Орусиянын чабуулдарынан Украинада эки адам каза болду, ондогон киши жараат алды
11-сентябрга караган түнү Орусия Украинага жапырт дрон жана ракеталык чабуул жасады. Киевде күйүүчү май куюучу жайларга урулган соккулардан жараат алган эки адам каза болгонун шаардын мэри Виталий Кличко билдирди.
Украин бийлигинин маалыматына караганда, дрондор Киевдин Днепр жана Оболонь райондорундагы май куюучу жайларга тийген. Жалпысынан беш адам, анын ичинде бир куткаруучу жараат алган. Днепр районундагы тогуз кабаттуу турак үйгө да дрон тийип, сегиз киши жабыркады. Алардын биринин абалы оор деп бааланууда.
Запорожье шаарында да түнкү чабуулдардын кесепетинен 32 жаштагы аял менен анын 10 жаштагы уулу жараат алды. Соккудан тогуз кабаттуу үйдүн чатыры күйүп, соода борборлорунун бири жабыркады. Куткаруучулар кайра-кайра чабуул жасалышы мүмкүн деген коркунучтан улам ишин убактылуу токтотуп, баш калкалоочу жайларга кирүүгө аргасыз болгон.
Херсондо болсо дрон көп кабаттуу үйгө тийип, 75 жаштагы аял жараат алган. Андан тышкары шаардын дагы бир районунда үч киши дрон чабуулунан жабыркады.
Украинанын Аскер-аба күчтөрү билдиргендей, түн ичинде Орусия бир ракета жана 161 учкучсуз аппарат учурду. Алардын 138и атып түшүрүлдү же радиоэлектрондук каражаттар аркылуу зыянсыздандырылды. Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар Киевдеги жана башка облустардагы маалымат борборлоруна, порттук инфраструктурага жана аскердик объекттерге багытталганын айтууда. Москва дээрлик беш жылдан бери коңшусунун жарандык инфраструктурасын тынбай бутага алып келатканын моюнга албайт.
Орусия эки облуста адам өлүмү катталганын маалымдады
Ошол эле учурда украин дрондору Орусиянын бир катар аймактарына чабуул жасаганы кабарланды.
Тула облусунун губернатору Дмитрий Миляев билдиргендей, аймакка 26 дрон чабуул койгон. Натыйжада эки адам каза болуп, дагы үчөө жараат алган.
Волгоград облусунун бийлиги да Украина ракеталык чабуул жасаганын билдирди. Губернатор Андрей Бочаров Волгоград шаарындагы көп кабаттуу үй жабыркап, 55 жана 42 жаштагы эки адам жараат алып ооруканага жаткырылганын айтты. Ошондой эле өнөр жай ишканаларынын биринин аймагына сыныктар түшкөнү кабарланды.
Пермь крайынын бийлиги украин дрондору эки өнөр жай объектисине сокку урганын билдирди. Губернатор Дмитрий Махонин абадан коргонуу күчтөрү 36 дронду атып түшүргөнүн, жабыркагандар жок экенин айтты. Украин маалымат каражаттары чабуул Березники шаарындагы «Азот» химиялык комбинатына багытталган болушу мүмкүн экенин жазышты.
Саратов облусунун губернатору Роман Бусаргин дрондордун чабуулунан жарандык инфраструктура жабыркаганын билдирди. Ал эми Ozon компаниясы Саратовдогу логистикалык борборлорунун бири соккуга кабылганын маалымдады. Баштапкы маалымат боюнча, жараат алгандар жок.
Орусия менен Украинанын ортосунда дрон жана ракета соккулары акыркы апталарда күчөп, эки тарап тең өнөр жай объекттеринин, энергетикалык инфраструктуранын жана жарандык объекттердин жабыркаганы тууралуу билдирип келет.
Украинанын дрондору 7-сентябрда Орусиянын бир нече аймагына, анын ичинде Пермь крайы менен Ростов облусуна чабуул койду.
Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ Телеграм каналдарынын маалыматына караганда, Пермдеги көп кабаттуу үйгө дрон тийген. Жарыяланган сүрөттөр жана видеолордөн улам үйдүн үстүнкү кабаттарында өрт чыкканын көрүүгө болот.
Supernova+ каналы бутага Пермдеги "Лукойл-Пермнефтеоргсинтез" (ПНОС) мунайды кайра иштетүүчү заводу алынганын кабарлады. Бул ишкана буга чейин да украиналык дрондордун чабуулуна кабылган. Ал Орусиядагы эң ири мунай заводдордун бири. Завод жылына 13 миллион тоннадан ашык мунайды кайра иштетет жана өндүрүлгөн продукциянын жарымынан көбү экспортко жөнөтүлөт.
Жергиликтүү бийлик бир киши каза таап, төртөө жараат алганын маалымдады.
Exilenova+ каналы NASAнын FIRMS кызматынын сүрөтүн жарыялап, анда Таганрогдогу авиабазанын аймагында өрт катталганын жарыялады.
Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь 7-сентябрдын таңында абадан чабуулдун мизи кайтарылганын маалымдады. Анын айтымында, Новошахтинск шаарында жана Азов, Чертково, Шолохов, Миллерово, Верхнедонск, Кашары жана Усть-Донецк райондорунда ондогон дрон жок кылынган.
"Жабыркагандар жана жердеги кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек. Маалыматтар такталууда", - деди ал.
Ал эми Чувашиянын башчысы Олег Николаевдин билдирүүсүндө, аймактын үстүнөн алдын ала маалымат боюнча эки дрон атып түшүрүлгөн. Натыйжада уюлдук байланыш мунарасына зыян келтирилген.
Киевде Украина менен АКШнын сүйлөшүүлөрү аяктады
Киевде АКШ менен Украинанын тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрү соңуна чыкты. Америкалык дипломаттар жолугушууну "мазмундуу өттү" деп баалашса, Украинанын президенти Владимир Зеленский согуш кышында да уланышы ыктымал экенин билдирди.
РБК-Украина агенттиги жолугушуу төрт сааттан ашуун созулганын жазды. Киевдеги сүйлөшүүлөр үч этап менен өттү: алгач АКШ делегациясы менен Владимир Зеленский жолукту. Андан кийин аларга президенттик кеңсенин өкүлдөрү, Украинанын тышкы чалгын кызматынын жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери кошулду. Үчүнчү этапка Британиянын, Франциянын жана Германиянын өкмөт башчыларынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери да катышты.
"Биз абдан маанилүү, мазмундуу жана олуттуу сүйлөшүү өткөрдүк. Бизге чоң дем берди. Бул жерде канча керек болсо ошончо калууга даярбыз», – деди Стив Уиткофф РБК-Украинага берген маегинде.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында Зеленский согуш кышында да уланышы мүмкүн экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, тараптар кыш түшкөндө украиндер кандай кыйынчылыктарга кабыларын, андыктан мүмкүн болгон сырттан колдоону талкуулашкан.
АКШнын атайын өкүлү Жаред Кушнер Украинда согуш кышка чейин аяктарына кепилдик жок экенин, бирок америкалык тарап ал максатка жетүү үчүн шарт түзүүнүн үстүндө иштеп жатканын белгиледи.
"Бул өтө татаал маселе. Бирок аракет кылабыз. Эгер ага жетише алсак, анда укмуш натыйжа болмок. Бул сөзсүз ага чейин жетишебиз дегенди билдирбейт, бирок аракет абдан маанилүү", – деди Кушнер согушту кышка чейин токтотуу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып.
Кушнер АКШ президенти Дональд Трамп Стив Уиткофф экөөнө туруктуу тынчтык келишимине жетишүү боюнча план даярдоону тапшырганын айтты.
Ошондой эле Трамптын чабарманы алты ай мурда өткөрүлгөн үч тараптуу сүйлөшүүлөр форматына кайра кайтуу иштиктүү кадам болорун белгиледи.
Зеленский согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө Донбасстын макамы негизги маселелердин бири бойдон калып жатканын айтты.
"Донбасс маселеси бир гана Донбасска тиешелүү эмес. Бул бүтүндөй согуштун маселеси деп ойлойм. Чыгыштагы фронтто биз позициябызды бекемдедик. Душман активдүү болгон жана күчтөрүн көбөйткөн аймактарда бир катар геосаясий маселелер чечилип жатат", – деди ал.
Украин президенти америкалык дипломаттардын сапары байсалдуу болгонун айтып, сүйлөшүүлөрдө бир нече жаңы сунуштар талкууланганын белгиледи.
"Чынында эле жаңы идеялар бар, биз аларды талкууладык", – деди Зеленский.
Ал ошондой эле АКШ делегациясынын келгени Киев үчүн «Patriot» абадан коргонуу системасындай эле маанилүү колдоо болгонун айтып, Украинага андай системалар абадай зарыл экенин дагы белгиледи.
Мындан тышкары, Зеленский Украина, Европа жана АКШ катышкан жаңы жолугушуу жакын арада өтөрүн жарыялады.
"Биз жакынкы убакта Украина, Европа жана Америка кайрадан жолугушмай болдук. Жолугушуу кайсы жерде өтөрү азырынча белгисиз. Балким, Украинада дагы болушу мүмкүн", – деди ал.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Зеленский Кушнер менен Уиткоффко «Київський режим» деген жазуусу бар футболкаларды белекке берди.
6-сентябрга караган түнү Орусиянын аймактары жапырт дрон чабуулуна кабылды. Рязань облусунун губернатору Павел Малков "ишканалардын биринде" өрт чыкканын билдирди. Күбөлөр жарыялаган сүрөттөр менен видеолорду изилдеген ASTRA мониторинг долбоору «Роснефтке» таандык Рязань мунай кайра иштетүүчү заводу чабуулга кабылганын ырастоодо.
Рязань мунайды кайра иштетүүчү заводу – Орусиядагы эң ири заводдордун бири, анын кубаттуулугу жылына болжол менен 17 миллион тонна мунайды түзөт. Орусия Украинага басып киргенден бери ишкана украин дрондорунун чабуулуна бир нече ирет, анын ичинде 2026-жылдын май жана июль айларында да кабылган.
Облустук бийликтин маалыматы караганда, Рязанда жана Сапожков районунда учкучсуз учактардын сыныктарынан турак үйлөр жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.
Ростов облусунда 30га чукул дрон асманда жок кылынганын губернатор Юрий Слюсарь билдирди. Ростов-на-Дону шаарында бир нече көп кабаттуу үй жабыркаган. Совет районунда эки үйдүн жогорку кабаттары жана чатырлары, ал эми Ленин районунда көп кабаттуу үйдөгү батир жана имараттын айнектерине зыян тийген. Ошондой эле Киров районунда да айрым үйлөргө тийген.
Чабуулдун кесепетинен Ростов-на-Донуда үч киши жараат алган. Экөө, анын ичинде бир бала ооруканага жаткырылды, дагы бирине жеринде жардам көрсөтүлгөн.
Ростов облусунун Азов районунда төрт турак үй, Батайскиде бир там, Мясников районунда турак үйдүн чатыры жабыркаган. Чертков районунда учкучсуз учактын сыныгы локомотивге тийген. Буга байланыштуу жүргүнчү ташуучу жети поезд кармалып калган.
Орусиянын Коргоо министрлиги эртең мененки маалыматында украиналык 258 дрон атып түшүрүлүп, жок кылынганын кабарлады. Мекеме учкучсуз учактар түн ичинде Орусиянын 13 аймагынын, Краснодар крайынын, аннексияланган Крымдын, ошондой эле Кара жана Азов деңиздеринин үстүнөн жок кылынган.