Орусиянын армиясы Киевге сокку урду: каза болгондор жана жараат алгандар көп
2-июлга караган түнү Орусия Киевге ар кандай типтеги ракета жана сокку уруучу дрондор менен жапырт чабуул жасады. Акыркы маалыматтарга ылайык, 13 адам каза болуп, дагы 86 киши жараат алды.
Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко билдиргендей, чабуулдун кесепетинен шаардын бардык райондорунда 30дан ашуун жерде кыйроолор катталган.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы 20дан ашык турак жайга зыян келтирилип, 15 жерде куткаруу иштери жүрүп жатканын билдирди.
Дарницкий районунда беш жана тогуз кабаттуу турак үйлөр жарым-жартылай кыйрап, 16 кабаттуу үйдүн үстүңкү кабаттары жана жеке турак жайлар жабыр тарткан.
Шевченковский районунда жети кабаттуу турак үйдүн чатыры жана мейманкананын имараты өрттөнүп, беш кабаттуу үй зыян тарткан. Голосеевский районунда 16 кабаттуу үйдүн техникалык кабатында өрт чыккан. Печерский районунда тогуз кабаттуу имарат кыйраган. Оболонский районунда кампанын аймагында өрт катталган. Святошинский районунда эки жеке турак үй жабыркаган. Деснянский районунда тогуз кабаттуу турак үй зыян тарткан.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага "жарандык инфраструктурага каршы чабуулдарына жооп катары" сокку урулганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, чабуул үчүн абадагы, кургактагы жана деңиз базасындагы куралдар колдонулган.
"Киев жана Киев облусундагы аскердик-өнөр жай комплексинин ишканалары жана отун-энергетикалык комплекстин объектилери, Днепропетровск, Полтава, Черкассы, Чернигов жана Киев облустарындагы аскердик аэродромдордун инфраструктурасы бутага алынды", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
The New York Times басылмасынын 1-июлда жарыяланган изилдөөсүнө ылайык, Орусия менен Украинанын согуштагы жоготуулары каза болгондор менен жарадарларды кошкондо 2 миллиондон ашты.
Изилдөө америкалык Center for Strategic and International Studies (CSIS) аналитикалык борборунун маалыматтарына негизделген.
Ага ылайык, Орусиянын жоготуулары болжол менен 1,4 миллион болсо, Украинаныкы 525 миңден 625 миңге чейин.
Изилдөөнүн авторлору жоготууларга карабастан, Орусиянын фронттогу кыймылы жайлап жатканын белгилешет. Бул маалда украин тараптын учкучсуз аппараттары Орусиянын аймагына чейин жетүүдө.
NYT басылмасынын маалыматында, 2026-жылдын башынан бери Орусия ай сайын 30–34 миң аскер кызматкеринен айрылууда. Бул көрсөткүч келишимдик негизде аскерлерди тартуу көрсөткүчүнөн жогору болууда.
Басылма 2024-жылдан бери биринчи жолу орус армиясы мурда басып алган жерлерге караганда көбүрөөк аймакты жоготконун жазган.
Москва дагы, Киев дагы өздөрүнүн согуштагы жоготуулары тууралуу расмий маалыматты жарыялашпайт жана негизинен каршы тараптын жоготууларына басым жасап келишет.
Орусиянын Коргоо министрлиги согушта каза болгон аскерлердин саны тууралуу акыркы маалыматты 2022-жылдын 21-сентябрында жарым-жартылай мобилизация жарыяланган күнү билдирген.
Рейтер агенттиги төрт булакка таянуу менен Казакстан июль–август айларында Орусияга гуманитардык жардам иретинде 50 миң тонна бензин жеткирүүгө макул болгонун жазды.
Ушу тапта Орусиянын бензинге болгон бир күндүк муктаждыгы болжол менен 110–115 миң тоннага жакын. Казакстан бере турган көлөм бир күндүк керектөөнүн жарымы гана деп белгилеген агенттик.
Буга чейин Рейтер Москва Казакстандан болжол менен 50 миң тонна АИ-92 бензинин сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазган. Астана бул маалыматты төгүндөгөн.
Казакстандын Энергетика министрлиги Рейтердин суроосуна жазуу түрүндө жооп узатып, Орусиянын мамлекеттик органдарынан мунай өнүмдөрү жаатында гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуу түшпөгөнүн билдирген.
Ошол эле маалда министрлик орусиялык нафтанын негизинде иштеген "Конденсат" мунай иштетүүчү заводунан Орусияга бензин экспорттоо ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.
Министрлик экспорттоо мүмкүнчүлүгү Казакстандын ички рыногунун мунай өнүмдөрү менен камсыз болушуна жана "Татнефть" камсыз кылган чийки затка жараша болорун билдирген.
Рейтердин маалыматында, АИ-95 жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндер Павлодар мунай-химия жана "Конденсат" заводдорунан алынышы мүмкүн.
Орусия өлкөдөгү күйүүчү май тартыштыгын азайтуу максатында бензинди Индиядан сатып ала баштаганын билдирди.
Рейтерге маалымат берген булактар Украинадагы согушка байланыштуу киргизилген санкциялар бензин ташууга жана төлөм жүргүзүүгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин эскертишкен.
Өткөн жекшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин украиналык дрондордун өлкөдөгү мунай иштетүүчү заводдорго урган соккулары айрым аймактарда күйүүчү май тартыштыгына себеп болгонун моюнга алып, көйгөйдү чечүү үчүн чаралар көрүлүп жатканын билдирген.
Орусия шаршембиге караган түнү Украинанын май куюучу жайларына соккуларды улантты. Днепропетровск облусунда эле беш жайга дүрмөт тийгенин, өрт тутанганын, бир аял каза таап, үч киши жарадар болгонун губернатор Александ Ганжа кабарлады.
Орус Коргоо министрлиги бул украин армиясынын мунай иштетүүчү заводдорун аткылаганына жооп катары атайылап жасалган кампания экенин моюнга алды. 30-июнда мекеме украиналык 25 май куюучу жайга дрондордон сокку урганын, муну менен "украин армиясынын транспорттук логистикасын үзгүлтүккө учуратууну көздөгөнүн" билдирди.
Украина ошондой эле максат менен оккупацияланган аймактары менен аннексияланган Крымга бензин тартып бараткан машинелерди бутага алып келатат. Жарым арал күйүүчү май тартыштыгынан бир нече жумадан бери жапа чегүүдө.
Орус аскерлери мындан тышкары шаршембиде кошуна өлкөсүнүн энергетикалык инфраструктурасына чабуул койгону маалымдалды.
"Укрэнерго" компаниясынын Телеграм каналында айтылгандай, алты чөлкөмдө электр энергиясын чукул өчүрүүгө туура келди.
Херсон, Запорожье облустарын аткылоодон адам өмүрлөрү кыйылды.
Ал тапта 30-июндун кечинде украин президенти Владимир Зеленский Пензадагы аскердик заводго жана Уфадагы мунай иштетүүчү жайга сокку урулганын ырастады. Анын айтымында, Пензада Украинаны күн сайын аткылаган ракеталардын тетиктери чыгарылат.