Украина 18-июлга караган түнү Орусиянын бир нече аймагындагы объектилерге учкучсуз учактар менен чабуул койду. Тамбов облусунда, жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, Wildberries маркетплейсинин кампасынын жети кызматкери каза болду. Ал эми Владимир облусунун бийлиги учкучсуз учак тийген көп кабаттуу үйдүн жашоочуларын облус борборунан эвакуациялоо жүргөнүн билдирди.
Тамбов облусунун Котовск шаарындагы Wildberries логистикалык борборунда өрт украиндердин дрон чабуулунан улам келип чыкканын облус губернатору Евгений Первышов маалымдады. Баштапкы маалыматтар боюнча, каза болгондордон тышкары дагы 24 адам жараат алды.
Владимирде көп кабаттуу үйдүн батирине учкучсуз учак тийгенден кийин өрт чыкканын облус губернатору Александр Авдеев айтты.
Москвага да чабуул коюлганын борбордун мэри Сергей Собянин билдирди. Анын айтымында, Коргоо министрлигинин абадан коргонуу күчтөрү шаарды көздөй учуп бараткан алгач жети, андан кийин 15, анан дагы 11 (жалпысынан - 33) дронду атып түшүрдү. Кийинчерээк ал Москва облусуна 370тен ашык учкучсуз учактын чабуулу болгондугун билдирди.
Ленинград облусунун үстүнөн алты дрон атып түшүрүлгөнүн губернатор Александр Дрозденко билдирди.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.
Орусия аскерлери бейшемби, 16-июлга караган түнү Украинанын аймагына чабуулдарын улантты: Киев баллистикалык ракета, Харьков учкучсуз учак менен аткыланды.
Борбор калаа Киевге баллистикалык ракеталар менен чабуул жасалып, бир нече жерде катуу жарылуу болду. Бул тууралуу "РБК-Украина" басылмасы жазды.
Өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, сокку кеминде төрт ракета менен жасалды.
Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, Дарницкий районунда ракетанын калдыктары имараттын аймагына түшүп, өрт чыккан. Святошино районунда да өрт чыккан.
Баштапкы маалымат боюнча эки киши каза болуп, дагы алты киши жарадар болгону айтылды.
16-июлга караган түнү Орусиянын Куралдуу күчтөрү Харьковго да учкучсуз учактар менен сокку урушту. Шаардын мэри Игорь Тереховдун айтымында, Киев жана Шевченко райондору жабыркады. Шевченко районундагы сейил бактардын бирине сокку урулганда кинотеатрдын имараты, унаа токтотуучу жай жана теннис корту зыянга учураганы маалымдалды.
Украинанын Одесса шаарында Орусиянын соккусунан үч адам каза таап, дагы үчөө жараат алганын жергиликтүү администрациянын башчысы Сергей Лысак 15-июлда билдирди. Жабыркагандар орточо оор абалда ооруканага жеткирилгени маалымдалды.
Лысактын айтымында, 14-июлдун кечинде орус аскерлери шаарга бир нече жолу сокку урду.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, соккулардын бири жарандык инфраструктурага тийди. Бир ишкананын кампасы талкаланды. Ал жерде өрт чыгып, жүк ташуучу эки унаа жабыркады.
Орусиянын Коргоо министрлиги 15-июлга караган түнү Украинанын Одесса облусунун "Одесса" жана "Черноморск" портторун бутага алганын, ал жерде инфраструктура, күйүүчү май куюлган резервуарлар жана учкучсуз учак жасалуучу цех жабыркаганын маалымдады. Жалпысынан эки ракета жана 122 учкучсуз учак колдонулганы айтылды.
Чернигов облусунун бийлиги да Орусиянын чабуулуна кабылганын кабарлады. Ал жерде бир адам каза болуп, турак үй жана унаа жабыркаган, ишкананын аймагында өрт чыккан.
Ошондой эле Днепропетровск, Житомир, Николаев жана Сумы облустары да бутага алынганы белгилүү болду.
15-июлга караган түнү орус аскерлери Украинанын Сумы облусундагы конуштардын бирине кассеталык ок-дары менен сокку урганын жергиликтүү администрациянын башчысы Сергей Кривошеенко билдирди.
Анын айтымында, чабуулдан жалпы жети киши жараат алды. Жабыркагандардын арасында катуу стресске кабылган 11 жаштагы бала да бар. Шаршемби күнү дарыгерлер жараат алгандардын экөө — 30 жаштагы эркек жана 59 жаштагы аял оор абалда экенин маалымдашты.
«Көчөлөрдө жарылбай калган ок-дарылар калып калышы ыктымал, этият болуңуздар», — деп эскертти Кривошеенко.