Украинанын Куралдуу күчтөрү 6-июлда Омск шаарындагы мунай өндүрүүчү заводго сокку урду.
Аталган аймак Украинадан 2500 чакырым алыс.
Бул тууралуу Украинанын мониторинг жүргүзүүчү Exilenova+ жана Supernova+ Телеграм-каналдары жарылуулардын жана болжолдуу өрттүн кадрларын жарыялоо менен билдиришти.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы заводго сокку урулганын ырастады.
"Бул украин аскерлери чабуул койгон Орусиядагы эң ири 11 бензин өндүрүүчүлөрдүн акыркысы", - деп билдирди Башкы штаб.
Омск облусунун губернатору Виталий Хоценко тургундарга учкучсуз учактар коркунучу тууралуу эскертип, андан кийин абадан коргонуу күчтөрү украин дрондорун атып түшүргөнүн жана чабуулдун кесепеттери такталып жатканын жазган.
Кийинчерээк губернатор украин чабуулунун бутасы Омск мунай өндүрүүчү заводу (МӨЗ) болгонун моюнга алды. Аткаминер Коргоо министрлиги "учкучсуз учактардын басымдуу бөлүгүн жок кылганын" айтты. Анын белгилешинче, каза болгондор жана жабыркагандар жок.
Омск мунай өндүрүүчү заводу - Орусиядагы ири ишканалардын бири. "Газпром нефть" ачык акционердик коомунун (ААК) курамына кирет. Компаниянын сайтында Омск заводу Орусиядагы эң заманбап мунай өндүрүүчү ишканалардын бири экени айтылат.
Завод өндүргөн күйүүчү майын сыртка экспорттоп турган, анын негизги кардарларынын бири Кыргызстан. Заводго сокку урулганы ушу тапта социалдык тармактардын кыргыз сегментинде кызуу талкууланууда.
2026-жылдын жаз жана жай айларында украин аскерлери Орусиянын мунай өндүрүүчү заводдоруна сокку урууну күчөткөн. Мындан улам Орусиянын өзүндө күйүүчү май тартыштыгы жаралганы кабарланууда.
Күйүүчү майды негизинен Орусиядан алган кыргыз өкмөтү бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлаган.
Киевде чабуулдан 20дай киши набыт болду
6-июлдун таңында Киев жана ага жакын аймактар Орусиянын ири ракета жана дрон чабуулуна кабылды. Чабуулдан турак жай имараттары жабыркап, кеминде 20 адам набыт болду. Бул чабуул украин президенти Владимир Зеленский Орусия жакын арада жаңы сокку ура турганын эскерткен соң бир нече сааттан кийин болду.
Күбөлөрдүн айтымында, Киевде таңга маал бир нече катуу жарылуу болуп, абадан эскертүү жаңырды. Өлкөнүн башка шаарларында да абадан ушундай эле эскертүүлөр берилди.
"Душман баллистикалык ракеталар менен сокку урууда", - деп жазды Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Telegram баракчасына. Ал тургундарга баш калкалоочу жайлардан чыкпагыла деп эскертти.
Ошол эле учурда украин армиясы 2022-жылы согуш башталгандан берки Орусиянын ичин карай эң алыскы соккусун ишке ашырды. Чек арадан болжол менен 2500 чакырым алыста жайгашкан Омскидеги эң ири мунай иштетүүчү заводго сокку урганын Киев билдирди.
Киевге чабуулдун курмандыктары 11ге жетти
"Дарыгерлердин маалыматы боюнча, учурда Киевге түн ичинде жасалган душмандын чабуулунун кесепетинен каза болгондордун саны 11ге жетти. Жараат алгандардын бири бүгүн эртең менен ооруканада көз жумду. Жалпысынан 46 адам жабыркады. Алардын 27си ооруканага жаткырылды. Арасында үч бала бар", — деди Киевдин мэри Виталий Кличко.
Анын айтымында, шаардын төрт районунда кыйроолор жана зыян келтирилген объектилер бар. Эң көп жабыркаган район — Подольск. Ошондой эле Дарница районундагы көп кабаттуу турак жайларга да сокку тийген.
Киевге сокку урулуп, жети киши каза тапты
6-июлга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын борбору Киевге кайра сокку урду. Ракеталардын бири шаардын Подольск районундагы тогуз кабаттуу турак жайга тийип, имарат жарым-жартылай талкаланды.
Киевдин мэри Виталий Кличконун соңку маалыматына караганда, жети кишинин өмүрү кыйылып, 24ү түрдүү жараат алды.
Кличконун айтымында, дрон сыныктары тийген 21 кабаттуу имараттын үчүнчү, төртүнчү кабаттары жарым-жартылай бузулду. Голосеев районунда беш кабаттуу үйдө, ээн курулушта, кампа имаратында, ачык аянтта өрт чыкты.
Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко да башкалаанын Дарница районунда чабуулдардын кесепетинен үч жерде көп кабаттуу турак жайларга зыян келтирилгенин кабарлады.
Москва акыркы соккулар тууралуу комментарий бере элек.
Адатта Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик инфраструктурасын гана бутага алганын билдирип, жарандык жайларга сокку урулганын, миңдеген карапайым кишилердин өлүмүнө себепчи болгонун моюнга албайт. Украинанын инфраструктура, социалдык объектилерине күн сайын чабуул коюлуп, Орусия негизсиз согуш баштаган 2022-жылдын 24-февралынан бери миңдеген кишинин каны төгүлдү, миңдегени майып болуп, жетим-жесир калды, дагы миңдеген киши үй-жайсыз калды.
Өзүнө кол салууга жооп катары Украина маал-маалы менен Орусиянын логистикалык жайларына, армиянын каржы булагы саналган мунай заводдоруна сокку уруп келет. Акыркы апталарда буга байланыштуу Орусиянын өзүндө жана андан мунай экспорттогон мамлекеттерде кара май кризиси пайда болду.