Орусиянын Куралдуу күчтөрүн дрон жана ракеталар үчүн компоненттер менен камсыз кылган аскердик заводуна украиналык FP-5 Flamingo ракеталары сокку урду. Чувашияда жайгашкан завод бутага алынганын Украинанын президенти Владимир Зеленский 10-июнда Telegram каналында ырастады.
FP-5 Flamingo — Украинанын Fire Point компаниясы иштеп чыккан, алыс аралыкка учуучу канаттуу ракета. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, 2025-жылдан тартып чыгарыла баштаган бул курал алыстагы (3 миң чакырымга чейин) стратегиялык аскердик жана өнөр жай объекттерин жок кыла алат. Быйыл февралда Орусиянын Волгоград облусундагы курал-жарак кампасына жана Удмуртиядагы заводго жасалган чабуулдарда ушул ракеталар алгачкы жолу колдонулганы кабарланган.
Буга чейин Чувашиянын башчысы Олег Николаев Чебоксарыда инфраструктуралык объектилер жабыркаганын билдирген, бирок кайсынысы экендигин тактаган эмес. Astra Telegram каналы сөз "ВНИИР-Прогресс" коргонуу ишканасы жөнүндө болуп жатканын жазды.
"Биз орусиялык аскердик объектилерге жана мунай тармагына алыс аралыктагы соккуларды улантып жатабыз", - деп баса белгиледи Зеленский.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Facebook баракчасында "ВНИИР-Прогресс" аймагында өрт чыккандыгын ырастады жана завод Орусиянын жогорку тактыктагы куралдары үчүн навигациялык жабдууларды өндүргөн негизги ишканалардын бири экенин белгиледи. Ал "Шахед" (Герань-2) тибиндеги чабуул коюучу учкучсуз учактарда, "Калибр" канаттуу ракеталарында, "Искандер-М" оперативдик-тактикалык ракеталык комплекстеринде, ошондой эле авиациялык бомбаларды пландаштыруу жана коррекциялоо үчүн унификацияланган модулдарда колдонулган спутниктик навигациялык кабылдагычтарды жана "Комета" тибиндеги антенналарды чыгарары белгиленди.
10-июнга караган түнү Орусиянын Самара облусундагы Куйбышев мунай иштетүүчү заводу да жабыркаганын Владимир Зеленский ырастап, ал фронт сызыгынан 900 километрден ашык аралыкта экендигин баса белгиледи.
Орусиянын армиясы 9-июнга караган түнү Украинанын Харьков облусун дрон жана ракеталар менен аткылады. Чугуевде үч киши каза таап, дагы үчөө жараат алды. Харьковдо 15 киши жараат алды, анын экөө балдар.
Харьковдун мэри Игорь Терехов шаарга жапырт чабуул болгонун кабарлады.
Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов дарыгерлер үч балага жардам көрсөткөнү, анын бири бир жашар наристе экенин тактады.
Чабуулдардан турак жайлар, бизнес борбору, административдик жана өнөр жай имараттары, кафе, чиркөө жана автоунааларга зыян келтирилди.
"Дрондордун бири көп кабаттуу турак жайга тийди. Кудай жалгап, эч ким жабыркаган жок. Имараттын жанында унаалар күйүп кетти, ондогон адамдар жабыркады, жакын жердеги имараттардын терезелери талкаланды. Дагы бир дрон көп кабаттуу үйдүн сегизинчи жана тогузунчу кабаттардын ортосуна тийди. Бактыга жараша, ал жарылган жок. Тургундар эвакуацияланды", - деп жазды Игорь Терехов.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, Чугуевде гараждар, автоунаалар, турак жайлар жана башка имараттар зыян тартты.
Днепропетровск облусунда үч адам жаракат алган. Облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ганжа Никополь районунда эки адам жаракат алганын, инфраструктура, көп кабаттуу жана жеке үйлөр, дарыкана, кафе, чарбалык имарат жана машинелерге зыян келтирилгенин билдирди. Павлоград районунда жер тамга урулган соккуда бир аял жеңил жаракат алган.
Украина аба күчтөрүнүн күнүмдүк маалыматына таянсак, Орусия 9-июнга караган түнү Украинага эки Х-59/69 ракетасы жана 166 дрон менен чабуул койду, 146 дрон атып түшүрүлдү.
Орусиянын армиясы түнкү соккулар боюнча комментарий берген жок.
Украинанын Николаев облусунун прокуратурасы 28 жаштагы Кыргызстандын жаранына карата кылмыш ишин сотко өткөрдү. Ал Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгындоо башкармалыгынын офицерин өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталууда.
Украин бийлигинин маалыматына ылайык, айыпталуучу Кыргызстандын аймагында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) тарабынан жалданган. Прокуратуранын билдиришинче, ал Украинага келип, Первомайск шаарында жашап турган учурда жашыруун байланыш үчүн бир нече смартфон жана SIM-карта сатып алган.
Кийин ал Киев шаарына барып, кураторунан курал катылган жайдын координаттарын жана бутага алынган офицер тууралуу маалыматтарды алган.
Кыргызстандык жаран 2025-жылдын ноябрь айында кол салуу аракетин ишке ашырууга аракет кылып жаткан учурда кармалган. Украин бийлиги анын жанынан курал, ок-дары жана ФСБдагы кураторлору менен байланышуу үчүн колдонулган смартфон табылганын билдирди.
Ага "буюртма негизинде жана материалдык кызыкчылык үчүн жасалган атайылап адам өлтүрүүгө аракет кылуу, агрессор мамлекетке көмөктөшүү, ошондой эле курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактоо жана колдонуу" беренелери боюнча айып тагылууда.
Учурда ал камакта. Эгер күнөөсү далилденсе, өмүр бою эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланышы мүмкүн.