Орусиянын армиясы 1-июнга караган түнү Украинага 265 учкучсуз учак менен сокку урду, анын 228и атып түшүрүлдү.
Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы тараткан маалыматка караганда, Чернигов облусунда дрон чабуулунан сегиз киши түрдүү жараат алды, алардын үчөө балдар.
Корюков районундагы Сновское кыштагында маданият үйүндө өрт чыкты, Репки айылында менчик чарбага зыян келтирилди.
Харьковдо соккулардан төрт аял жараат алды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы көп кабаттуу турак жайлар, жеңил машинелер жана гараждар бузулганын маалымдады.
Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов чабуулда беш кабаттуу үй жана ага танапташ жайгашкан көп кабаттуу турак жайларга зыян келтирилгенин, эки гараж толук талкаланып калганын соцтармактардагы баракчаларына жазды.
Одессада түнкү соккулардан алты адам жабыркады. Тогуз кабат үйдүн фасады, балкону, административдик имаратына зыян келтирилгени, бир жана эки кабаттуу үйлөр бузулуп, үч автоунаа, буудай кампасы күйүп кеткени кабарланды.
Кийинчерээк Одесса шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак түнкү чабуулдардан жети киши жараат алганын тактады.
Орусия аннексиялап алган Крымдын жана Севастополдун бийлиги күйүүчү май жетишсиздигинен улам бензинге талон тартибин киргизди.
31-майдан тартып жарым аралда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин АТАН жана ТЭС май куюучу жайларында талон менен гана сатылып жатат. Ал эми АИ-92 үлгүсүндөгү бензин бир автоунаага 20 литр эле берилет.
Севастополдо эки үлгүдөгү бензин талон менен сатылууда.
Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксёнов абал 30 күн аралыгында жөнгө салынып каларын билдирди. Севастополду башкарып жаткан Михаил Развожаев чектөөлөрдү кара майдын корун толуктоо үчүн зарыл жана убактылуу кадам деп атады.
Аймакка күйүүчү май жеткирүү Украинанын Аба күчтөрү жарым аралдагы Орусия менен туташтырган логистикалык каттамдарга сокку ургандан кийин көйгөйгө айланды.
Буга чейин жергиликтүү бийлик Крымга "жетүүчү көпүрө" деп аталган кан жолдогу кыймылга чектөө киргизген. Акыркы апталарда жарым аралда күйүүчү май сатууга чектөөлөр болуп, көптөгөн станцияларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин жок болуп жаткан.
"Агентство" Орусияда кара майга талон тартиби өтө сейрек киргизилерин эске салды.
Мындай учур акыркы жолу 2017-жылы Магадан облусунда жергиликтүү бийликтин чечими менен киргизилген. Ага дейре жапырт чектөөлөр 2011-жылы Тува, Приморье жана Амур облустарындагы кара май кризиси маалында катталган.
Учкучсуз учактардын чабуулунан кийин Саратов облусунда "жарандык инфратүзүм объектилери жабыркаганын" облустун губернатору Роман Бусаргин билдирип, бирок кеңири маалымат берген жок.
Украиналык мониторинг каналдар жана ASTRA Телеграм каналы Саратовдогу мунай иштетүүчү ири заводдун аймагында катуу өрт чыкканын жазышты. Түтүн шаардын ар кайсы аймагынан көрүнүп турганы кабарланды.
Саратов мунай иштетүүчү заводу "Роснефть" компаниясынын тутумунда, завод жылына жети млн тоннадай мунай иштетет. 2023-жылы 4,8 миллион тонна мунай иштетилгенин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы белгилеген.
Ростовдо сокку Матвеево-Курган районундагы күйүүчү май сакталган кампага жасалганын облустук бийлик маалымдады. Дрон сыныктарынан улам менчик ишкананын күйүүчү май сактагычы күйгөнүн губернатор Юрий Слюсарь жазды. Матвеев Курган шаарчасында аптека, эки дүкөн жана автоунаа жабыркаган.
Кировдун губернатору Александр Соколов дрон соккусунан соң Уржум районундагы аты аталбаган ишканада өрт чыкканын кабарлады. Украиндердин Exilenova каналы кеп "Лазарево" өндүрүштүк-диспетчерлик станция тууралуу болуп жатканын ырастоодо.
Орусиянын Коргоо министрлиги 31-майга караган түндө жалпы 216 дрон жок кылынганын кабарлады.
Мурдараак Reuters агенттиги тармактагы өз булактарына шилтеме кылып, украин соккуларынан кийин Орусиянын борбор тарабындагы дээрлик бардык мунай заводдору ишин токтотууга же өндүрүштү кыскартууга мажбур болушканын маалымдаган.
"Вот Так" телеканалы Украинадагы согуш башталгандан бери украин армиясы Орусиядагы мунай заводдоруна кеминде 158 ирет сокку урганын эсептеген. 2026-жылдын башынан бери эле украин күчтөрү мунай заводдоруна 30дан ашуун жолу чабуул койду, бул 2024-жылкы көрсөткүчкө караганда үч эсе көп.
Бирок Forbes сурамжылаган эксперттер Орусиянын бир да мунай заводу согуш учурунда соккудан улам узак убакытка токтоп калбаганын айтышкан. Алар күйүүчү май таңкыстыгы ички рынокто сезилбесин, жетишпестик Беларустан айына 200 миң тоннага чейин алынуучу күйүүчү май менен толукталарын айтышкан.
Пермдеги мунай иштетүүчү заводго урулган соккудан кийин Орусиянын Европа бөлүгүндө сокку урулбаган бир да мунай иштетүүчү завод калган жок.
Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын 20-пакетинин алкагында Киев да Москвага жаңы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу ишембиде украин президентинин кеңсесинин маалымат кызматы кабарлады.
Мекеме президент Владимир Зеленский Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин чечимдерин санкцияларга шайкеш келтирүү боюнча эки жарлыкка кол койгонун белгиледи. Жаңы санкциялар буга чейин украиналык чектөөлөрдө турган орусиялык 120 жаранды жана уюмдарды камтыйт.
Жаңы чектөөлөр орусиялык 16 жаранга, Орусия, Беларус, БАЭ, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандын компанияларына жана Украинанын убактылуу баскынчылыкта калган аймактарындагы жалпы 31 ишканага тийиштүү.
Жарандардын арасынан "кара тизмеге" Орусиянын стратегиялык ишканаларынын, бюджеттик мекемелеринин, орус армиясынын жетекчилери жана Орусия басып алган аймактарда иштеп жаткан кызматкерлер кирерин "Азаттыктын" украин кызматы кабарлады.
Алардын ичинде прокурор Людмила Баландина, судья Дмитрий Гордеев жана "Россия-1" телканалынын "Вести" программасын алып барган Мария Ситтель бар. Киев аларды саясий чечимдерге катышы бар жана жалган маалымат таратууга айыптоодо.
Ишканалардын ичинен санкциялар Орусиянын коргонуу өнөр жай компанияларына, электрондук согуш системаларын, программалык камсыздоо жана дрон компоненттерин өндүрүүчүлөргө, ошондой эле мунай, газ жана алтын казуучу компанияларга киргизилди. Тактап айтканда, чектөөлөр Орусиянын аэрокосмостук жана дрон компоненттерин өндүрүүчүсү "Атлант Аэро" жана дрондор жана ракеталар үчүн байланыш системаларын жана компоненттерин чыгаруучу орусиялык "Ирз-Связь" компаниясына тиешелүү.
Мындан тышкары санкциялар украин тараптын арызы менен Бириккен Араб Эмирликтериндеги Орусиянын лабораториялары үчүн станокторду, жабдууларды, химиялык заттарды жана коммерциялык учактар үчүн тетиктерди саткан компанияларга, ошондой эле беларус мунайын экспорттоочуларга да киргизилди.
Санкцияларга Судандын 7, Ирандын 17 жараны жана баллистикалык ракеталар менен дрондорду өндүрүү программасы менен иштеген ирандык 11 ишкана да илинди.
Узап бараткан аптада Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 21-пакетин даярдоого киришкенин билдирген. РБК жазгандай, анын мазмуну азырынча ачыкталбайт. Басылма согуштун экономикалык кесепеттери орусиялыктардын жашоосуна ачык тийе баштаганы Брюсселде белгиленгенин Урсула фон дер Ляйендин сөзүнө шилтеме кылып жазды.