Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:04
Орусиянын жапырт чабуулуна бул жолу Одесса аймагы да кабылды. 2026-жылдын 29-августу.
Орусиянын жапырт чабуулуна бул жолу Одесса аймагы да кабылды. 2026-жылдын 29-августу.

Киев облусу: Орусиянын чабуулунан кийинки жарылуудан жана өрттөн кеминде 27 өмүр кыйылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:41 20.8.2026

20-августка караган түнү Румыниянын Тулча аймагына учкучсуз учак кулады. Бул тууралуу Румыниянын Улуттук коргонуу министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, түнкү саат 02:23тө радиолокациялык байкоо системасы Украина менен чек арага жакын жерде абадагы буталарды байкаган. Испаниянын F-18 ВВС эки истребители, Румыниянын аба күчтөрүнүн IAR-330 SOCAT тик учагы абага көтөрүлгөн.

03:21 учкучсуз аппарат өлкөнүн аба мейкиндигине кирип, үч мүнөттөн кийин Тулча уездинин Гринду калктуу конушунан түндүк-чыгышты карай төрт чакырым алыстыкта эч ким жок жерге кулаган.

Ал түшкөн жерде өрт чыгып, кийин өчкөнү айтылат румын министрлиги тараткан маалыматта. Жабыркагандар жок, учкучсуз аппарат кулаган жерге аскер кызматкерлери барган.

Дрон кайсы өлкөнүкү экени айтыла элек.

Учкучсуз аппараттар Румыниянын аба мейкиндигин бузган учурлар буга чейин да катталган. Акыркы жолу 16-августка караган түнү дрон өлкөнүн аба мейкиндигине кирип, испаниялык истребител аны атып түшүргөн. Ал учурда Орусиянын армиясы Украинанын жапырт аткылап жаткан.

Июлдун этегинде истребителдер үч күн катары менен өлкө чек арасын бузуп кирген орусиялык учкучсуз аппараттарды атып түшүргөндөн кийин Румыния Орусиянын дипломатын өлкөдөн чыгарган.

13:55 20.8.2026

Украинанын учкучсуз учактары 20-августта Татарстанга жана Краснодар крайына чабуул койду. Бул тууралуу Телеграмдагы мониторинг каналдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Нижнекамск шаарынын мэри Радмир Беляев 20-августтун таңында абадан коргонуу күчтөрү кезектеги жапырт чабуулдун мизин кайтарганын билдирди. Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдарынын маалыматына караганда, бутага "Танеко" мунайды кайра иштетүүчү заводу ("Татнефть") алынган.

Exilenova+ жана Supernova+ каналдарынын маалыматы боюнча, дрондор Темрүк районундагы "Таман" көмөк чордонуна (Кубан менен Крымды байланыштырган энергетикалык көпүрөнүн негизги түйүнү) жана Волна кыштагындагы "Таманьгазнефть" мунай терминалына да сокку урган. "Крымский ветер" каналынын маалыматына ылайык, 30-июлда украиналык дрондор аталган терминалдагы 12 резервуарды жок кылган.

Мындан тышкары, "Крымский ветер" спутниктен алынган маалыматтарга таянып, Украинага "Шахед" дрондорун учуруу үчүн колдонулган Приморско-Ахтарск аскердик аэродромунун аймагында өрт катталганын билдирди.

Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских дрондордун чабуулунан бир адам жабыркаганын маалымдады. Анын айтымында, облустун үстүнөн 11 дрон атып түшүрүлгөн.

"Новоспасск районунда чабуулдун мизи кайтарылды. Инфраструктура жабыркаган жок. Окуя болгон жерде атайын кызматтар иштеп жатат. Электр линиясынын мамыларына зыян келтирилип, оңдоо иштери жүрүүдө. Электр менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жок. Тилекке каршы, жабыркаган адам бар. Жаш жигит башынан жаракат алган, абалы оор", – деп жазды ал.

Украина тарап азырынча Орусиянын аймагына соккулар тууралуу маалыматка комментарий бере элек.

Орусиянын Коргоо министрлиги Астрахань, Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Калуга, Курск, Орёл, Ростов, Рязань, Самара, Саратов, Тамбов, Тула жана Ульяновск облустарынын, Москва аймагынын, Краснодар крайынын, аннексияланган Крымдын, Татарстандын, ошондой эле Азов жана Кара деңиздеринин акваториясынын үстүнөн 726 украиналык дрон кармалып же жок кылынганын билдирди.

12:00 20.8.2026

Орусиянын армиясы 20-августка караган түнү Украинанын борбору Киевге жапырт сокку урду. Акыркы маалыматтарга караганда, 12 киши каза таап, 33ү жараат алды.

Киевде 21-август аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Калаанын мэри Виталий Кличко билдиргендей, Соломенск районунда чабуулдан он кабаттуу турак жайдын 8-9-кабаттары талкаланды. Жакын жайгашкан имараттардын терезелери күбүлүп калды, мектеп, балдар ооруканасы жана гаражга зыян келтирилди.

Дагы бир медициналык мекеменин айнектери талкаланып, жакын жерде токтоп турган автоунаалар өрттөндү. Өрт төрт кабаттуу дагы бир имараттын акыркы кабаттарында да чыкты.

Дарницк районунда эл жашабаган имараттар жана кампаларга, Святошинск районунда курулушу бүтө элек объектиге зыян келтирилип, кампалар күйүп кетти.

Киев облусунун Бровары районунда Орусиянын чабуулунан бир киши каза таап, дагы бири жараат алганын облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко билдирди.

Анын айтымында, өнөр жай объектисине зыян келтирилген. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы жети киши жабыркаганы тууралуу маалымат таратты. Күйүүчү май ишканасынын эки объектинде, кампа жана жер тамдарда өрт чыкты, автоунаалар өрттөнүп кетти.

11:22 20.8.2026

Орусиянын армиясы 19-августта Украинанын Житомир шаарына реактивдүү учкучсуз учактар менен чабуул койду. Соккулардын бири Житомир облустук полиция башкармалыгынын имаратына тийди.

Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Виталий Бунечко Телеграмга жазды.

Кийинчерээк Украинанын Улуттук полициясы соккуда эки кызматкер өлгөнүн, 40ка жакын киши жабыркаганын кабарлады.

Соккунун кесепеттери тууралуу сүрөт-видеолор интернетке жарыяланды.

19-августта эртең менен орус армиясы Херсондун Корабельный районунда маршруттук унааны дрондор менен аткылады. Херсон облусунун башчысы Александр Прокудин андан төрт киши каза таап, бешөө жараат алганын билдирди.

Херсондун башка райондору да бутага алынып, дагы эки киши каза тапкан.

Херсон күн сайын Орусиянын аткылоосуна кабылып келет. Телеграм каналдар шаардын көчөлөрүндө FPV-дрондор карапайым тургундарды ары-бери ойнотуп, "аңчылык" кылып жатканы тууралуу видеолорду таратышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG