Орусиянын аскерлери 1-августка караган түнү Киевге жасаган жапырт ракеталык соккудан жабыркаган объектилердин бири шаар тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн транспорттук камсыздалышына жооп берген «Киевмедспецтранс» коммуналдык ишканасы болду.
Бул тууралуу Киевдин мэри Виталий Кличко билдирди. Анын айтымында, ишкананын аймагына эки ракета түшкөн. Натыйжада тез жардам кызматынын беш автоунаасы толугу менен күйүп кетип, дагы 20сы жарактан чыкты. Кличконун айтымында, «Киевмедспецтранс» ишканасынын төрт имаратына зыян келтирилди.
Киевдеги ракеталык соккудан тогуз адам каза болуп, кеминде 30 жайкын тургун жаракат алган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Киевге жана Киев облусуна чабуулдар «ракета жана учкучсуз учактарды чыгарууга байланыштуу заводдорго» коюлганын билдирди.
Москва согуш башталгандан бери көптөгөн далилдерге карабастан Украинадагы жарандык объектилерге сокку урганын четке кагып келет.
Киевде 1-августка караган түнү бир нече жарылуу болду. Шаарга Орусиянын баллистикалык ракеталары менен чабуул жасалганы кабарланды.
Киев шаардык аскердик администрациясынын акыркы маалыматына ылайык, Орусиянын чабуулунан кеминде тогуз адам каза болуп, дагы 23 тургун жараат алды. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Буга чейин Кличко жабыркагандардын арасында 13 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр бар экенин билдирген.
Каза болгондордун эң көбү, тактап айтканда жети адам, Киевдин Дарницкий районунда катталды. Соломенский районунда 5 кабаттуу турак жайдын бир бөлүгү урап түштү. Ошондой эле Шевченковский, Днепровский жана Печерский райондорунда кыйроолор жана өрт катталды.
Куткаруу иштери уланууда.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига бул түндү Киев үчүн «тозокко айланган түн» деп атап, «Украинага абадан жана ракетадан коргонуу боюнча кошумча системалар, ошондой эле тосуп атуучу каражаттар чукул арада керек. Чечим кабыл алуу жана жеткирүү ылдамдыгы чечүүчү мааниге ээ» деп белгиледи.
Орусияда 31-июлда Wildberries'тин кезектеги кампасы Украинанын дрон соккусуна кабылганын компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Волгограддагы логистикалык түйүнгө жасалган чабуулдан кийин өрт тутанды:
«Чабуулдун кесепетинен компаниянын Волгограддагы логистикалык объектисинде өрт чыкты. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат».
Баштапкы маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.
«Логистикалык жеткирүү жолу кайра уюштурулду. Товарларды кабыл алуу жана буйрутмаларды жөнөтүү башка объектилер аркылуу жүргүзүлүүдө», - деп айтылды билдирүүдө.
18-июлдан бери Орусияда Wildberries компаниясынын логистикалык терминалдарына ушуну менен 11-жолу чабуул жасалды. Украина сокку уруп жатканын ырастап, бул маркетплейс аркылуу аскердик багыттагы товарларды да сатып алууга болорун жүйө келтирген.
Волгограддын Дзержинский районунда Wildberries компаниясынын ири логистикалык борбору 2025-жылдын жаз айларында ачылган.
30-июлда компаниянын Пензадагы жана Удмуртиянын Сарапул шаарындагы кампаларында да ири өрт катталган.
Орусиянын 30-июлда Украинага каршы соккусунда, баштапкы маалыматка караганда, Түндүк Кореянын ракетасын колдонгонун өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди. Днепропетров облусунун Радушное кыштагына жасалган чабуулдан бир үй-бүлөдөн алты кишинин өмүрү кыйылган.
"Албетте, дагы экспертизалар болот, баары текшерилет, бирок азыркы маалымат боюнча бул түндүккореялык баллистика болду", - деди ал.
Зеленский союздаштарды Орусиянын бул соккусун айыптап гана эмес, Украинага аба чабуулдарынан коргонуу системалары жагынан колдоо көрсөтүүгө чакырды.
30-июлга караган түнү Орусия Украинанын бир катар шаарларына, анын ичинде борбор калаа Киевге ракета менен чабуул жасаган. Кривой Рог шаарынын четиндеги Радушное айылында көп балалуу үй-бүлө жашаган жеке үйгө баллистикалык ракета түшкөн. Каза тапкандар арасында алты жашар кыз жана 11, 17 жаштагы балдар бар.
2024-жылы Москва менен Пхеньян «ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк» жөнүндө келишим түзүшкөн.