20-августка караган түнү Орусиянын чабуулунан Киевде жана Киев облусунда кеминде 17 адам каза болуп, дагы ондогон киши жаракат алды. Бул тууралуу украин бийлиги билдирди.
Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий түнкү чабуул дээрлик тогуз саатка созулганын айтты. Анын белгилешинче, Киев жана шаардын айланасына ондогон ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку урулган.
Чабуулдун кесепеттерин жоюу иштерине өлкө боюнча Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын 462 куткаруучусу жана 116 атайын техника тартылган.
Премьер-министрдин маалыматына ылайык, соккулар турак жайларга жана балдар ооруканасына тийген. Ошондой эле Борисполь шаарында азык-түлүк кампалары жана Кызыл Чырым уюмунун объектилери жабыркаган. Учурда куткаруучулар өрттү өчүрүү иштерин улантууда.
Мындан тышкары, түн ичинде Одесса жана Чернигов облустарындагы жарандык инфраструктура объектилери да чабуулга кабылганы кабарланды.
Киевге 20-августка оогон түндөгү соккулардын курмандыктары 15ке жетти.
Жараат алгандар 40тан ашты. Бул тууралуу Киевдин бийлиги билдирди. Маалыматка караганда, жапырт соккулардын, ракеталык чабуулдун кесепети менен күрөшүү иши уланууда.
20-августка караган түнү Румыниянын Тулча аймагына учкучсуз учак кулады. Бул тууралуу Румыниянын Улуттук коргонуу министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, түнкү саат 02:23тө радиолокациялык байкоо системасы Украина менен чек арага жакын жерде абадагы буталарды байкаган. Испаниянын F-18 ВВС эки истребители, Румыниянын аба күчтөрүнүн IAR-330 SOCAT тик учагы абага көтөрүлгөн.
03:21 учкучсуз аппарат өлкөнүн аба мейкиндигине кирип, үч мүнөттөн кийин Тулча уездинин Гринду калктуу конушунан түндүк-чыгышты карай төрт чакырым алыстыкта эч ким жок жерге кулаган.
Ал түшкөн жерде өрт чыгып, кийин өчкөнү айтылат румын министрлиги тараткан маалыматта. Жабыркагандар жок, учкучсуз аппарат кулаган жерге аскер кызматкерлери барган.
Дрон кайсы өлкөнүкү экени айтыла элек.
Учкучсуз аппараттар Румыниянын аба мейкиндигин бузган учурлар буга чейин да катталган. Акыркы жолу 16-августка караган түнү дрон өлкөнүн аба мейкиндигине кирип, испаниялык истребител аны атып түшүргөн. Ал учурда Орусиянын армиясы Украинанын жапырт аткылап жаткан.
Июлдун этегинде истребителдер үч күн катары менен өлкө чек арасын бузуп кирген орусиялык учкучсуз аппараттарды атып түшүргөндөн кийин Румыния Орусиянын дипломатын өлкөдөн чыгарган.
Украинанын учкучсуз учактары 20-августта Татарстанга жана Краснодар крайына чабуул койду. Бул тууралуу Телеграмдагы мониторинг каналдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.
Нижнекамск шаарынын мэри Радмир Беляев 20-августтун таңында абадан коргонуу күчтөрү кезектеги жапырт чабуулдун мизин кайтарганын билдирди. Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдарынын маалыматына караганда, бутага "Танеко" мунайды кайра иштетүүчү заводу ("Татнефть") алынган.
Exilenova+ жана Supernova+ каналдарынын маалыматы боюнча, дрондор Темрүк районундагы "Таман" көмөк чордонуна (Кубан менен Крымды байланыштырган энергетикалык көпүрөнүн негизги түйүнү) жана Волна кыштагындагы "Таманьгазнефть" мунай терминалына да сокку урган. "Крымский ветер" каналынын маалыматына ылайык, 30-июлда украиналык дрондор аталган терминалдагы 12 резервуарды жок кылган.
Мындан тышкары, "Крымский ветер" спутниктен алынган маалыматтарга таянып, Украинага "Шахед" дрондорун учуруу үчүн колдонулган Приморско-Ахтарск аскердик аэродромунун аймагында өрт катталганын билдирди.
Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских дрондордун чабуулунан бир адам жабыркаганын маалымдады. Анын айтымында, облустун үстүнөн 11 дрон атып түшүрүлгөн.
"Новоспасск районунда чабуулдун мизи кайтарылды. Инфраструктура жабыркаган жок. Окуя болгон жерде атайын кызматтар иштеп жатат. Электр линиясынын мамыларына зыян келтирилип, оңдоо иштери жүрүүдө. Электр менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жок. Тилекке каршы, жабыркаган адам бар. Жаш жигит башынан жаракат алган, абалы оор", – деп жазды ал.
Украина тарап азырынча Орусиянын аймагына соккулар тууралуу маалыматка комментарий бере элек.
Орусиянын Коргоо министрлиги Астрахань, Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Калуга, Курск, Орёл, Ростов, Рязань, Самара, Саратов, Тамбов, Тула жана Ульяновск облустарынын, Москва аймагынын, Краснодар крайынын, аннексияланган Крымдын, Татарстандын, ошондой эле Азов жана Кара деңиздеринин акваториясынын үстүнөн 726 украиналык дрон кармалып же жок кылынганын билдирди.