Орусиянын армиясы 9-августта эртең менен Харьковдун Салтовск районуна ракеталар менен сокку урду.
Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, соккуда көп кабаттуу үйгө зыян келтирилди. Эки киши каза таап, кеминде 23 киши жабыркады.
Синегубов билдиргендей, 11 киши жардыруудан жараат алып, экөө иске ууланды. Дагы сегиз киши, анын ичинде беш жашар балага катуу стресске кабылган деген диагноз коюлду.
Жекшембиге караган түнү Орусиянын аскерлери Одесса облусун да ондогон ракета жана дрондор менен аткылаган. Жергиликтүү бийлик инфраструктура объектилери жана курулуш зыян тартканын билдирген.
Одессанын эки районунда бир нече турак жай жарым жартылай талкаланып же зыянга учураган. Сегиз киши жабыркаган. Жетөөнүн абалы оор деп бааланууда. Жабыркагандардын көбү осколкадан жараат алган.
АКШнын Мамлекеттик департаменти Түркиянын карамагында турган 12 M270 ракета комплексин, 70 ATACMS баллистикалык ракетасын, кассеталык ок-дарыларды жана артиллериялык снаряддардын Украинага берилишине уруксат берүүнү пландоодо. Курал-жарактардын жалпы баасы 28 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик департамент АКШ Конгрессине билдирген.
Мамдепартаменттин маалыматына караганда, АКШ "аскердик, саясий жана экономикалык факторлорду эске алуу менен" куралдарды берүүгө уруксат берүүгө даяр. Мекеме бул АКШнын Украинага коопсуздук жаатында жардам көрсөтүү максаттарына жооп берерин белгиледи. Ал эми Түркия мындай жол менен эскирген курал-жарактарынын запасын кыскартат.
Буга чейин, 8-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина АКШда өндүрүлгөн Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ракеталарды ай сайын алып турарын билдирген. Анын айтымында, баллистикалык ракета чабуулдарынан коргонуу үчүн бул дагы деле жетишсиз болот.
1-августта Зеленский Украинанын абадан коргонуу системалары үчүн ракеталары түгөнүп калганын жана аскерлер Орусиянын баллистикалык ракеталарын атып түшүрө албай жатышканын билдирген.
Орусиянын аскерлери 8-августка караган түнү Украинанын борбору Киевге жана Киев облусуна кайрадан жапырт чабуулун жасады.
"Бровары районунда душмандын чабуулунун кесепеттери үч жерде катталды. Тилекке каршы, үч адам, анын ичинде бир бала каза болду. Дагы үч адам жараат алды, алардын арасында да бир бала бар", - деп билдирди Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Telegram каналы аркылуу.
Ткаченконун айтымында, сыныктар кулаганда жеке турак үй, чарбалык курулуштар, унаалар зыянга учурап, ишканалардын биринин имаратынын аймагында өрт чыккан.
Киев шаарында баллистикалык ракета коркунучу жарыялангандан үч сааттан кийин эки жерде өрт чыкканы, төрт адам жаракат алганы маалымдалды.
Соңку жумаларда орус аскерлери Киевге ракеталык чабуулдарын күчөттү. Украин бийлиги баллистикалык ракеталарды атып түшүрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин билдирип, АКШдан жардам суроодо.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинага аба чабуулдарынан коргонууда колдонулуучу Patriot зениттик-ракеталык комплексине кошумча ракета берүү маселесине байланыштуу суроого жооп берип жатып "алар бизге өзүбүзгө керек" деп билдирди.
6-августта Ак үйдөгү брифингде журналисттер Трампка украин президенти Владимир Зеленскийдин Орусия баллистикалык ракета чабуулдарын күчөткөнү, андай соккулардан коргонуу барган сайын оорлогону тууралуу билдирүүсүн мисал келтирип суроо беришкен.
Трамп буга чейинки президент Жо Байдендин тушунда ракеталар короп кеткенин, ал "өтө көп куралды бекер берип салганын" айтты.
Июль айында Анкарада өткөн НАТО саммитинде Зеленский менен жолугушууда Трамп АКШ Украинага Patriot системасынын ракеталарын жасоого лицензия берерин айткан, бирок кийин андай болушу мүмкүн эмес экенин бир нече жолу кыйыткан.
Жакында Ак үйдө өткөн жолугушууда Зеленский Украинанын энергетикалык инфраструктурасын кыш мезгилинде коргоо үчүн АКШ президентинен абадан коргонуу үчүн кошумча ракета бөлүп берүүнү кайрадан суранган. Бирок Трамп бул өтүнүчтү четке какканын бир нече маалымат булагы кабарлаган.
Reuters агенттиги Трамп февралдын аягында Иранга каршы баштаган согуштун айынан АКШнын айрым ракета запастары кыйла азайып калган болушу мүмкүн экенин жазган.