Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:13
Киев. Орусиянын чабуулунан кийин тутанган өрт.
Киев. Орусиянын чабуулунан кийин тутанган өрт.

Киевдеги ракеталык чабуул: Өрт тутанып, адамдар жабыркады

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




22:51 16.5.2026

Орусия согушта кайтыш болгон 528 жоокердин сөөгүн Украинага кайтарды. Бул тууралуу Аскер туткундары менен иш алып барган Координациялык штаб билдирди. Орус тараптын маалыматына ылайык, сөөктөр украиналык аскерлерге таандык деп болжолдонуп жатат. Украинада алардын тек-жайын аныктоо иши жүргүзүлөт.

Мунун алдында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Шамсаил Саралиев РБК агенттигине 15-майда Украина менен сөөктөрдү алмашуу күтүлүп жатканын айткан. Киевге 528 сөөк өткөрүлөрүн, Москвага 41 сөөк кайтарыларын билдирген.

Украина тарап бул репатриацияны уюштурууга көмөктөшкөн Эл аралык Кызыл Чырым комитетине ыраазычылык билдирди.

15-майда Москва менен Киев “205ке 205” формуласы боюнча туткун алмашты. Украина президенти Владимир Зеленский бул “1000ге 1000” форматындагы ири алмашуунун биринчи баскычы экенин билдирди. Ар бир тараптан миңден туткун алмашуу 9–11-май күндөрү АКШ президенти Дональд Трамптын кийлигишүүсү менен жетишилген ок атышууну токтотуу келишиминин бир бөлүгү болуп саналат.

Москва сөөктөрдү алмашуу тууралуу расмий маалымат тарата элек.

12:09 15.5.2026

15-май күнү эртең менен жаңыртылган маалымат: Украинанын өзгөчө кырдаалдар мекемеси билдиргени боюнча, борбор калаа Киевдин Дарницкий районунда орусиялык соккудан улам каза болгондордун саны таңкы саат 6:00гө карата 24 адамга жетти.

Өмүрү кыйылгандардын үчөө балдар.

Киевде эки бала менен кошо жалпысынан 47 адам жаракат алган. Отуз адам куткарылган.

11:55 15.5.2026

Бейшемби, 14-майга караган түнү орусиялык күчтөр Киевге ракета жана дрон менен катуу сокку урду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын (ЧМК) Telegram каналында жарыялаган 15-майга карата акыркы маалыматтарына караганда, кол салуудан кеминде 21 адам, анын ичинде үч бала каза болду. Ондогон киши жараат алды.

Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматы андан мурдараак тараткан маалыматында Орусиянын соккусунан 47 адам, анын ичинде эки бала жаракат алганын билдирген. Киевдин мэри Виталий Кличко шаардык ооруканаларда 27 жарадар адам ооруканада жатканын билдирди.

Киевдин түштүк-чыгышындагы Дарницкий районунда турак жайдын көп кабаттуу имараты жарым-жартылай урап, 28 адам урандылардын астынан куткарылды.

15-май шаарда орусиялык чабуулдун курмандыктарына арналган Аза күтүү күнү деп жарыяланганды. Бул күнү Киевдеги бардык муниципалдык имараттарда мамлекеттик желектер жарым-жартылай түшүрүлөт. Андан тышкары, 15-майда шаарда бардык көңүл ачуучу иш-чараларга тыюу салынат.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Киевге жасалган ири аба соккусуна жооп катары БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү демилгелеп жатканын жарыялады.

"Мен Орусиянын украин жарандарын өлтүрүүсүнө жана гуманитардык кызматкерлерге кол салууларына жооп кайтаруу үчүн тез арада БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүгө жана башка эл аралык платформаларды колдонууга буйрук бердим. Орусиянын террорунун мындай масштабы чечкиндүү эл аралык жоопту талап кылат жана мен бардык мамлекеттерди жооп кайтарууга чакырам", - деди ал.

22:40 14.5.2026

Киевде Орусиянын соккусунан каза тапкандар тогузга жетти. Куткаруучулар урандылардын алдынан дагы бир адамдын сөөгүн алып чыкканын Киев шаардык аскер администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко билдирди.

Муну менен каза болгондордун саны тогузга жетти. Сокку болгон жерде издөө-куткаруу операциясы уланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG