Жекшембиде Украинанын Донецк облусундагы Краматорск шаарына Орусиянын чабуулунда үч киши каза тапты. Бул тууралуу украин Башкы прокуратурасы кабарлап, каза тапкандардын бири 13 жаштагы бала экенин кошумчалады.
19 жаштан 84 жашка чейинки алты киши жараат алды.
Ушул эле күнү орус армиясы коңшу Славянск шаарындагы мейманканага сокку уруп, өрт чыккан. Бири киши жараат алганы айтылган.
Николаев облусундагы ооруканада Орусиянын ишембидеги чабуулдарынан жаракат алган 13 жашар секелек каза болду. Ал соккуда он киши жабыр тарткан.
29-мартта Запорожье облусундагы чабуулда бир киши каза тапканы, жараат алгандар бар экени кабарланды.
Краматорск салгылашуулар жүрүп жаткан аймактарга жакын жайгашкан. Орусиянын аскерлери миңдеген жашоочулар калган шаарды байма-бай аткылап турат.
Орусиянын армиясы 29-мартка караган түнү Украинанын аймагына жапырт сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Аба күчтөрү кабарлап, өлкө боюнча 400дөн ашуун «Кинжал» баллистикалык ракетасы менен чабуул болгонун билдирди.
Жергиликтүү полиция Харьков облусундагы аткылоодон жети киши жабыркаганын маалымдады. Жарандык машинага дрон түшкөн учурда үч киши жараат алды. Дагы үчөө турак жайдагы соккуда жабыркаган. Алардын бири 90 жаштагы аял.
Одессада дрондор энергетикалык объектилерге сокку уруп, бир нече калктуу конуштарда көйгөй жаралганын өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.
Донбасс.Реалий басылмасынын журналисти билдиргендей, орус армиясы Донецк облусундагы “Украина” отелине сокку уруп, өрт тутанган. Бир киши жараат алганы кабарланууда.
Чернигов, Сумы облустарында дрон чабуулунан кийин жыгач иштеткен ишкананын кампасында, башка дагы имараттарда ири өрт тутанды.
Орусиянын 28-марттагы аткылоосунан кийин Николаев облусунда жараат алгандардын саны өсүп, 10го жетти.
Орусия соңку чабуул тууралуу комментарий бере элек.
Согуш шартында тараптардын маалыматын көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн эмес.
Орусиянын Ленинград облусундагы Усть-Луга порту акыркы күнү үчүнчү жолу дрон чабуулуна туш болду. Жергилүү бийлик ондогон учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнүн, жараат алгандар жок экенин,бирок порт зыянга учураганын билдирди. Кийинчерээк портто тутанган өрт өчүрүлгөнү кабарланды.
Соңку күндөрү Усть-Луга жана Балтика деңизиндеги Приморск ири мунай порту бир нече жолу украин армиясынын аткылоосуна туш болду. Экөөндө тең өрт тутанды.
Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденконун айтымында, түнү аймакта 30 дрон атып түшүрүлдү. Орусиянын Коргоо министрлигинин мааылматына ылайык, түнү менен жалпысынан 200 украин учкучсуз учагы жок кылынды. Канчасын атып түшүрүү мүмкүн болбогону маалыматта айтылган эмес.
Петербургда Пулково аэропортунда кайрадан чектөө киргизип, ондогон каттамдардын багыт өзгөрсө, айрымдары учпай калды.
Украинанын армиясы Усть-Лугага урулган соңку сокку тууралуу комментарий бере элек. Бул өлкөнүн Телеграм каналдары порттун өрттөнүп жатканы тартылган видеолорду жарыялап жатат.
28-мартка караган түндө орус аскерлери Одессага дрон менен жапырт сокку урушту. Облустук администрация башчысы Сергей Лысак соккудан эки адам мерт кеткенин билдирди.
Бир адамдын сөөгү урандылардын алдынан табылган, экинчиси ооруканада каза тапты. Кеминде 11 адам жаракат алганы, арасында 9 жаштагы бала бар экени кабарланды.
Украинаны калыбына келтирүү боюнча вице-премьер-министр Алексей Кулеба Одесса облусунда порттогу инфратүзүм чабуулга кабылганын, дрон дан сакталган кампага тийгенин билдирди.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, шаардын өзүндө төрөт үйлөрүнүн биринин чатыры жабыркады, андагы 80 адам эвакуацияланды.
Приморскиде, Хажибей жана Киев райондорунда бир нече жер үй жабыркады. Бир катар көп кабаттуу үйлөрдө балкондору, терезелер сынган, өйдөңкү кабаттарда өрт чыккан. Жер үйлөр да өрттөнүп, ондон ашуун автоунаа зыянга учурады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский түн бою Одессага 60тан ашуун дрон чабуулу жасалганын билдирди.
"Эч кандай аскердик мааниси жок: бул карапайым жарандардын өмүрүнө карата чыныгы террор. Зыян тарткан объектилердин арасында төрөт үйү, турак жай имараттары, ишканалар, порт жана маанилүү инфраструктура болгон", - деп жазды ал өзүнүн Telegram каналында.
Орус армиясы бул түндө Одессадан тышкары Полтава жана Днепропетровск аймактарын да аткылады. Полтаванын облустук администрация башчысы Виталий Дьяковнич билдиргендей, Полтава районунда дрон үйгө жана өнөр жай объекттерине тийген, бир адам мерт кетти.
Кривой Рогдо өнөр жай ишканасы жабыркаганы, мерт кеткендер жана жаракат алгандар бар экенин ишембинин таңында облус башчысы Александр Ганжа маалымдады.
Украин Аскер-аба күчтөрүнүн маалымдашынча, 28-мартка караган түндө Орусиядан Украинага 273 учкучсуз учак жиберилген. Анын 252си жок кылынган.
"21 дрон 18 локацияга тийгени жана тогуз жерге дрон сыныктары түшкөнү катталды", - деп жазылды маалыматта.
Орусия азырынча түн ичиндеги чабуул тууралу комментарий бере элек.