2-майдын таңында Херсондо Орусиянын дрону кичи автобуска тийип, эки адам мүрт кетти. Бул тууралуу калаанын аскердик администрация башчысы Ярослав Шанько билдирди. Ал дагы жети жүргүнчү жаракат алганын кошумчалады.
Харьков түнү бою дрон чабуулуна кабылды. Дрон Шевченко районундагы көп кабаттуу имаратка тийген. Харьков аймактык аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, бир киши жаракат алды.
Андан тышкары, Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматында, Харьков облусундагы Васищево айылына жасалган дрон чабуулунан алты адам, анын ичинде бир бала жараат алды.
Украинанын Аскердик-аба күчтөрү түндө Орусия Украинага 163 дрон атканын, анын 142си жок кылынганын кабарлады.
Украина жана эл аралык уюмдар Орусиянын жарандык инфраструктурага жана жай тургундарга багытталган соккуларын согуш кылмышы деп эсептейт. Далилдерге карабай Москва муну танып, соккулар аскердик буталарга урулуп жатканын билдирип келет.
Орусиянын президенти Владимир Путин 29-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Москва 9-май Жеңиш күнүнө карата Украинада атышууну токтото турууга даяр экенин билдирди.
Орусиянын демилгеси менен өткөн сүйлөшүү бир жарым сааттан ашык убакыт уланды. Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, баарлашуу "достук маанайда, ачык жана иштиктүү" өттү.
Трамп да сүйлөшүүнү "жакшы маектешүү" деп атап, Путинге Украинадагы согушта "бир аз тыныгууну" сунуш кылганын айтты. "Аны жасай алат деп ойлойм", - деп кошумчалады Трамп жана сүйлөшүү биринчи кезекте украин маселесине багытталганын кошумчалады.
Ал эми орус тарап Жеңиш майрамына карата согушта тыныгуу жарыялоону Москва сунуш кылганын айтууда.
Путин менен Трамп буга чейин телефон аркылуу былтыр 28-декабрда сүйлөшкөн.
Орусия менен Украина 11-апрелде да Пасха майрамына карата атышпай турууга макул болгонун жарыялашкан, бирок эки тарап тең бири-бирин "мунасаны бузду" деп айыпташкан.
Орусиянын Перм аймагында "Транснефть" мунай ишканасына караштуу станция тарапта 30-апрелге караган түнү жарылуу болгонун жергиликтүү тургундардын маалыматына таянып орусиялык жана украиналык Телеграм каналдар жазып жатышат.
Алардын белгилешинче, ишкана 29-апрелде украин дрондорунун чабуулуна кабылган, соккулар 30-апрелдин түнүндө да кайталанган болушу ыктымал.
Социалдык түйүндөрдө жарыяланып жаткан сүрөт жана видеолордон "Перм" өндүрүш-диспетчердик станциясынын аймагын түтүн каптап жатканын көрүүгө болот.
Орусиялык Shot Телеграм каналы Пермде бир нече жарылуу угулганын жана абадан коргонуу тууралуу эскертүү берилгенин билдирди. Жергиликтүү тургундар шаардын түштүгүндө эки же үч жолу жарылуу угулганын айтышты. Дагы бир орусиялык Mash каналы Пермге Украинанын Куралдуу күчтөрү алыскы аралыкка учуучу дрон менен чабуул койгонун жазды. Украинанын мониторинг каналдары да ушундай эле маалыматты жарыялап, жарылуулардын жана өрттүн сүрөттөрүн, видеолорун чыгарып жатышат.
Перм крайында аэропортто учактардын конуусуна жана учуусуна убактылуу чектөө киргизилди.
Украинанын Коопсуздук кызматы 29-апрелдин түнүндө Пермдеги ишканага сокку урганын ырастаган жана мунай сактоочу цистерналар өрттөнүп кеткенин билдирген.
Перм өндүрүш-диспетчердик станциясынын "Транснефть-Прикамье" компаниясы үчүн борбордук мунай насостук станциясы болуп саналат, ал ар кандай маркадагы мунайды аралаштырып, андан кийин аны Сургут-Полоцк, Холмогор-Клин, Перм-Альметьевск жана Перм-Лукойл-Пермнефтеоргсинтез магистралдык куурлары аркылуу ташыйт. Станциянын аймагында сактоочу цистерна паркы да жайгашкан.
Жакында эле украин күчтөрү Кара деңиздеги Туапсе портундагы орусиялык ири мунай сактоочу жайга бир нече жолу сокку урушкан. Ал жер катуу өрттөнүп, аймакка "мунай жамгыр" жааган, мунай ташуу токтогону маалымдалган.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.
Орусиянын Хабаровск аймагындагы аскердик гарнизондо жардыруу болуп, бир адам каза тапты, бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу «ВЧК-ОГПУ» жана Khabara Телеграм каналдары жазышты.
Маалыматка караганда, чабуул генерал-майор Азатбек Омурбековду жок кылуу максатында коюлган болушу мүмкүн.
Жардыруу гарнизондогу №55 үйдүн кире беришинде болгон. Бомба тепкичке коюлган. Натыйжада подполковник Кузьменко каза болуп, Омурбеков аман калган. Бирок анын абалы тууралуу маалымат жок.
Khabara жазгандай, жардыруу 28-апрелде эртең менен болгон. Үч-төрт киши жаракат алган.
Расмий бийлик бул окуя боюнча азырынча маалымат бере элек.
Азатбек Омурбеков 2022-жылы Хабаровск крайында жайгашкан №64 өзүнчө мото аткычтар бригадасын жетектеген. Ал Украинанын Буча шаарындагы кыргынга айыпталып келет. Орусиянын Коргоо министрлиги бул айыптоолорду четке каккан.
Бирок Associated Press жана Би-би-си сыяктуу эл аралык медиалар өз иликтөөлөрүндө жарандардын өлүмүнө орус аскерлери тиешеси бардыгын көрсөтүшкөн.
Украинанын прокуратурасы оккупация маалында Бучада 600дөн ашуун карапайым киши өлтүрүлгөнүн, көбү кыйноого кабылганын аныктаган.
2022-жылдын жай айларында ошол эле бригаданын жоокери Даниил Фролкин журналисттерге интервью берип, оккупациядагы Андреевка айылында жаранды өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал ошондой эле Омурбеков жоокерлерди сабап, кемсинткенин жана фронттогу кырдаал тууралуу бурмаланган маалымат бергенин айткан.
Кийин Фролкин «жалган маалымат таратты» деген айып менен 5,5 жылга соттолгон. Аны менен бирге кызмат өтөгөн аскерлер Омурбеков жарандарды, айрыкча уюлдук телефону бар адамдарды атууга буйрук бергенин билдиришкен.
Бучадагы окуялардан кийин ага орус президенти Владимир Путин «Орусиянын Баатыры» наамын ыйгарган.
Омурбековго АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдик санкция киргизген.
Омурбеков 1983-жылы Өзбекстандын Каракалпак автоном облусунун башкы каласы Нукус шаарында төрөлгөн.