Орусиянын Новокуйбышев шаарында өнөр жай ишканасына дрон соккусунда бир киши каза тапты, жараат алгандар да бар экенин Самара облусунун башчысы Вячеслав Федорищев билдирди. Ал кайсы ишкана бутага алынганын тактаган жок.
Буга чейин украиналык дрон Новокуйбышев мунай заводуна бир нече жолу сокку урган.
Нижний Новгороддогу Кстово районундагы мунай заводу да кайра чабуулга кабылып, жарылуулар болгону кабарланды.
Дрондор аннексияланган Крымга да чабуул койгону айтылды. "Крымский ветер" жана Exilenova+ Телеграм каналдары Феодосиядагы мунай заводуна сокку урулганын жазып жатышат.
Орусиянын түштүгүндөгү Туапсе шаарында болсо учкучсуз учактардын чабуулунан кийин мунайды кайра иштетүүчү завол менен "Роснефтинин" деңиз терминалы өрттөнгөн.
Өрттүн түтүнү 300 километр аралыкка жеткенин спутниктен тартылган сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Жергиликтүү тургундар Туапседе май аралашкан жамгыр жааганын жазышты.
Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болду. Орус аскерлери Украинага күн сайын сокку уруп жатат. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.
Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясынын каржы булагы деп эсептелген мунай заводдорун жана башка объектилерин маал-маалы менен бутага алып келет.
Орусия Днепр жана Житомирге сокку урду, бир нече кишинин өмүрү кыйылды
Орусиянын армиясы 23-апрелге караган түнү Украинанын Днепр шаарына сокку уруп, каза тапкандар үч кишиге жетти. Бул тууралуу шаардын мэри Борис Филатов билдирди.
Буга чейин Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа эки киши каза болуп, ону ар кандай жараат алганын, анын төртөө орточо оор абалда ооруканага жаткырылганын кабарлаган.
Бейтапканага түшкөндөрдүн экөө 9 жана 14 жаштагы кыздар.
Жергиликтүү бийлик соккунун кесепетинен көп кабаттуу турак жайдын жогорку кабаттарында өрт чыкканын маадымдаган.
Орусиялык аскерлер Житомир облусунун жарандык транспорттук инфраструктурасына да сокку уруп, бир аял каза тапканын дубандын аскердик администрациясынын жетекчиси Виталий Бунечко кабарлады.
Өткөн түнү орус армиясы Украинага 155 дрон учурган, анын 139у жок кылынган.
Орусиянын Коргоо министрлиги аткылоолор тууралуу комментарий бере элек.
Украина жана эл аралык уюмдар Орусиянын жарандык инфраструктурага жана жай тургундарга багытталган соккуларын согуш кылмышы деп эсептейт. Далилдерге карабай Москва муну танып, соккулар аскердик буталар урулуп жатканын айтып келет.
21-апрелге караган түнү Орусия Украинанын Сумы шаарына сокку урду. 15 киши жараат алды, арасында 13, 15 жана 17 жаштагы кыздар бар.
Баары ооруканага жаткырылганын Телеграм каналында Сумы облустук администрациясынын башчысы Олег Григоров билдирди.
Жапа чеккендердин көбү улгайган адамдар.
Сумы шаардык аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Кривошеенко маалымдагандай, чабуулда көп кабаттуу үйлөр, инфраструктура объектилери жана автоунааларга зыян келтирилген.
"Полиция медициналык жайлардын биринин чатырына сокку тийген фактыны каттады", — деп билдирди Украинанын Улуттук полициясы.
Украинанын Аба күчтөрү 21-апрелге оогон түнү орусиялык армия эки баллистикалык "Искендер" ракетасы, 143 учкучсуз аппарат менен чабуул койгонун маалымдады. 116 дрон атып түшүрүлгөн.
Евробиримдик Украинага 90 млрд евро насыя бөлүү боюнча акыркы чечимди 22-апрелде кабыл алууга ниеттенип жатат.
Бул тууралуу Еврошаркетке төрагалык кылып жаткан Кипрдин расмий өкүлдөрүнүн бири AFP агенттигине кабарлады.
Маалыматка караганда, насыя бөлүү үчүн керек болгон "акыркы элемент" биримдикке мүчө 27 мамлекеттин Туруктуу өкүлдөр комитетинин Брюсселдеги отурумунун күн тартибине киргизилет.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Польшада журналисттерге Венгрияда өткөн аптадагы шайлоодо Виктор Орбан жеңилгенден кийин насыяга коюлган бөгөт алынат деген оптимисттик маанайда турганын айткан.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери быйыл 23-февралдагы жолугушууда Орусияга каршы санкциялардын 20-пакети боюнча бир пикирге келе алган эмес. Венгрия Орусияга каршы санкциянын 20-пакетин жана Украинага насыяны бөгөттөгөн.
Венгрия, Словакия жана Чехия бул насыяга кепилдик берүүгө да макул болгон жок.
Өткөн жылдын декабрында насыя берүү чечими Евробиримдик өлкөлөрү Украинаны каржылоо үчүн Орусиянын эсеби жабылган активдерин колдонуу боюнча бир пикирге келе албай калгандан кийинки компромисстик кадам болгон.
Венгрия жана Словакиянын бийликтери Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнүн Украинага колдоосун сынга алып, муну "тынчтыкты көздөө аракети" катары түшүндүргөн. Алардын бул позициясы эл аралык коомчулукта көп учурда "орусиячыл саясат" катары сыпатталып келет.