11-июнга караган түнү Орусиянын Краснодар крайына учкучсуз аппараттар менен чабуул коюлду. Натыйжада үч адам жабыркаганын аймактын губернатору Вениамин Кондратьев билдирди.
Ал тактагандай, дрондун сыныктары Краснодар шаарындагы көп кабаттуу турак жайга тийип, өрт чыккан. Окуядан эки адам жаракат алган.
Дагы бир адам Северский районундагы чабуулдан жабыркаган. Ал жерде бир нече жеке турак жайга зыян келтирилген.
Astra басылмасынын маалыматына караганда, чабуулга кабылган үйдөн эки чакырымдай аралыкта аскердик багыттагы ишканалар жайгашкан. Алар «Каскад» Краснодар прибор куруу заводу жана «Сатурн» акционердик коому.
Ал эми «Краснодар-Борбордук» аэродрому болжол менен үч чакырым аралыкта жайгашкан.
Дрондордун чабуулунан кийин Афипск мунай иштетүүчү заводунда да өрт чыккан. Бирок аймактын ыкчам штабы билдиргендей, таңга жуук өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Мындан тышкары, газ магистралынын ишинде үзгүлтүк жаралганы кабарланды.
Афипск мунай иштетүүчү заводу «Сафмар» тобуна кирген ири ишканалардын бири болуп саналат. Анын жылдык долбоордук кубаттуулугу 6,25 миллион тонна мунайды кайра иштетүүгө жетет.
Бул ишкана буга чейин да бир нече ирет украиналык дрондордун чабуулуна туш болгон.
Дагы караңыз
Интернеттеги YouTube платформасы Орусиянын жашы жете электерди да дрон чогултууга тарткан "Алабуга Политех" коллежинин рекламасына байланышкан роликтерди өчүрө баштады.
Бул тууралуу блогер Алексей Губанов (Хесус) жазып, кеминде 61 видео өчүрүлгөнүн айтты.
"Настоящее время" жазгандай, Губанов аталган платформа "Алабуганын" өзүнүн каналын да өчүргөнүн белгиледи.
Быйыл майда TikTok "Алабуга Политехти" жарнамалаган блогерлердин аккаунттарын бөгөттөгөн. Алардын арасында миллион аудиторияга ээ аккаунттар да болгон. Ага чейин бөгөттөөлөр Twitch сервисинде да жүргөн.
"Алабуга Политех" – Татарстандын Алабугасындагы өзгөчө экономикалык аймакта жайгашкан коллеж. Орусия Украинага негизсиз толук кандуу бастырып кирген 2022-жылдын февралынан кийин ал жерде Ирандын өндүрүшүнөн чыккан "Шахед" дрондорунун аналогу чыгарыла баштаган.
Учкучсуз аппараттарды чогултууга 9-классты бүткөндөн кийин коллежге тапшырган балдар-кыздар да тартылып келгени аныкталган. Жумуш үчүн коллеждин жетекчилиги 500 миң рублга чейин айлык убада берген. Дрон чогултууга азгырылгандардын арасында кыргызстандыктар да бар.
Окуу жай Евробиримдиктин санкциясында.
Украинанын Харьков, Одесса жана Сумы шаарларында, жергиликтүү бийлик жана куткаруу кызматтары кабарлагандай, 10-июнда, Орусиянын соккуларынан жайкын тургундар жана жарандык инфраструктура жабыркады.
Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, саат 9:00дөн баштап учкучсуз учактардын чабуулу башталган. Натыйжада кеминде сегиз адам түрдүү жараат алды, алардын көбү аялдар.
Одессада, жергиликтүү бийлик маалымдагандай, Орусиянын түн ичинде жасаган жапырт соккуларынын натыйжасында эки турак үй зыянга учурады.
"Тилекке каршы, аял жана 8 жана 10 жаштагы эки бала жабыркады", - деп билдирди облус башчысы Олег Кипер.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, 10-июнга караган түнү Орусиянын Аскердик аба күчтөрү 207 учкучсуз учак менен аткылады.
Орусиянын Куралдуу күчтөрүн дрон жана ракеталар үчүн компоненттер менен камсыз кылган аскердик заводуна украиналык FP-5 Flamingo ракеталары сокку урду. Чувашияда жайгашкан завод бутага алынганын Украинанын президенти Владимир Зеленский 10-июнда Telegram каналында ырастады.
FP-5 Flamingo — Украинанын Fire Point компаниясы иштеп чыккан, алыс аралыкка учуучу канаттуу ракета. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, 2025-жылдан тартып чыгарыла баштаган бул курал алыстагы (3 миң чакырымга чейин) стратегиялык аскердик жана өнөр жай объекттерин жок кыла алат. Быйыл февралда Орусиянын Волгоград облусундагы курал-жарак кампасына жана Удмуртиядагы заводго жасалган чабуулдарда ушул ракеталар алгачкы жолу колдонулганы кабарланган.
Буга чейин Чувашиянын башчысы Олег Николаев Чебоксарыда инфраструктуралык объектилер жабыркаганын билдирген, бирок кайсынысы экендигин тактаган эмес. Astra Telegram каналы сөз "ВНИИР-Прогресс" коргонуу ишканасы жөнүндө болуп жатканын жазды.
"Биз орусиялык аскердик объектилерге жана мунай тармагына алыс аралыктагы соккуларды улантып жатабыз", - деп баса белгиледи Зеленский.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Facebook баракчасында "ВНИИР-Прогресс" аймагында өрт чыккандыгын ырастады жана завод Орусиянын жогорку тактыктагы куралдары үчүн навигациялык жабдууларды өндүргөн негизги ишканалардын бири экенин белгиледи. Ал "Шахед" (Герань-2) тибиндеги чабуул коюучу учкучсуз учактарда, "Калибр" канаттуу ракеталарында, "Искандер-М" оперативдик-тактикалык ракеталык комплекстеринде, ошондой эле авиациялык бомбаларды пландаштыруу жана коррекциялоо үчүн унификацияланган модулдарда колдонулган спутниктик навигациялык кабылдагычтарды жана "Комета" тибиндеги антенналарды чыгарары белгиленди.
10-июнга караган түнү Орусиянын Самара облусундагы Куйбышев мунай иштетүүчү заводу да жабыркаганын Владимир Зеленский ырастап, ал фронт сызыгынан 900 километрден ашык аралыкта экендигин баса белгиледи.