Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33
Украина. Орусиянын соккусуна кабылган конуш.
Украина. Орусиянын соккусуна кабылган конуш.

Түз ободо Харьков авиабомба жана дрон чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:37 29.6.2026

Днепрге сокку: төртөө каза болуп, 28и жарадар

Днепр шаарына абадан урулган соккудан төрт адам каза таап, 28и жарадар болду.

Бул тууралуу Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдирди.

Анын маалыматында, сокку жеке ишканага тийген. Жарадарлардын бешөө оор абалда.


18:24 29.6.2026

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы жаралганын моюнга алып, бул көйгөй жарандарга жана бизнеске таасирин тийгизип жатканын билдирди.

28-июнда бийликтеги "Единая Россия" партиясынын жетекчилери менен жолугушууда ал айдоочулар менен ишкерлер кабылган көйгөйлөр чечиле электигин айтып, май куюучу жайларда кезектер дагы эле бар экенин белгиледи.

Путин бул абалды Украинанын Орусиянын аймагындагы энергетикалык объектилерге жасаган дрон чабуулдарына байланыштырды. Анын айтымында, "жарандык объектилерге жана инфраструктурага жасалган террордук чабуулдардын кесепеттерин мүмкүн болушунча азайтуу" зарыл.

Украинанын соккулары бир нече айдан бери мунай терминалдарын, кайра иштетүүчү заводдорду жана куурларды бутага алган.

Натыйжада Орусиянын кеминде 17 аймагында бензин менен дизелди сатууга милдеттүү чектөөлөр киргизилип, дагы ондогон аймактарда күйүүчү май тартыштыгы же жеке компаниялар тарабынан киргизилген чектөөлөр тууралуу маалыматтар тарады.

Кийинчерээк Кремл жарыялаган маегинде Путин энергетикалык инфраструктурага урулган соккулар көйгөй жаратып жатканын моюнга алып, ошол эле учурда абалды жеңилдетүүгө аракет кылды.

"Учурда белгилүү бир тартыштык бар, бирок ал критикалык деңгээлде эмес", – деди ал.

13:21 29.6.2026

Украинанын басып алынган аймактарындагы блэкаут

Орусия аннексиялап алган Крымда жана Украинанын басып алынган аймактарында электр берүү үзгүлтүккө учураганы тууралуу кабарлар түшүүдө.

"Крымский ветер" телеграм-каналы жергиликтүү жашоочуларга таянып, Бахчысарайдын төмөн жагындагы Некрасовка айылына сокку урганын билдиришти.

Блэкаут тууралуу маалымат оккупация болгон Донецк облусунан да түшүп жатат.

12:55 29.6.2026

Украинага орусиялык армия жаңы соккуларын урду, курмандыктар бар

Запорожье облусунда өткөн суткада орусиялык армиянын соккусунан төрт адам каза таап, 28и жарадар болгонун облустун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.

Сумы облусунда эки адам каза таап, тогузу аткылоодон жана дрон соккусунан жапа чеккенин Украинанын улукттук полициясы билдирди.

Херсондо облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудиндин билдиришинче, орусиялык соккудан аймактын 45 калктуу конушуна зыян келтирилип, беш адам жабыркады.

Харьков облусунда эки адам каза таап, 26сы жарадар болду. Холодногорск районунда дрон курал сакталган кампага тийип, катуу өрт чыккан, жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.

Украинанын аскер аба күчтөрүнүн билдиришинче, өткөн түнү абадан коргонуу күчтөрү 108 дрондун ичинен 82син зыянсыздандырууга жетишти. 11 локацияга 25 чабуул коюлду.



Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG