Өткөн жылдан бери Владимир Зеленскийди коштоп келе жаткан жаңжал кайрадан күн тартибине чыкты. Украинанын коррупцияга каршы мекемелери расмий билдиргендей, президенттин кеңсесин 2025-жылдын дээрлик соңуна чейин жетектеген Андрей Ермак миллиондогон долларларды адалдоо схемасына байланыштуу шектелип жатат. Азырынча бул расмий айыптоо эмес.
2025-жылы башталган тергөөдөн Зеленский олуттуу саясий кесепеттерден качуу максатында бир нече кадам жасоого аргасыз болгон. Ал беш жылдан ашуун убакыт президенттик администрацияны жетектеп келген, таасирдүү Ермакты кызматтан кетирүү чечимин кабыл алган.
Бул окуя Украина орус армиясынын толук масштабдуу баскынчылыгына каршы беш жылдан бери каршылык көрсөтүп жаткан маалда болду. Андан тышкары Вашингтон ортомчулук кылган тынчтык сүйлөшүүлөрү АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунун улам токтоп турган кезге туш келди.
Жемкорлук чуусу Зеленскийге жана Украинадагы кырдаалга кандай таасир этиши мүмкүн?
«Дээрлик бир бүтүн»
Көптөгөн украиналыктар Зеленский менен Ермакты ал былтыр ноябрда кызматтан кеткенине карабастан дээрлик ажырагыс адамдар катары кабыл алышат. Алардын байланышы Зеленский 2019-жылы президенттикке келгенге чейин, болжол менен он жыл мурда башталган.
«Алар бири-бири менен ушунчалык жакын болгондуктан дээрлик бир бүтүн адамдай болуп калышкан», — деп айткан Киевдеги Penta саясий изилдөөлөр борборунун жетекчиси Владимир Фесенко былтыр ноябрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна курган маегинде.
Мындай жакын мамиле жана Ермактын айланасындагы ар кандай жаңжал Зеленскийге да түздөн-түз таасир этиши мүмкүн дегенди билдирет.
«Владимир Зеленскийден айырмаланып Андрей Ермакты эл шайлаган эмес. Аны администрация башчысы кылып дайындаган жана кийин ал колдонгон бардык ыйгарым укуктарды берген адам Владимир Зеленский», — деди Киевдеги Дүйнөлүк саясат институтунун директору Евгений Магда 12-майда Current Time каналына.
«Вова»
11-майда Украинанын Улуттук антикоррупциялык бюросу (НАБУ) жана Адистештирилген антикоррупциялык прокуратура (САПО) «Киевдин жанындагы абройлуу курулушта 460 миллион гривнаны (10,5 миллион доллар) мыйзамдаштырууга», башкача айтканда, акча адалдоого тиешеси бар уюшкан топтун бети ачылганын билдиришти.
Кеп «Династия» деп аталган элиталык турак жай комплекси тууралуу болуп жатат.
Антикоррупциялык органдардын маалыматына караганда, бул курулушка энергетика тармагындагы коррупциялык схемалар аркылуу алынган 100 миллион доллардын бир бөлүгү жумшалган.
Бул ири коррупциялык жаңжалдын бир бөлүгү катары шектүүлөрдүн «Хирург» жана «Али Баба» сыяктуу каймана аттарды колдонуп сүйлөшкөн аудиожазуулары да бар. Алар «Династия» долбоорун да талкуулашкан. Ошол сүйлөшүүлөрдүн биринде комплекстеги үйлөрдүн бири «Андрийге», экинчиси «Вовага» арналганы айтылганы кабарланган.
«Вова» Владимир деген ысымдын кыскартылган формасы болгондуктан бул Зеленский тууралуу сөз болушу мүмкүн деген божомолдор жаралган.
12-майдагы маалымат жыйынында НАБУнун башчысы Семен Кривонос Зеленский «тергөөнүн объектиси болгон эмес жана болгон жок» деп билдирди.
Анын айтымында, учурдагы тергөөнүн алкагында «айрым мүлк кимге таандык экени боюнча ар кандай тергөө версиялары каралууда».
Зеленскийдин коммуникациялар боюнча кеңешчиси Дмитрий Литвин 11-майда Ермакка коюлган айып тууралуу комментарий берүү азырынча эрте экенин айтып, муну юридикалык процесстин уланып жатышы менен түшүндүрдү.
Ермак журналисттерге ага Киевдеги батири гана таандык экенин айткан. Адвокаты Игорь Фомин болсо «Суспільне» коомдук телеканалына берген комментарийинде Ермактын акча адалдоо схемасына тиешеси бар экенин четке какты.
Согуш жана Батыш
Серепчилердин айтымында, Зеленский бул жаңжал Батыштагы аброюна жана Орусиянын чабуулуна каршы күрөштө Европа менен АКШнын колдоосунун келечегине кандай таасир этет деп тынчсызданышы мүмкүн.
Чыныгы же болжолдуу коррупция 1991-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин Украина көз карандысыздык алгандан бери Киевдин Батыш менен мамилесине тоскоол болуп келген.
Бул жаңжал Украина Евробиримдикке мүчө болууга аракет кылып жаткан учурда да тутанды.
АКШнын жардамы дээрлик токтогон. Азыр Европа өлкөлөрү Кошмо Штаттардан курал сатып алып, аны Украинага жеткирген программа гана иштеп жатат.
Киев Батыштын курал-жарагынан көз карандуулугун азайтуу багытында олуттуу кадамдарга барды.
Бирок Кошмо Штаттарда өндүрүлгөн Patriot ракеталары сыяктуу курал Украина үчүн дагы эле өтө маанилүү бойдон калууда.
Дипломатиялык фронтто Зеленский бул иш АКШ президенти Дональд Трамп жана анын администрациясы менен ансыз да чыңалган мамилесине кандай таасир этет деп да кооптонушу мүмкүн.
Айрыкча Вашингтон Киевге азыр көзөмөлдөп турган Донецк облусунун айрым бөлүктөрүн Москвага өткөрүп берүү же тынчтык келишиминин алкагында башка оор макулдашууга баруу үчүн басымды күчөтөбү деген суроо жаралууда.
Азырынча Зеленский үчүн окуялар акырындап өнүгүшү пайдалуу болуп турат. Ноябрдын аягында НАБУ менен САПО Ермактын кеңсесинде тинтүү жүргүзгөндөн бир нече саат өткөн соң ал кызматтан кеткен. Ошондуктан анын шектүү катары жарыяланышы чоң күтүүсүз окуя болгон жок.
Бирок эгер ал бул ишке тиешеси бар айрым адамдар сыяктуу эле Украинадан качып кетсе, анда бул Зеленскийдин кырдаалды көзөмөлдөөсү боюнча чоң суроолорду жаратмак.
Саясий тыныгуу
Ноябрь айынын башында Зеленскийдин эски досу жана көп жылдык өнөктөшү, энергетика тармагындагы коррупциялык схемага тиешеси бар делген негизги фигуралардын бири Тимур Миндич тергөө боюнча рейддер башталардан бир нече саат мурун такси менен Польшанын чек арасынан чыгып кеткен. Бул тууралуу «Схемалар» иликтөө долбоору аныктаган.
Дагы бир маанилүү фигура, мурдагы энергетика министри Герман Галущенко февралда поезд менен Украинадан чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда кармалган. Эртеси ага акча адалдоо боюнча айып тагылган.
Ермакка коюлган айыптар алдыдагы жумаларда же айларда кандай кесепеттерге алып келбесин, азырынча Зеленский эң олуттуу саясий коркунучтардан корголуп турат.
Себеби орус армиясы Украинага бастырып киргени өлкөдө аскердик абал киргизилген жана ал шайлоо өткөрүүгө тыюу салат.
Бирок орус баскынчылыгына каршы украин коомунун биримдиги Зеленский үчүн саясий артыкчылык болгону менен бул анын коомдук нааразылыктан толук корголгонун билдирбейт.
Былтыр жайында Зеленский НАБУ менен САПОну жабууга аракет кылган. Анда ири нааразылык акциялары тутанган соң өз чечимин кайра кайтарууга аргасыз болгон.
Анын каршылаштары бул мыйзам кабыл алынса Зеленский менен Ермактын тушунда мамлекеттик көзөмөл күчөп, авторитаризмге жол ачылмак деп эскертишкен.
Сынчылар Ермакты бул мыйзамдын артында туруп, коррупциялык тергөө президенттин айланасына, анын ичинде өзүнө чейин жетпеши үчүн аракет кылган деп айыпташкан.
Орусиянын армиясы 13-майга караган түнү Украинага 139 учкучсуз учак менен сокку урду, анын 111и жок кылынды. Бул тууралуу Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү билдирди.
Полтава облустук аскердик администрациясынын башчысы Виталий Дякивнич электр станцияларына сокку урулганын айтты. Анын айтымында, соккулардын кесепетинен 6,5 миңден ашуун абонент, 548 ишкана жарыксыз калды.
Одессада өнөр жай инфраструктурасына чабуул коюлуп, кампалар жана чарбалык курулуштарга зыян келтирилди.
Орус армиясы түндө Харьков шаарынын Холодногорск районунда инфраструктура объектилерин бутага алды. Ал жакта өрт чыкканын шаардын мэри Игорь Терехов кабарлады.
Сумы облусундагы Глухов шаарындагы соккунун кесепетинен гараж кооперативинин аймагында өрт тутанды.
Орусиянын Коргоо министрлиги 13-майга караган түнү 14 аймакта, аннексияланган Крымда, Азов жана Кара деңиз акваториясында Украинанын 286 дронун атып түшүргөнүн билдирди.
Краснодар крайында Волна кыштагындагы ишкананын аймагына дрон кулап, өрт чыкканын жергиликтүү бийлик билдирди. Бир киши жабыркаган, өрттү өчүрүүгө 96 адам, 29 техника тартылган.
Дагы бир киши Таман кыштагына дрон чабуулу учурунда жараат алды. "Крымский ветер" Телеграм каналы спутниктен алынган маалыматтарга таянуу менен Таман портундагы мунай базасында өрт чыкканын жазды.
Ярослав облусунун губернатору Михаил Евраев өнөр жай ишканасына дрон калдыгы түшкөнүн, эч ким жабыркабаганын кабарлады.
Астрахандагы газды кайра иштетүүчү заводдо да учкучсуз учактардын калдыктары кулатылганда өрт тутанганын облус башчысы Игорь Бабушкин маалымдады.
Москванын мэри Сергей Собяниндин билдирүүсүндө, борборду көздөй учурулган эки дрон атып түшүрүлдү.
Башкырстанда "Нурлино" өндүрүш-диспетчердик станциясында өрт чыкканын Телеграм каналдар кабарлашты. Өрттүн себеби аныктала элек.
Astra каналы аймакта абадан коркунуч тууралуу белгилер жарыяланбаганын жазды. Жергиликтүү бийлик кийинчерээк үч киши жабыркаганын, экөөнүн абалы өтө оор экенин билдирди.
Өрттүн алдында жарылуу болгону айтылды. Бийлик дрон чабуулу эмес, технологиялык бузулуу болгонун маалымдап жатат.
Украина Орусиянын аймактары жана аннексияланган Крымга соккулар тууралуу комментарий бере элек.
Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болду. Ошондон бери орус аскерлери Украинага күн сайын сокку уруп жатат. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.
Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясынын каржы булагы деп эсептелген мунай заводдорун жана башка объектилерин маал-маалы менен бутага алып келет.
АКШ президенти Дональд Трамп 12-майда Кытайга учар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Владимир Путин менен "Донбассты бүт бойдон Орусия алат" деген келишимге барбаганын билдирди.
Журналисттин Путин экөөнүн ортосунда Орусия Донбассты бүт алат деген "түшүнүк" болду беле деген суроосуна Трамп кыскача "жок" деп жооп берип, жагдайын айткан жок.
ТАССтын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып Трамп быйылкы жылы Орусияга барарын, Украинадагы согуштун аякташына "колдон келгенди" кыларын айтты. Ал ошондой эле согуштун аягы жакын калганы тууралуу оюн да билдирди.
Москва украин аскерлеринин Донецк облусунун аймагынан чыгып кетишин Украинадагы согушту токтотуунун шарты деп атап келет. Орусиянын жогорку деңгээлдеги ишмерлери акыркы күндөрү бир нече жолудан бул Москва Киевден күтүп жаткан негизги чечим экенин айтышты.
Ачык айтпаганы менен орусиялык өкүлдөр былтыр августта бул маселе АКШ менен Орусия лидерлеринин Анкориждеги жолугушуусунда талкууланганын ишара кылып келишет.
Украинанын бийлиги Донбассты Орусияга өткөрүп берүү талабына макул эместигин билдирип келет.