Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42
Украина. Дрон чабуулунан жабыркаган поезддин вагонун өрт өчүрүүчүлөр суу чачып өчүрүп жатат.
Украина. Дрон чабуулунан жабыркаган поезддин вагонун өрт өчүрүүчүлөр суу чачып өчүрүп жатат.

Украина: Никополдо беш киши каза болду, Киев чабуулга кабылды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:44 22.7.2026

Орусиянын Краснодар жана Ставрополь крайларына 22-июлга караган түнү жасалган дрон чабуулунан Wildberries компаниясынын логистикалык борборлору да бутага алынды. Бул тууралуу компания расмий билдирди.

Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы логистикалык борборлордо учурда тийиштүү кызматтар менен биргеликте чабуулдун кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген компания, баштапкы маалыматтар боюнча, жабыркагандар бар экенин маалымдады.

"Алардын тезирээк сакайып кетишин каалайм, биз сөзсүз түрдө бардык зарыл жардамды көрсөтөбүз. Өнөктөштөрүбүзгө кайрылам. Кырдаал боюнча бардык ыкчам маалымат сатуучулар порталында жарыяланып жатат. Расмий маалымат булактарына гана ишениңиздер", - деди Wildberries'тин негиздөөчүсү Татьяна Ким.

Краснодарда кампа комплекси өрттөнгөнүн крайдын ыкчам штабы да билдирди. Ошондой эле Краснодар шаарында дрон сыныктары көп кабаттуу эки үйгө тийгени, ал эми Динская станицасында эки жеке турак үйгө зыян келтиргени маалым болду. Армавирде «ишканалардын биринде» өрт чыкканын ыкчам штаб маалымдаган. Кийинчерээк Армавир шаарынын мэриясы сөз мунай базасы тууралуу болуп жатканын тактап, өрттүн аянты 80 чарчы метрге жеткенин билдирди.

Краснодардагы кампа комплексине жасалган чабуулдан кеминде үч адам жараат алганы кабарланууда.

Невинномысск шаарынын четинде учкучсуз аппараттардын чабуулунан кийин кампа комплекси өрттөнгөнүн Ставрополь крайынын губернатору Владимир Владимиров Telegram каналында билдирди. Анын айтымында, жараат алгандардын саны бешке жетти.

18-июлга караган түнү Орусиянын Тамбов облусундагы жана Подмосковьедеги Wildberries маркетплейсинин кампалары бутага алынган. Курман болгондор кеминде сегиз киши экени айтылган.

Орусиянын Wildberries маркетплейси аркылуу кийим-кечек сатып иштеген кыргыз ишкерлери өкмөткө кайрылып, миллиондогон рублдик товары дрон чабуулунан кийин өрт чалган кампада калганын билдирип чыккан. Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасындагы өрттө документтери калып кеткенин билдирген кыргызстандык бир нече жаран элчиликке кайрылганы маалым болгон. Каза тапкан жана жаракат алгандар арасында кыргызстандыктар жок.

16:16 21.7.2026

Орусия Украинанын Запорожье шаарына авиабомба менен сокку урду.

Сокку шаардагы эл жашаган турак жайларга тийгенин Запорожбье облустук админиятрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди. Акыркы маалыматка караганда, чабуулдан бир киши өлүп, экөө жараат алды.


15:31 21.7.2026

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, Сумыда Орусиянын дрону көп кабаттуу үйгө тийип, биринчи кабатта өрт чыкты.

Окуянын натыйжасында алты адам жаракат алган, алардын төртөө балдар.

Ошондой эле соода борбору да чабуулга кабылып, өрт чыкканын куткаруучулар билдиришти.

"Куткаруучулар өрттү өчүрө баштаганда душман кайрадан сокку урду. Чабуулдардун кесепетинен кызматтык автоунаа талкаланып калды. Куткаруучуларын машинесине да зыян келтирилди", – деп айтылат билдирүүдө.

Харьков шаарында Немышлянск районунда жер тамга сокку урулуп, өрт чыккан.

Таңкы чабуулдун натыйжасында беш адам жабыркаган, алардын арасында 12 жаштагы бала бар.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик аба күчтөрү билдиргендей, түн ичинде орусиялык аскерлер Украинага 58 дрон менен чабуул койгон. Алардын 46сы атып түшүрүлгөн. Ал эми сегиз дрон жети жерге түшкөн.

12:34 21.7.2026

Орусиянын армиясы Гвинея-Бисаунун желеги алдында дан тартып бараткан Golden Leо кемесине сокку урду.

Бул тууралуу Украинанын калыбына келтирүү, инфраструктура жана транспорт министри Николай Калашник билдирди.

Анын маалыматына караганда, кеме жүгөрү жүктөп, Одессанын портунан чыгып баратканда соккуга кабылган.

Андан он киши каза тапканын Украинанын деңиз порттору администрациясы билдирди. Өлгөндөрдүн арасында украиналык лоцман бар. Калашниктин айтымында, бортто лоцмандан тышкары Сирия жана Индиянын жарандарынан турган экипаждын 18 мүчөсү болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG