткылоодон мал фермасында өрт чыккан.

21-мартта орусиялык аскерлер Нежин районундагы энергетикалык объектилерди аткылоосунан Чернигов облусунун жарымы жарыксыз калган.

Орусиялык аскерлер учкучсуз учактар, баллистикалык ракеталар, дрондор менен Украинанын бардык аймактарындагы шаарларды, жарандык мекемелерди бутага алып келет.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды аскердик кылмыш катары сыпаттап, булар атайын жасалганын белгилеп келишет.

Алар соккулар социалдык мекемелерди аткылоо элди электр энергиясы, жылуулук, суу, байланыш, медициналык жардам жана башка маанилүү жашоо шарттарынан ажыратууну көздөй турганын жана геноциддин белгиси экенин баса белгилешет.

Орусиянын бийлиги болсо армиясы согуш учурунда жарандык инфратүзүмдү атайылап бутага алып жатканын танып, аскердик жайларга кол салып жатканын билдирип келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG