Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвада жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жоктугун билдирди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украина аскерлеринин Москва шаарын жана Москва облусунун аймагын аткылоосунан кийинки жарылуу, өрт жана башка чукул кырдаалдар учурунда жабыркагандар арасында кыргызстандык жарандар жок экенин 19-июнда билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдагандай, жабыркагандар катталган жок, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин дарегине да кайрылуу келип түшкөн эмес.
Мурдараак Москвадагы элчиликтин өкүлү Айымкан Кулукеева Фейсбуктагы баракчасына "балдарынын келечеги үчүн кооптонгонун айткан бир жаран документтерди тактоо мөөнөтүн сурап кайрылганын" жазган.
18-июнга караган түндө жана таңга жуук Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери Орусиянын борбор калаасы Москва шаарына жана Москва облусуна учкучсуз учактар менен жапырт сокку урган. Бутага мунай иштетүүчү заводдор, энергетикалык объекттер алынган.
Ракета соккуларынан улам Москвада жана Подмосковьеде жарылуулар болуп, өрт чыккан.
Соккудан кыргызстандыктар көп иштеген "Садовод" базары жабыркаганы кабарланган.
Дрон соккулары урулган учурларды кыргызстандык жарандар да тасмага түшүрүп, соцтармактарга жарыялашкан.
Орусиянын Коргоо министрлиги 18-июнь түнү жана таңында украиндер жалпы өлкө аймагына 992 дрон, алыска учуучу канаттуу төрт ракета жана 10 авиабомба менен чабуул койгонун расмий билдирген.
Жалпысынан 17 киши жараат алганы расмий кабарланган.
ТИМ 2025-жылдын январына карата расмий маалымат боюнча 608 миңден ашуун кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөрүн, анын 376 миңи Орусияда миграциялык каттоого алынганын маалымдаган.
Москва: Мигранттар иштеген "Садовод" соода комплексин өрт каптады
"Согуш эмне экенин өзүлөрү да көрө баштады"
- автор Айнура Жекше кызы
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул украин шаар-кыштактарына урулган соккулар үчүн “адилет жооп” болгонун билдирди. Эксперттер Орусияда ансыз да күйүүчү май тартыш болуп, айрым аймактарда бензин сатууга чектөө киргизилгенин белгилешет.
Москванын мэри Сергей Собянин мунай иштетүүчү заводдо пилотсуз учак тийгенден кийин тутанган өрт ооздукталганын, ишканада эч ким жабыркабаганын билдирди.
Ага чейин шаар башчысы мунай иштетүүчү заводго дрон тийгенин, "Садовод" базарынын аймагына "сыныктар түшкөнүн" ырастаган.
Орусиялык маалымат каражаттары бул орус башкалаасына акыркы эки жылдан бери урулган эң кубаттуу сокку болгонун жазууда.
Москвада бардык аэропорттор жабылды, Шереметьеводон кызматкерлер жана жүргүнчүлөр эвакуацияланды. Жүздөгөн каттамдар кармалды жана үзгүлтүккө учурады.
Бишкектеги Манас аэропортунан орус башкалаасына аткарылуучу рейстер кармалып, кечирээк учары, же болбой калганы жадыбалда көрсөтүлгөн.
Москвага соккунун кесепеттери тартылган видеону Украинанын президенти Владимир Зеленский да жарыялады. Ал муну Орусиянын Украинага чабуулдарына "татыктуу жооп" деп атап, Батыштагы өнөктөштөрү украиналык алыска атуучу соккулардын натыйжалуулугун баалашканын белгиледи, Орусияны согушка чекит коюуга чакырды.
Кийинчерээк Зеленский Москвага жапырт соккуну Орусиянын Киевге, асыресе Киев-Печерск Лаврасына болгон чабуулга жооп деп атады. Анда 15-июндагы аткылоодон беш киши каза тапкан, Успенск собору өрттөнгөн.
«Украина өрттөнсө силердин Москваңар да өрттөнөт», - деп эскертти украин президенти.
Орусияда бензин тартыш болуп жаткан маалдагы соккулар
Бутага алынган Капотнядагы завод Москва регионундагы мунайдын 40% жакынын кайра иштетет.
"Ал Москваны бензин менен камсыздаган негизги завод. Борбордун тургундары согуш болуп жатканын көпкө сезбей жүрүштү. Албетте, шаар бийлиги таңсыктыкты толтуруунун жолун табат. Бирок, биринчиден, москвалыктар согуш болуп жатканын өз көзү менен көрүшөт, экинчиден, ал Орусиядагы мунай иштетүүчү эң ири заводдордун бири. Украина ушу тушта чоң-чоң мунай иштетүүчү ишканаларга сокку уруп келатат. Бутанын тандалып алынганы түшүнүктүү", - деп айтат экономикалык талдоочу Андрей Маховский.
16-июндагы соккудан кийин Капотнядагы завод өз ишин токтотконун Рейтер агенттиги Орусиянын энергетика тармагындагы эки булакка шилтеме менен жазган. Ал жолу пилотсуз учактар кара майды кайра иштеткен жабдууга зыян келтирген.
Орусияда акыркы маалда бензин ансыз да тартыш болууда. The Bell интернет-басылмасы маалымдагандай, күйүүчү майдын тартыштыгы өлкөнүн 53 регионунда сезилүүдө.
Алсак, 12-иююнда дрон Нижнекамскидеги мунай иштетүүчү заводго тийгенден кийин "Татнефть" компаниясы бензин сатууга чектөө киргизип, 17-июнда алып салды.
“Азыркы күйүүчү май кризиси согуш учурундагы эң олуттуусу болуп калышы ажеп эмес. Буга чейинкилерден алда канча катаал болушу ыктымал. Себеби украин куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү өстү. Буга чейин украин армиясы орус мунай иштетүү тармагына мынчалык көп жана ырааттуу сокку урганын көргөн эмеспиз. Менимче, май айында ошондой 16 завод чабуулга туш болгон. 10 ири ишкананын сегизи зыян тарткан. Мурда андайга күбө болгон эмеспиз. Эң негизги себеби – украин аскерлеринин мүмкүнчүлүктөрүнүн өскөнүндө”, - деген ою менен бөлүшөт Андрей Маховский.
Орусиянын абадан коргонуу системасы эмне себептен дрондорго туруштук бере албай атат?
Москва облусундагы Жуковский шаарында дрон көп кабаттуу үйгө тийгени кабарланды. Облустун башчысы Андрей Воробьёв Электросталь, Павловский Посад, Чеховдо жер үйлөр жабыркаганын, ал эми Люберцыда соода борбору күйгөнүн жазды. Кийинчерээк ал Подмосковьеде дрон чабуулунан 17 адам жаракат алганын билдирди.
18-июнга караган түндө дрондор Белгород жана Ростов облустарына да сокку урду. Ростовдогу Гуково шаарында мунай заводунда өрт чыкты, бийлик бир адам мерт болгонун жазды. Щебекиного жакын жерде курал-жарак кампасы күйгөнү кабарланды.
Украинанын Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, коргоо жана чалгын маселелери боюнча эксперт Иван Ступактын айтымында, акыркы үч айда украиналыктардын чабуулдары көбөйдү:
"Мурда бирин-серин пилотсуз учак Москвага чейин жетсе, чоң ийгилик деп эсептелчү. Биздин аскерлер төрт катар коргонуу катмары, көптөгөн жабдууларга карабай орустардын абадан коргоо системасынын ачкычын табышты. Украина аткан дрондор радарларда даана көрүнүп турган металлдан жасалган эмес. Алар жыгач, кээде пенопласт же башка полимерден жасалат. Алар жерге жакын учат, радиолокациялык станциялар, «Панцирь» комплекстери ошондой пилотсуз учактарды араң аныктайт".
Эксперттин айтымында, украиналык дрондордун эффективдүүлүгү 10-15% түзөт. Башкача айтканда, атылган пилостуз учактардын 10-15% бутага учуп жетет.
18-июнга караган түнү Орусиянын бир катар аймактарына, анын ичинде Москвага, Москва облусуна жана Ростов облусуна жүздөгөн дрон менен чабуул коюлду.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдиргендей, абадан коргонуу күчтөрү борборго багытталган 194 дронду атып түшүргөн. Анткен менен алардын айрымдары Москвадагы Капотня районунда жайгашкан мунай иштетүүчү заводго тийген.
ТАСС агенттигинин эсептөөлөрүнө ылайык, Москвага коюлган бул чабуул акыркы эки жылдагы эң ири чабуул болуп калды.
Заводго сокку урулганы тууралуу Telegram-каналдар кабарлап, социалдык тармактарда өрт чыкканын көрсөткөн видеолор тарады. Astra басылмасы ишканада кеминде беш жерде өрт чыкканын жазды.
Бул завод май айынын башынан бери украиналык күчтөрдүн чабуулунан улам экинчи жолу ишин токтоткону белгиленди.
Чабуулдан кийин Внуково, Шереметьево, Жуковский жана Домодедово аэропортторунун иши убактылуу токтоп турду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Москвага жасалган чабуулдардын кесепеттерин көрсөткөн видеону жарыялады.
Ал бул чабуулдарды Орусиянын Украинага жасаган соккуларына берилген «адилеттүү жооп» деп атады.
Зеленский ошондой эле Батыштагы өнөктөштөрү украин армиясынын алыскы аралыкка сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрүнүн натыйжалуулугуна баа бергенин белгиледи.
Украин президенти Орусияны согушту токтотууга чакырып, жаңжалдын уланышы эки тарап үчүн тең оор кесепеттерди жаратып жатканын айтты.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьевдин маалыматына караганда, Жуковский шаарында дрон көп кабаттуу турак жайга тийген.
Орусиянын Коргоо министрлиги бир сутка ичинде жалпысынан 555 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орус армиясы 2022-жылдын февралынан бери дээрлик күн сайын Украинанын аймактарына абадан чабуул коет.