Орусиялык армия Сумы жана Запорожьедеги күйүүчү май куйган станцияларга сокку урду
Сумыга урулган соккудан төрт адам жабыр тартты. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоров май куючу станциянын эки кызматкери ооруканага жеткирилип, эки кардарга жеринде жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.
Григоров орусиялыктар мунай инфраструктурасына тынымсыз сокку уруп, калкты күйүүчү май менен камсыздоочу логистиканы үзгүлтүккө учуратып жатканын айтты. Сумынын өзүндө эле 13 жолу май куюучу жайларга чабуул жасалган.
Сокку Запорожьедеги бензин куйган жайга да урулган. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат түшө элек. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров аймакта орусиялык чабуулдан улам эки адам каза таап, 22си жабыр тартканын билдирди.
24-июнга караган түнү украин учкучсуз аппараттары аннексияланган Крымдын энергетикалык инфраструктурасына кайрадан сокку урду. Натыйжада Севастополь электр жарыгысыз калды.
Украин мониторинг каналдары аннексияланган Крымдын Симферополь шаарындагы Жылуулук электр станциясына учкучсуз аппараттардын соккусу тууралуу кабарлашты. Бул маалыматты ASTRA басылмасынын OSINT анализи да тастыктоодо.
Севастополдо подстанция жана Керч аймагында порт аткыланганы кабарланды. "Крымский ветер" Телеграм каналынын маалыматына караганда, подстанцияга кеминде үч жолу чабуул коюлду. Бул энергетикалык объект жалпы Севастополь аймагын электр жарыгы менен камсыздайт. Ал жерде өрт катуу тутанганы айтылууда.
Аннексияланган Севастополдун Орусия дайындаган губернатору Михаил Развожаевдин айтымында, шаар "убактылуу электр энергиясысыз калды". Электрдин жоктугунан бүгүн троллейбустар каттамга чыкпай, бала бакчалар өзгөчө режимге которулду. Развожаев адистер зыяндын көлөмүн баалап жатышканын кошумчалады.
Крымда электр энергиясы менен камсыздоо 21-июндан бери уланып жатат, ошол күнү украиналык учкучсуз учактар Керчке жапырт чабуул жасаган. Мындан тышкары, жарым аралда күйүүчү май кризиси жаралып, бензин сатып алуу оорлоодо.
Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы 23-июнга караган түнү дрондордун чабуулуна туш болду. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Мекеме тараткан маалыматта дрондор Украинага таандык экени белгиленет.
Бир катар Телеграм-каналдар жазгандай, түн ичинде жарым аралдагы Феодосия, Керчь, Красноперекопск жана Щелкино шаарынын аймагында жардыруулардын үндөрү угулган.
Supernova+ каналынын маалыматында, дрондор Керчь портундагы мунай базасына, TES-Terminal мунай өнүмдөрүн сактоо жана өткөрүп берүү комплексине, "Кавказ" портуна кайрадан чабуул койгон.
"Крымский ветер" каналы спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып, "Кавказ" портундагы мунай терминалынын аймагында өрт тутанганын билдирди.
Мындан тышкары, Telegram-каналдар NASA FIRMS кызматынын маалыматтарына жана спутник сүрөттөрүнө шилтеме кылып, Керчтеги "Насосная-2" электр көмөк чордону, "Южная" темир жол станциясы жана Аршинцево районундагы жылуулук электр борборунун аймагында өрт чыкканын жазышты.
"Крымэнергоинформ" мекемеси электр энергиясы Евпатория шаарында, Красноперекопск, Сак, Жанкой жана Красногвардей райондорунда өчүрүлгөнүн маалымдады.
"Учурда авариялык-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Болжол менен бир сутка ичинде электр энергиясы толук калыбына келтирилет", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде Украинанын 141 учкучсуз аппаратын атып түшүргөн.
Министрлик билдиргендей, дрондор аннексияланган Крымдын үстүндө, Белгород, Брянск, Курск, Калуга, Смоленск, Тула жана Орёл облустарында, Краснодар крайында, Москва аймагында жана Кара деңиз менен Азов деңизинин акваторияларында жок кылынган.
Украин тарап бул маалымат боюнча азырынча расмий комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактар аркылуу текшерүү көп учурда мүмкүн эмес.
Орусиянын Украинага кол салып, согуш баштагандан бери каза болгон аскерлеринин кеминде 227 680инин тек-жайы аныкталганын "Медиазона" басылмасынын жана Би-би-синин орус кызматынын журналисттери ыктыярчылар менен чогуу аныкташты.
Басылма белгилегендей, согуш башталгандан бери 1577 күн өттү жана узактыгынан Улуу Ата Мекендик да, Биринчи дүйнөлүк да согуштардан ашып кетти.
Мерт болгондордун басымдуу бөлүгү - 83 484 адам согушка өз ыктыяры менен баргандар. Ошондой эле 25 662 адам мурда соттолгондор жана 19 149 адам мобилизация аркылуу баргандар. Мындан тышкары журналисттерге орус армиясынын жана башка күч түзүмдөрүнүн 7,2 миң офицери мерт болгону маалым.
Курмандыктардын көптүгү жагынан алдыда Башкырстан менен Татарстан турат. Өлгөндөрдүн арасында 15 генерал бар: бешөө генерал-лейтенант, жетөө генерал-майор, экөө отставкага чыккандар, дагы бири Украинадан Орусияга качып өткөн.
Набыт болгондордун арасында офицерлер азыраак: согуш башталганда алар жоготуулардын 10% түзсө, 2024-жылдын ноябрында 2-3% түшкөн.
Иликтөөчү журналисттер белгилегендей, курмандыктардын чыныгы саны кыйла көп.
Тизме ачык маалыматтардын негизинде: ЖМКлардан, жергиликтүү администрациялардын билдирүүлөрүнөн, маркумдардын жакындарынын соцтармактардагы постторунан жана көрүстөндөрдөгү маалыматтардан чогулат.