6-сентябрга караган түнү Орусиянын аймактары жапырт дрон чабуулуна кабылды. Рязань облусунун губернатору Павел Малков "ишканалардын биринде" өрт чыкканын билдирди. Күбөлөр жарыялаган сүрөттөр менен видеолорду изилдеген ASTRA мониторинг долбоору «Роснефтке» таандык Рязань мунай кайра иштетүүчү заводу чабуулга кабылганын ырастоодо.
Рязань мунайды кайра иштетүүчү заводу – Орусиядагы эң ири заводдордун бири, анын кубаттуулугу жылына болжол менен 17 миллион тонна мунайды түзөт. Орусия Украинага басып киргенден бери ишкана украин дрондорунун чабуулуна бир нече ирет, анын ичинде 2026-жылдын май жана июль айларында да кабылган.
Облустук бийликтин маалыматы караганда, Рязанда жана Сапожков районунда учкучсуз учактардын сыныктарынан турак үйлөр жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.
Ростов облусунда 30га чукул дрон асманда жок кылынганын губернатор Юрий Слюсарь билдирди. Ростов-на-Дону шаарында бир нече көп кабаттуу үй жабыркаган. Совет районунда эки үйдүн жогорку кабаттары жана чатырлары, ал эми Ленин районунда көп кабаттуу үйдөгү батир жана имараттын айнектерине зыян тийген. Ошондой эле Киров районунда да айрым үйлөргө тийген.
Чабуулдун кесепетинен Ростов-на-Донуда үч киши жараат алган. Экөө, анын ичинде бир бала ооруканага жаткырылды, дагы бирине жеринде жардам көрсөтүлгөн.
Ростов облусунун Азов районунда төрт турак үй, Батайскиде бир там, Мясников районунда турак үйдүн чатыры жабыркаган. Чертков районунда учкучсуз учактын сыныгы локомотивге тийген. Буга байланыштуу жүргүнчү ташуучу жети поезд кармалып калган.
Орусиянын Коргоо министрлиги эртең мененки маалыматында украиналык 258 дрон атып түшүрүлүп, жок кылынганын кабарлады. Мекеме учкучсуз учактар түн ичинде Орусиянын 13 аймагынын, Краснодар крайынын, аннексияланган Крымдын, ошондой эле Кара жана Азов деңиздеринин үстүнөн жок кылынган.
Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнердин сүйлөшүүсү өттү. Жолугушууга ошондой эле Орусия президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев жана президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышты.
Бир күн мурда Трамп атайын өкүлдөрү согушту токтотуу боюнча сунушту жеткиришерин билдирген.
"Бизде тынчтыкка жетишүү демилгеси бар. Ал нерсеге жетишүүгө болобу же жокпу, ошону билүү үчүн аларды ошол жакка жөнөттүк, бизде бардыгы ишке ашышы толук мүмкүн", - деди Трамп башка деталдарды ачыктабастан.
Жолугушуунун башында чабармандар Путинге АКШ президентинин саламын жеткирип, Уиткофф америкалык учкуч Роберт Гилманды бошоткону үчүн орус лидерине ыраазычылык билдирди. Путин бул ишке Дональд Трамп көп күч-аракетин жумшаганын белгиледи.
Путин америкалык ортомчулардын коопсуздугун камсыздоого бардык аракеттер көрүлүп жатканын, буга байланыштуу 5-сентябрга караган түндөн баштап "орус армиясы Украинага сокку урбаганын" тактады. Бул боюнча "расмий каналдар аркылуу" өтүнүч түшкөнү кабарланып, Украина тарап да Орусиянын аймагындагы соккуларын азайткан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 2-сентябрда эле америкалык делегациянын сапары учурунда Украина Орусия аймагына соккуларды токтоторун убадалап, Кремлден да ушундай эле чечимди күтөрүн билдирген. Путин Киев үч күнгө созула турган кеңири ок атууну токтотууга чакырыгын жарыялаганын эскертип, "бирок биз алар менен бул тууралуу эч качан макулдашкан эмеспиз" деп кошумчалады.
Путин Трампка «оор кырдаалга аралашканы, ошого карабастан жаңжалды жөнгө салуу аракеттерин токтотпогону» үчүн ыраазычылык билдирип, Уиткофф жана Кушнер менен жаңжалдын бардык аспектилерин жана мүмкүн болгон жөнгө салуу жолдорун талкуулоону убада кылды.
"Биз дагы өз тарабыбыздан кырдаалды кандай көрүп жатканыбыз тууралуу маалымат берүүгө даярбыз", - деди ал.
Америкалык ортомчулардын эртеңки Киевге боло турган сапары тууралуу Путин: "Кандай болгон күндө да, андан ары эмне болбосун, мындай байланыштар, албетте, ар дайым пайда алып келет", - деп билдирди.
Сүйлөшүүнүн андан аркы бөлүгү жабык уланып, үч сааттан ашык убакытка созулган. Жолугушуудан соң Уиткофф менен Кушнер Кремлден чыгып, Внуково аэропортуна жөнөп кетишкен. Тараптар басма сөз үчүн эч кандай билдирүү жасашкан эмес.
Америкалык ортомчулар 6-сентябрда Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.
Өткөн жылдын аягында жана ушул жылдын башында Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Анкориждеги жолугушуусунан кийин, АКШнын ортомчулугу астында Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасы өткөн. Мындай жолугушуу соңку ирет быйыл февраль айында болгон. АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик операциясын баштагандан кийин жолугушуулар болгон эмес.
Орусия президенти Владимир Путин 5-сентябрга караган түн ортосунан тартып үч сутка бою Киевге сокку урбоо тууралуу көрсөтмө бергенин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
"Бул америкалык өкүлдөрдүн Киевдеги контакттарын даярдоо жана өткөрүүгө байланыштуу", - деген Песковдун сөзүн «Интерфакс» агенттиги келтирди.
Кремлдин өкүлү ошондой эле Украинанын Куралдуу күчтөрү 5-сентябрдын түн ортосунан 8-сентябрга чейин ок атышууну токтотуу режимин жарыялаганын ырастады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнө 5-сентябрь саат 00:00дөн 8-сентябрь саат 23:59га чейин майдан тилкесинде ок чыгарбоо режими сакталсын деген буйрук берилгени буга чейин маалымдалган. Бул тууралуу «Украинская правда» басылмасы фронттун ар кайсы багыттарындагы бригадалардагы булактарына таянып жазган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Уиткофф менен Кушнердин сапары учурунда Орусиянын аймагына аба соккуларын убактылуу токтотууга даяр экенин билдирген. Ошондой эле ал Москваны да ушундай кадамга чакырган.
АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Ак үйдүн Орусиянын Украинага каршы согушун токтотууга багытталган кезектеги аракетинин алкагында 5-сентябрда Москвага барышты. Андан кийин дипломаттар Киевге барууну пландаштырууда.
Reuters жана ТАСС агенттиктери кабарлагандай, чабармандардын сапары Киев менен Москванын ортосундагы сүйлөшүүлөр дээрлик туңгуюкка кептелип, ошол эле учурда Орусиянын аскерлери Украинанын аймактарына жаңы чабуулдарын күчөткөн учурга туш келди.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондун колунда «тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сунуш» бар экенин билдирип, анын өкүлдөрү Москва менен Киевге согушту токтотуу тууралуу сунуш алып барышарын айткан.
"Биз аларды кандайдыр бир жыйынтыкка жетише алабызбы же жокпу, ошону аныктоо үчүн жөнөттүк. Ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүбүз жогору", - деген Трамп 4-сентябрда Ак үйдө журналисттерге.
Бирок сунуштун мазмуну тууралуу ал кеңири маалымат берген эмес.