Украинанын лидери Владимир Зеленский Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу сунуштады. "Мен жолугушуу үчүн так күн белгилөөнү сунуштайм", - деп айтылат Зеленскийдин расмий сайтында 4-июнда жарыяланган Путинге жолдогон ачык катында.
Катта Орусиянын Украинадагы согушун токтотууга чакырык ташталган.
Согуш жана тынчтык маселелерин чечүү үчүн лидерлерди кабыл алууга салттуу түрдө даяр өлкөлөр бар экенин белгилеген Зеленский:
"Швейцария, Түркия, араб өлкөлөрү - көпчүлүгү бул жолугушууну кабыл ала алышат жана каалашат. Негизги маселелерди лидерлер чечет - бул мурда да болгон жана ар дайым болот", - деди украин лидери.
Владимир Зеленский эки тараптуу сүйлөшүүлөргө, анын ичинде Европадан да, кырдаалга таасир эте ала турган жана коопсуздук кепилдиктерин бере ала турган башка катышуучулар кошулушу мүмкүн деген пикирин билдирди.
"Азыркы фронт тилкеси - дипломатия башталышы керек болгон тилке", - деп баса белгиледи Украинанын президенти.
Зеленский акыры орусиялыктар согушка нааразы боло баштаганын, "согуш Орусияга барган сайын негатив алып келип жатканын" белгилеп:
"Азыр чиновниктериңиз, бизнесмендериңиз жана үгүтчүлөрүңүз сизди ачыктан-ачык эле чарчап турушат", - деди.
Орус армиясы фронтто ай сайын 30 миңдей адамын жоготуп жатканын эскертип ал "НАТО, геосаясат жана орус тили жөнүндө эмне десеңиз да бул согуш сиздин жеке тандооңуз - эч кандай реалдуу себеби жок согуш", - деп белгиледи.
Зеленский катын "Сиз өзүңүздүн согушту токтото аласыз" деп аяктады.
Зеленскийдин бул каты Путин Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда (ПМЭФ) журналисттер менен жолугушкан күнү жарыяланды. Ал жерде Орусиянын президенти 24-майда Киев облусунун Белая Церковь шаарында "Орешник" ракета комплекси колдонулганын айтып:
"Алар (Орусиянын Куралдуу Күчтөрү. - Ред.) "сарайга" сокку уруп, блоктордун кантип жайгашканын көрүштү, бул келечекте курал колдонуу үчүн керек", - деген, бирок "Орешник" "толук согуштук колдонууда эч качан болбогонун" айткан.
Орусия Украинадан аннексиялап алган Крымдын Москва дайындаган башчысы Сергей Аксенов соңку чабуулдардан Симферополдо үч киши каза таап, жетөө жараат алганын билдирди.
Анын айтымында, украин күчтөрү эл жашабаган объектилерге сокку урган, ал жерде ыкчам кызматтар иштеп жатат.
Аксеновдун маалыматына караганда, дагы бир киши Азовдон Керч шаарына багыт алган поездге дрон соккусунда каза тапты, үчөө түрдүү жаракат алды.
"Крымский ветер" Телеграм каналы Феодосия менен Керчте да жарылуулардын добушу угулганын жазып, Севастополдун Жеңиш паркынын аймагындагы соккулар деген видеолорду жарыялады. Маалыматка караганда, бул аймакта "Панцирь" зениттик-ракеталык комплекси жайгашкан.
Севастополдун Орусиянын бийлиги дайындаган башчысы Михаил Развозжаев абадан коргонуу күчтөрү дрон чабуулдарынын мизин кайтарып жатканын жазды. Анын билдирүүсүндө, Севастополдун Түндүк тарабындагы бакча коомчулугунун бирине атып түшүрүлгөн дрондун сыныгы тийди, Фруктовое кыштагында үйдүн фасадына зыян келтирилди.
Орусиянын Брянск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Егор Ковальчук Украинанын Куралдуу күчтөрү Стародуб кыштагын FPV-дрондору менен аткылаганын, турак жай зыян тартканын, бир аял жараат алып, ооруканага жаткырылганын билдирди.
Орус Коргоо министрлиги 4-июнга караган түнү Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Курск, Нижегород, Орел, Ростов, Рязан жана Тамбов облустарында, аннексияланган Крым менен Кара деңиз, Азов деңизинин акваториясында 272 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады.
Украинанын армиясы бейшембиге караган түнү Орусия өлкө аймагына баллистикалык ракета жана 300дөй дрон менен сокку урганын, анын 264ү кармалып же атып түшүрүлгөнүн маалымдады. 11 жерге баллистикалык ракета менен 24 дрон тийген.
Херсондо турак жайга соккуда 12 жаштагы бала жараат алып, бейтапканага жеткирилди. Борисполдо өнөр жай объектисине чабуулда бир кызматкер жаракат алды, ал жердеги өрттү өчүрүү аракети уланууда.
Днепропетров облусунун Павлоград шаарында көп кабаттуу үйдүн эки батиринде өрт тутанып, эки киши жабыркады. Днепр районунда кампа өрттөндү, Синельников районунда көп кабаттуу турак жай, жер там жана инфраструктура оъектилерине зыян келтирилди.
Чернигов облусунун Семеновка шаарында Орусиянын соккусуна кампанын имараты күйүп кетти, Понорницк жамаатында чарба курулушу өрттөндү.
Одесса облусунда критикалык инфраструктура объектисине сокку урулду, бактыга жараша жабыркагандар болгон жок.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери миңдеген киши бейкүнөө ажал тапты, жараат алгандар миңдеп саналат. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдору менен армияны каржылаган башка объектилерге маал-маалы менен чабуул коюп жатат.
Украинанын мамлекеттик "Жашагым келет" (Хочу жить") долбоору Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага каршы согушка азгырган айтылган 1059 студенттин аты-жөнүн жарыялады.
Алардын жарымынан көбү биринчи жана экинчи курстун студенттери. 80 пайызы 18-21 жаштагы жигиттер.
Согуш шартында маалыматтарды көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн эмес.
Студенттерди Украинадагы согушка, учкучсуз учактар системасы бөлүктөрүнө азгыруу өнөктүгү жүрүп жатканын жыл башынан бери түрдүү окуу жайлардын жана коллеждердин студенттери, алардын ата-энелери жана коомдук уюмдар билдирип келе жатышат.
2026-жылдын башында Орусиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков ири жогорку окуу жайлардын ректорлоруна студенттердин кеминде 2% Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө милдеттүү экенин кабарлаганын Faridaily долбоору жазган.
"Гроза" студенттерди орус армиясы менен келишим түзүүгө мажбурлоо үчүн үгүт иштери дээрлик 200дөй окуу жайында жана коллежде жүрүп жатканын эсептеген. Сабагынан жетише албаган студенттерге окуудан чыгарылат деген негиз менен келишим түздүрүү максатында басым жасалып жатканы жана аларга аскерде бир гана жыл кызмат өтөө убада кылынганы кабарланды.
12-майда Би-би-синин орус кызматы Украинага каршы согушка тартылган студенттин мерт кеткени тууралуу алгачкы ачык учур жөнүндө жазды. Маалыматка ылайык, Бурятиянын 23 жаштагы тургуну Валерий Аверин Коргоо министрлиги менен быйыл 3-январда келишим түзгөн, учкучсуз учактарды башкарууну окуган, окуусун аяктагандан эки жумадан кийин, 6-апрелде Луганск облусунда набыт болгон.
Украинанын мамлекеттик “Хочу жить” долбоору мурдараак Борбор Азия өлкөлөрүнүн 12 666 жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн жана орус армиясынын катарына тартылганын аныктаган.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте 3-июнда биринчи жолу Киевде өткөн Украина-НАТО кеңешинин отурум жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында Орусия Украинадагы баскынчылыгын токтотуу боюнча эч кандай ишара көрсөтпөй жатканын билдирди.
"Буга Киевге жана Украинанын башка шаарларына жасалып жаткан катаал чабуулдар күбө. Жай тургундардан мерт кеткендер көбөйүүдө, жаракат алгандар көп, көптөгөн зыян келтирилди", - деди Рютте.
Украин президенти Владимир Зеленский Марк Рютте менен сүйлөшүүдө жолугушуунун Украинада өткөнү маанилүү экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, отурумдун форматы "өнөктөштөрдүн көңүлүн коопсуздуктун олуттуу маселелерине бурууга көмөктөшөт".
Зеленский Киев украин дрондору табылган өлкөлөрдүн аба мейкиндигин коргоого жардам сунуштай турганын кошумчалады.
"Биз дрондорду жок кылуучу жабдуулар менен да, өзүбүздүн билген ыкмалар менен да жардам беребиз", - деди Зеленский.
Рютте сапарынын аягында Украина тынчтыкка умтулуп жатканын Киевдеги жыйынга НАТОнун союздаштары болгон 32 өлкөнүн өкүлдөрү келгени ачыктаганын белгиледи.
"Түндүкатлантикалык альянстын биздин өнөктөштүгүбүзгө, Украинаны колдоонун белгиси", - деди ал.
НАТОнун баш катчысы жолугушууда фронттогу абал, Украинанын алдында турган чакырыктар тууралуу сөз болгонун маалымдады. Рютте өнөктөштөр Украинага PURL программасынын алкагында украин армиясына АКШдан курал сатып алуу үчүн дээрлик 60 млрд евро бөлүп беришкенин эске салды.
"Мындай колдоо уланат", - деп белгиледи Марк Рютте.