Владимир Зеленский 11-июлга караган түнү орус армиясы Украинага 120 дрон жана 12 ракета учурганын айтты.
"Алардын жарымы баллистикалык ракеталар. Биздин коргоочулар баллистикадан башкасын атып түшүрүүгө үлгүрдү. НАТОнун жыйынында макулдашылган, элибизди коргоого багытталган колдоо пакеттери боюнча убадалардын аткарылышын күтөбүз. "Патриотторго" лицензия алуу жана биргелешкен европалык антибаллистикалык долбоор боюнча макулдашууларды болушунча тездетүү керек", - деп жазды украин президенти Телеграм-каналына.
Киевге сокку урулуп, 11 адам жараат алды
Ишембиге караган түнү Орусия Украинанын борборуна дрондор жана ракеталар менен дагы сокку урду. Украинанын куткаруу кызматтары кеминде 10 адам жараат алганын билдирүүдө. Киевдин мэри Виталий Кличко өзүнүн Телеграм-каналында жабыркагандардын арасында 11 жаштагы бала бар экенин жазды. Кийинчерээк жараат алгандардын саны 11ге жеткени белгилүү болду.
Шаардын Днепр районунда соккунун кесепетинен турак эмес имараттан өрт чыгып, учурда ал толугу менен өчүрүлдү.
Украинанын армиясы бул түнү өлкө аймагына жалпысынан алты баллистикалык ракета учурулганын билдирди.
Украинанын Аба күчтөрүнүн басма сөз кызматы Телеграм-каналында Орусиянын Х-59/69 үлгүсүндөгү эки башкарылуучу авиациялык ракетасы жана ар кандай типтеги 111 учкучсуз учуучу аппараты атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украин аскерлери 11 локацияда баллистикалык ракеталар, эки башкарылуучу авиациялык ракета жана жети сокку уруучу дрон бутага тийгенин, ошондой эле үч локацияда атып түшүрүлгөн аппараттардын сыныктары чачыраганын катташкан. Радиолокацияга каршы ракета боюнча маалыматтар такталууда.
Жума күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский жакын арада АКШ Украинага "Искандер", "Кинжал" жана башка орусиялык ракеталарды атып түшүрүүгө жөндөмдүү Patriot абадан коргонуу тутумдары үчүн жаңы ок-дарыларды өткөрүп берерин билдирген.
Орусиянын аскерлери 10-июлга караган түнү Украинанын аймагына 137 дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү билдирди.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 08:00гө карата өлкөнүн түндүк, түштүк жана чыгыш аймактарында абадан коргонуу күчтөрү тарабынан душмандын "Шахед", "Гербера", "Италмас" жана башка типтеги 114 дрону атып түшүрүлдү же зыянсыздандырылды", - деп жазылган маалыматта.
Аскер кызматкерлеринин айтымында, 18 дрон 16 жерде бутага тийген, төрт жерде сыныктары чачыраган.
Аба күчтөрү чабуул уланып жатканын жана өлкөнүн аба мейкиндигинде бир нече орус дрондору бар экенин эскертти.
Орусиянын армиясы Украинанын шаарларын жана жарандык инфраструктураларын дрон, ракета, аралыктан башкарылуучу авиабомбалар жана реактивдүү системалар баштаган курал-жарактар менен тынымсыз аткылап келет.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусия Федерациясынын аскердик кылмышы катары баалашат.
Калкты электр энергиясы, жылуулук, суу, байланыш, медициналык жардам өңдүү жашоого зарыл шарттардан ажыратуу максатында тиричиликке керектүү тутумдарды жана ооруканаларды аткылоо геноциддик аракеттердин белгиси болуп саналат.
Орусиянын жетекчилиги ири масштабдуу согуш учурунда армиясы Украинанын жарандык инфраструктурасына атайылап сокку уруп, жарандарды өлтүрүп, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетика жана суу менен камсыздоо объекттерин талкалап жатканын четке кагып келет.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Вишневое шаарындагы ок-дары кампасында жарылуудан кийин күнөөлүүлөр жоопко тартыларын жана "Укроборонпром" мамлекеттик концернинде кадрдык өзгөрүүлөр болорун жарыялады.
"Үрөй учурган кырдаал. Вишневоедо ок-дары кампасы бар болчу, душман бул кампага сокку урганда адамдар жабыркап, жоготуулар көп болду. Көңүл айтам... Бирок жөн гана сооротуу жетишсиз, ошондуктан Украинанын Коопсуздук кызматынан, Ички иштер министрлигинен жана Башкы прокуратурадан бардык маалыматтарды алдым. Кылмыш иши козголду, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат жана албетте, "Укроборонпромдо" өзгөрүүлөр болот. Анткени бул кампа "Укроборонпромдун" ишканаларынын бирине таандык болчу", - деди Зеленский 9-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
6-июлга караган түнү Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын аймагына ар кандай типтеги аба, жердеги жана деңиз базасындагы ракеталар, дрондор менен жапырт сокку урган. Жалпы 68 ракета жана 351 учкучсуз учак учурулуп, негизги бута Киев болгону кабарланды.
Облустук аскердик администрациянын маалыматында, чабуулдан Киев облусунун төрт району: Буча, Бровары, Борисполь жана Вышгород райондору жабыркаган. Киев облусунда 6-июлдагы соккунун кесепетинен тогуз адам каза болуп, 50дөн ашыгы жараат алган.
Эң чоң кыйроолор соккудан кийин ири жарылуу (детонация) орун алган Вишневое шаарында катталды. Кампага чектеш көчөлөрдүн тургундары коопсуз жайларга эвакуацияланды.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жарылуу болгон объект өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн карамагында болбогонун билдирди. Украинанын президенти Коопсуздук кызматына жана чалгындоо кызматына детонациянын себептерин аныктоону тапшырды.
Орусиянын Коргоо министрлиги ал убакта Киев облусунун Вишневое шаарындагы күйүүчү-майлоочу майлардын кампасына ("Нефтеэкспериментальное КП"), зениттик-ракеталык системаларды жана авиациялык техника үчүн тетиктерди чыгарып, техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзгөн Жуляндагы "Визар" машина куруу заводуна сокку урулганын жарыялаган.
Мекеме бул соккунун кесепетинен дагы бир жолу жарылуу болгонун билдирген.