Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:01
Украина, Орусиянын Киевге соккусунун кесепети. 16-август, 2026-жыл
Украина, Орусиянын Киевге соккусунун кесепети. 16-август, 2026-жыл

Украина менен Орусия бири-бирине сокку урду. Каза тапкандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:02 10.8.2026

10-августка караган түнү украиналык дрондор Орусиянын Татарстан республикасынын Нижнекамск шаарындагы өнөр жай аймагына чабуул койду. Жергиликтүү бийлик каза тапкандар бар экенин, "жарандык жана өндүрүш объектилери" аткыланганын билдирген.

Кийинчерээк бийлик чабуулдардан 12 киши каза тапканын, 39у жабыркаганын маалымдады. Бир топ убакыттан кийин өлгөндөр 13кө жетти деген маалымат берди.

Кабарга караганда, дарыгерлерге 75 киши кайрылып, 21и ооруканага жаткырылган. Аймакта аза күтүү жарыяланды.

Каза тапкандардын арасында бала, Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары бар экени кабарланды.

Astra басылмасы дрондор "Нижнекамскнефтехим" заводун бутага алган болушу ыктымалдыгын жазды.

Бул Европадагы эң ири мунайхимиялык комплекстердин бири. Завод СИБУР холдингине кирет. Өнөр жай зонасында мунайды кайра иштеткен эки завод жайгашкан, аларга мурда да дрон чабуулу болгон.

Украиналык мониторинг каналдары сокку мунай заводуна тийгенин боолголоп, өрт тартылган видеолорду жарыялап жатышат.

Дрон чабуулу тууралуу Орусиянын Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь да жазды. Анын айтымында, облустун аймагында 70тен ашуун учкучсуз учак атып түшүрүлгөн.

Москванын мэри Сергей Собянин шаарга жакын жерден 13 дрон атып түшүрүлгөнүн, аннексияланган Севастополдун башчысы Михаил Развожаев 15 дрон жок кылынганын, "Инжир" эс алуу жээгинин аймагындагы токойду өрт чалганын кабарлады.

12:04 10.8.2026

10-августка караган түнү украиналык дрондор Орусиянын Татарстан республикасынын Нижнекамск шаарындагы өнөр жай аймагына чабуул койду. Жергиликтүү бийлик каза тапкандар бар экенин кабарлады, бирок санын айта элек.

Татарстан бийлигинин маалыматына караганда, "жарандык жана өндүрүш объектилери" аткыланды.

Astra басылмасы дрондор "Нижнекамскнефтехим" заводун бутага алган болушу ыктымалдыгын жазды.

Бул Европадагы эң ири мунайхимиялык комплекстердин бири. Завод СИБУР холдингине кирет. Өнөр жай зонасында мунайды кайра иштеткен эки завод жайгашкан, аларга мурда да дрон чабуулу болгон.

Украиналык мониторинг каналдары сокку мунай заводуна тийгенин боолголоп, өрт тартылган видеолорду жарыялап жатышат.

Дрон чабуулу тууралуу Орусиянын Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь да жазды. Анын айтымында, облустун аймагында 70тен ашуун учкучсуз учак атып түшүрүлгөн.

Москванын мэри Сергей Собянин шаарга жакын жерден 13 дрон атып түшүрүлгөнүн, аннексияланган Севастополдун башчысы Михаил Развожаев 15 дрон жок кылынганын, "Инжир" эс алуу жээгинин аймагындагы токойду өрт чалганын кабарлады.

16:52 9.8.2026

Орусиянын Белгород облусунда 9-августка караган түнү украиналык дрондордун чабуулунан үч киши каза тапканын аймактын губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Шуваев билдирди. Анын маалыматына караганда, 25 киши жабыркады, бири төрт жаштагы бала. Төрттөн ашык көп кабаттуу үй, административдик имарат, социалдык жана коммерциялык объектилер, жер там жана автоунааларга зыян келтирилди.Кийинчерээк ыкчам штаб беш киши өлгөнүн тактады.

Astra басылмасы болсо ФСБнын облустук башкармалыгына жакын жердеги үч көп кабаттуу үйгө зыян келтирилгенин жазды.

Белгород ЖЭБинен 600 метр аралыкта жайгашкан дагы бир үй зыян тарткан. Шаардык "Автоград" соода борбору жарым-жартылай бузулган.

Новороссийскиде дрондун калдыктары Верхнебаканск кыштагындагы эки ишкана менен жер тамга тийген. Чарбалык курулуш өрттөнгөн. Өрт өчүрүлгөн, жабыр тарткандар жок.

Дрондордун чабуулу тууралуу Башкырстандын бийлиги да билдирди. Башкыр республикалык Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, дрондор Уфадагы ишканаларды бутага алган (кайсы ишканалар экени такталган жок). Учкучсуз учуучу аппараттардын бири шаардын Дёмский районунда курулуп жаткан үйгө тийген. Кранга урунуп, андан соң курулуштун чатырына кулап түшкөн, натыйжада өрт чыккан. Бийликтин маалыматы боюнча, каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Уфадагы мунайды кайра иштетүүчү ишканалар комплекси акыркы аптада бир нече ирет соккуга кабылган. 1-2-августта учкучсуз учактар "Башнефть-УНПЗ" жана "Башнефть-Уфанефтехим" мунай заводдору чабуулга кабылган. 5-августта дрондор "Башнефть-Новойлду" бутага алган. Бул үч завод тең Уфадагы мунайды кайра иштетүүчү ишканалар комплексине кирет. Анын кубаттуулугу жылына 23,5 миллион тонна чийки мунайды иштетүүгө жөндөмдүү.

Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде абадан коргонуу системалары 19 аймакта, анын ичинде аннексияланган Крымда, Азов жана Кара деңиз акваторияларында 160тан ашуун дронду кармап же жок кылганын жарыялады.

15:01 9.8.2026

Орусиянын армиясы 9-августта эртең менен Харьковдун Салтовск районуна ракеталар менен сокку урду.

Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, соккуда көп кабаттуу үйгө зыян келтирилди. Эки киши каза таап, кеминде 23 киши жабыркады.

Синегубов билдиргендей, 11 киши жардыруудан жараат алып, экөө иске ууланды. Дагы сегиз киши, анын ичинде беш жашар балага катуу стресске кабылган деген диагноз коюлду.

Жекшембиге караган түнү Орусиянын аскерлери Одесса облусун да ондогон ракета жана дрондор менен аткылаган. Жергиликтүү бийлик инфраструктура объектилери жана курулуш зыян тартканын билдирген.

Одессанын эки районунда бир нече турак жай жарым жартылай талкаланып же зыянга учураган. Сегиз киши жабыркаган. Жетөөнүн абалы оор деп бааланууда. Жабыркагандардын көбү осколкадан жараат алган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG