24-майда Украинага карата аткылоонун натыйжасында жүздөй адам жабыркап, төртөө каза болду
Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде 30дай имарат талкаланганын билдирди.
"Биздин адамдардын бири-бирин колдогону маанилүү. Мен жабыр тарткандарга жардам берген ар бир адамга ыраазычылык билдирем. Биздин өнөктөштөрдүн мындан аркы колдоосу дагы маанилүү. Азыр колдоосун билдирген ар бир жаранга ыраазымын. Бирок абадан коргонуу күчтөрүн чыңдоого конкреттүү кадамдар керек", - деп жазды Украинанын президенти.
Буга чейин Киевдин мэри Виталий Кличко Украинанын борборундагы аткылоодон эки адам каза таап, 77и жараат алганын билдирди.
Украинага ракеталык соккулар, талкаланган Киев
Киев шаары. Орусиянын ракета жана дрон чабуулунан кийинки көрүнүш. 24-май
"Орешник" ракетасы өзөктүк сокку урууга багытталган,, аны башка курал-жабдууда колдонуу натыйжасыз деп эсептелет. Ошондуктан Орусия муну колдонуу менен Батышка сес көрсөтүп жатат деген пикирлер бар. Бул куралды колдонуу аракети конфликтти күчөтүүгө шарт түзөт. Ракета Европанын бардык аймагына жете турган ылдамдыкка ээ.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусиянын Украинага чабуулдары Кремлдин мыкаачылыгын жана адам өмүрү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн тоготпой турганын көрсөткөнүн айтты.
"Карапайым адамдарга карата террор - күчтүүлүктүн эмес, айла кетүүнүн белгиси. Биз Украинаны бекем колдойбуз жана абадан коргонуу системасын чыңдоо үчүн кошумча жардам даярдап жатабыз", – деп жазды ал Х түйүнүнө.
Еврошаркеттин тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Кая Каллас келаткан аптада Батыш мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери Орусияга эл аралык басымды күчөтүү маселесин талкууларын жазды.
"Орусия майданда туңгуюкка кептелди, ошондуктан Украинаны шаарлардын борборун атайлап бутага алган соккулар менен террор кылып жатат", – деди Каллас.
Алар негизинен соккуларда өзөктүк дүрмөт көтөрө ала турган "Орешник" ракеталык системасынын колдонулганына көңүл бурушту. Литванын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу Орусияга нааразылык нотасын жолдоду. Канаданын премьери Марк Карни да соккуларды айыптады.
24-майга караган түнү Орусия Украинага жапырт сокку урган. Акыркы маалыматтарга караганда, андан төрт киши каза таап, 100гө чукулу түрдүү жараат алды.
Украин президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, башкалаа Киевдин өзүндө эле 30дай имарат талкаланды. Арасында "Чернобыль" музейи бар. Украинанын Аба күчтөрү Орусия тарабынан түнү 549 дрон жана 55 ракета учурулганын билдирди.
Орус Коргоо министрлиги жапырт чабуулда "Кинжал", "Циркон" жана "Орешник", "Искандер" ракеталары, учкучсуз учактар колдонулганын ырастап, муну Орусиянын жарандык объектилерине карата украин чабуулдарына жооп деп атады.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери миңдеген киши бейкүнөө ажал тапты, жараат алгандар миңдеп саналат. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдору менен армияны каржылаган башка объектилерге маал-маалы менен чабуул коюп жатат.
- 22-майда орус президенти Владимир Путин Луганск облусунун Орусия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү Старобельскиде коллеж менен жатаканага сокку урулганын билдирип, муну теракт деп атаган. Москва анда 21 киши, негизинен коллеждин жашы жете элек студенттери өлгөнүн жарыялаган. Путин Коргоо министрлигине буга жооп даярдоону тапшырган.
- Украина ал кезде бутага аскердик объект - Орусиянын "Рубикон" борборунун штабы алынган деген жооп кайтарып, Кремлдин айыптоолорун четке каккан.