Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25
Patriot системалары. Архив сүрөт.
Patriot системалары. Архив сүрөт.

Patriot боюнча акыркы чечим. Зеленский Трамптан ракета жасоо лицензиясына макулдук алганын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:31 5.9.2026

АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Ак үйдүн Орусиянын Украинага каршы согушун токтотууга багытталган кезектеги аракетинин алкагында 5-сентябрда Москвага барышты. Андан кийин дипломаттар Киевге барууну пландаштырууда.

Reuters жана ТАСС агенттиктери кабарлагандай, чабармандардын сапары Киев менен Москванын ортосундагы сүйлөшүүлөр дээрлик туңгуюкка кептелип, ошол эле учурда Орусиянын аскерлери Украинанын аймактарына жаңы чабуулдарын күчөткөн учурга туш келди.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондун колунда «тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сунуш» бар экенин билдирип, анын өкүлдөрү Москва менен Киевге согушту токтотуу тууралуу сунуш алып барышарын айткан.

"Биз аларды кандайдыр бир жыйынтыкка жетише алабызбы же жокпу, ошону аныктоо үчүн жөнөттүк. Ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүбүз жогору", - деген Трамп 4-сентябрда Ак үйдө журналисттерге.

Бирок сунуштун мазмуну тууралуу ал кеңири маалымат берген эмес.

16:00 4.9.2026

Орусиянын аскерлери 4-сентябрга караган түнү Украинанын Одесса облусундагы жарандык инфраструктурага кайрадан абадан жапырт чабуул койду. Бул тууралуу Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.

Анын маалыматына караганда, соккулардан бир адам каза болуп, кеминде беш киши жараат алды. Жабыркагандардын арасында бир бала бар. Ошондой эле көп кабаттуу эки үйдүн батирлери, фасаддары жана айнектери зыян тарткан.

Одесса шаардык аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Лысак да карапайым тургун каза болгонун ырастап, чабуулдун кесепеттерин көрсөткөн сүрөттөрдү жарыялады.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, шаардын бир районунда тогуз кабаттуу үйдүн батирлери талкаланып, коңшу үйлөр менен 28 автоунаа жабыркады.

Мунун алдында, 3-сентябрга караган түнү болгон дагы бир чабуулдан Одессада 17 адам, анын ичинде үч бала жараат алган. Анда 21 кабаттуу үйдүн 10-кабатынан 17-кабатына чейинки батирлер, көптөгөн автоунаалар зыян тартканы кабарланган.

Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн таңкы маалыматында айтылгандай, Орусия бул жолу Украинага Кара деңиз тараптан Х-31П башкарылуучу авиациялык ракетасын, ошондой эле Shahed үлгүсүндөгү жана башка түрдөгү жалпысынан 121 сокку уруучу дрон учурду. Алардын арасында “Гербера”, “Бандероль”, “Пародия” сыяктуу аппараттар да болгон.

Украин аскерлери өлкөнүн түндүк, түштүк, чыгыш жана борбордук аймактарында 103 дронду атып түшүргөнүн же радиоэлектрондук каражаттар аркылуу иштен чыгарганын билдиришти.

13:30 4.9.2026

Орусиянын Краснодар крайынын ыкчам штабы 4-сентябрга караган түнү Сочи шаарында жана «Сириус» деп аталган федералдык аймагында жапырт дрон чабуулу болгонун билдирди. Бийликтин маалыматына караганда, абадан коргонуу күчтөрү учкучсуз аппараттарды атып түшүргөндөн кийин алардын сыныктары турак жайларга жана башка имараттарга түшүп, бир нече жерде өрт чыккан.

Расмий маалыматта айтылгандай, өрт мунай базасынын аймагында да катталган. Бирок кайсы ишкана жабыркаганы жана келтирилген зыяндын көлөмү азырынча так айтылган жок. Баштапкы маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.

ASTRA Telegram каналы жазгандай, сокку Сочинин Адлер районунда жайгашкан «Роснефть-Кубаньнефтепродукт» мунай базасына тийген болушу мүмкүн. Басылма күбөлөр жарыялаган сүрөттөр менен видеолордун негизинде объектти аныктаганын жазды. Ошондой эле жарыяланган видеолордон Сочиге жакын жердеги абадан коргонуу бөлүгүндө да өрт чыкканын көрүүгө болот.

Дрон чабуул коркунучу тууралуу Сочинин мэри Андрей Прошунин түнкү саат 00:40 чамасында билдирген. Мындан улам Сочи аэропорту убактылуу кабыл алуу жана жөнөтүү иштерин убактылуу токтоткон.

Ошол эле түнү Орусиянын башка аймактары да дрон чабуулуна кабылганы маалымдалды. Москва шаарынын мэри Сергей Собянин борбор калаага жакындап келген 35 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ростов облусунда болжол менен 25, ал эми Тула облусунда 17 дрон жок кылынганы айтылды.

Коопсуздук чараларына байланыштуу Самара, Ульяновск, Казан, Уфа, Оренбург, Краснодар жана Москвадагы Внуково, Домодедово, Жуковский аэропортторунда да учууларга убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Түнкү чабуулдун натыйжасында таанылбаган Абхазия менен чек арага жакын, Псоу дарыясынын жээгиндеги Имеретин ойдуңунда жайгашкан «Сириус» аймагында да өрт чыккан. Astra басылмасынын маалыматына караганда, ал жерде Орусиянын абадан коргонуу дивизиону, тактап айтканда С-300 же С-400 зениттик-ракеталык комплекстери жайгашкан. Бул аймакка быйыл май айында да сокку урууга аракет жасалганы кабарланган.

14:18 3.9.2026

Орусиянын армиясы 3-сентябрга оогон түнү Украинанын Одесса шаарын кайра аткылап, 17 киши жабыркады, анын үчөө балдар.

Бул тууралуу Одесса шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди.

Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин маалыматына караганда, сокку 21 кабаттуу турак жайга тийип, анын 10-кабатынан 17-кабатына чейин 20 батирге, жакын токтотулган ондон ашык машинеге зыян келтирилди.

Чабуулдун кесепеттерин жоюу иши уланууда. Жеринде коммуналдык жана башка тиешелүү кызматтар иштеп жатат.

Мындан тышкары Черкассы облусунун Золотоношск районунда Орусиянын соккусунан электр линиялары, күн панелдери зыян тартканын облустун жетекчиси Игорь Табурец маалымдады.

Бориспол районунда осколкадан бир киши жараат алды. Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченконун билдирүүсүндө, кампага, административдик имарат жана дүкөнгө зыян келтирилди. Чабуулдун кесепети такталууда.

Запорожье облусунда бейшемби эртең менен орус армиясынын дрону Биленьке кыштагында жарандык автоунаага тийип, анын ичиндеги киши каза тапты, экинчиси жараат алганын облустук аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоров кабарлады.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG