Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13
Patriot системалары. Архив сүрөт.
Patriot системалары. Архив сүрөт.

Patriot боюнча акыркы чечим. Зеленский Трамптан ракета жасоо лицензиясына макулдук алганын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:25 15.9.2026

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ сунуштаган энергетикалык инфраструктура объекттерине өз ара сокку урууну токтотуу демилгесин колдоого даяр экенин билдирди. Бирок, анын айтымында, бул үчүн Вашингтон Орусиянын согушту токтотууга чындап даяр экенине кепилдик бериши керек.

14-сентябрдагы видео кайрылуусунда Зеленский Украина чыңалууну азайтууга багытталган кадамдарды колдоого даяр экенин айтты. Ал эки тарап тең энергетикалык объекттерге сокку уруусун токтотсо деэскалациянын алгачкы кадамы болуп каларын белгиледи.

Ошол эле учурда украин лидери азырынча Москва согушту аяктоого чындап эле кызыкдар экенин көрсөткөн жок деген пикирин билдирди. Зеленский туруктуу жана адилеттүү чечим керек экенин белгилеп, өнөктөштөрдөн конкреттүү сунуштарды күтүп жатканын айтты.

Мындай билдирүү АКШ президенти Дональд Трамп Украина менен Орусия бири-биринин энергетикалык инфраструктурасына сокку урууну токтотууга макул болгонун жарыялагандан кийин жасалды.

Орусия бийлиги азырынча бул маалымат боюнча расмий комментарий бере элек.

Financial Times басылмасы Кремлге жакын булактарга таянып жазгандай, Орусиянын президенти Владимир Путин кыш келгенге чейин Украинанын энергетикалык объекттерине чабуулдарды токтотууну көздөбөй жатат. Басылманын маалыматына караганда, Кремль мындай жол менен Киевге басымды күчөтүүгө аракеттенүүдө. Августтун соңунда Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы энергетикалык объекттерге жаңы жапырт соккулар даярдалып жатканын билдирген.

АКШ президенти Дональд Трамп Украина менен Орусия бири-биринин энергетикалык объектилерине сокку урбоону макулдашканын 14-сентябрда Truth соцтармагындагы баракчасына жазды.

“Дүйнөдөгү кара майдын баасынын өсүшү Орусия менен Украинадагы согуштан улам болуп жатат, Иран менен согушка байланыштуу эмес”, - деди Трамп.

Бирок Украина менен Орусиянын бийликтери мындай келишимге жетишкенин буга чейин расмий кабарлаган эмес.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.

19:11 14.9.2026
Орусия Батыш лидерлери каттаган темир жолго сокку урду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00
14:43 14.9.2026

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Орусиянын дизел чыгарган мунайды кайра иштетүүчү заводдорун аткылоону токтотууга чакырды.

Анын пикиринде, бул дүйнө жүзүндө дизел таңсыктыгын жаратып, баанын өсүшүн шарттап жатат.

"Зеленский мырза бир нерсеге барышы керек: Орусиядагы дизел өндүрүүгө байланыштуу объектилерге сокку урууну токтотушу зарыл. Башка бутага сокку урса болот, бирок дизел өндүрүшүнө байланышкан объектилерге тийбеши керек. Анткени ушундан улам тартыштык жаралууда. Бул Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан эмес, Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан улам болуп жатат", - деди Трамп Irish Open гольф турниринин алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Турнир Ирландиянын Дунбег шаарчасындагы Трамптын үй-бүлөсүнө таандык Trump International Golf Links & Hotel гольф клубунда уюштурулган.

Акыркы убакта бензин менен дизелдин баасы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө кымбаттап турат. GasBuddy кызматынын 10-сентябрдагы маалыматына ылайык, АКШда бир галлон дизелдин орточо чекене баасы биринчи жолу алты доллардан ашты. Бул жыл башындагы көрсөткүчтөн 68 пайызга жогору.

Баанын кескин көтөрүлүшү быйыл февралда, АКШ менен Израилдин Ирандагы аскердик операциясы башталгандан кийин күчөгөн. Талдоочулар жана көптөгөн керектөөчүлөр муну АКШнын соккуларына жооп катары Иран Ормуз кысыгын жапканы, анын натыйжасында Перс булуңундагы өлкөлөрдөн мунай ташыган танкерлердин кыймылы кыйындаганы менен байланыштырышат. Мындан тышкары, Иран менен Орусиянын мунайына каршы санкциялар да таасир эткен.

Күйүүчү майдын кымбатташына байланыштуу америкалыктардын нааразылыгы, алар түздөн-түз Трамптын Иранга карата саясаты менен байланыштырган бул жагдай, ноябрда өтө турган Конгресске аралык шайлоодо Республикалык партиянын мүмкүнчүлүктөрүнө таасир этиши мүмкүн.

Дональд Трамп дизел өндүрүүчү орусиялык ишканаларга соккулар тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский менен да сүйлөшкөнүн айтты. Бирок Зеленский кандай жооп бергенин тактаган жок.

Украина 2022-жылы 22-февралда Орусия негизсиз бастырып киргенден бери күн сайын чабуулга кабылып келатат. Орусиянын агрессиясына жооп иретинде Киев орусиялык мунайды кайра иштетүүчү ишкана-заводдоруна, армиянын каржы булагы деп эсептелген логистикалык борборлорго дрондор менен сокку уруп жатат.

14:06 14.9.2026

Украинанын дрондору 14-сентябрга караган түнү Орусиянын Краснодар крайы менен Ростов облусуна сокку урду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Telegram каналдар кабарлашты.

Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдары Сочи менен Дагомыста жарылуулар болгонун жазышты. Сочинин мэри Андрей Прошунин түн ичинде дрон коркунучу тууралуу билдирген. Supernova+ жана "Крымский ветер" каналдарынын маалыматына караганда, Дагомыста С-400 зениттик-ракеталык комплекси бутага алынган.

Краснодар крайынын ыкчам штабы билдиргендей, Сочиде дрондун сыныктары кулап, беш адам жабыркаган. Алардын бири бала. Бир киши ооруканага жеткирилсе, калгандарына жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле үч жер там жабыркап, дрондордун сыныктары дагы бир нече жерге, анын ичинде ээн имараттын, тоннелдин жана жеке үйдүн короосуна түшкөн.

Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь аймактын үстүндө болжол менен 50 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, Аксай районунда дрон курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 18-кабатына кулаган. Ростов шаарындагы Киров районунда бир автоунаага зыян келтирилген. Каменск районунда эки батирдин терезелери сынган. Неклинов районунда автоунааларга, жер үйлөрдүн терезелерине жана чатырларына зыян келген. Мясников районунда электр линиясы үзүлүп, 30 үй электр жарыгысыз калган. Жабыркагандар болгон эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги Астрахань, Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Калуга, Курск, Ростов жана Смоленск облустарынын, аннексияланган Крымдын, Краснодар крайынын аймагында жана Кара деңиздин үстүндө жалпысынан 399 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG