Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56
Киев. 2026-жылдын 30-сентябры.
Киев. 2026-жылдын 30-сентябры.

Киев кайрадан чабуулга кабылды, жараат алгандар бар

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:50 22.9.2026

22-сентябрга караган түнү Орусия Украинага ракета жана учкучсуз учактар менен жапырт чабуул койду. Днепр шаарындагы соккудан төрт адам каза таап, бир нече киши жаракат алды.

Днепропетровск облустук аскер администрациясынын башчысы Александр Ганжанын маалыматына караганда, куткаруучулар урандылардын астынан дагы бир адамдын сөөгүн алып чыгышкан.

Чабуулга кабылган объектилердин бири украиналык Interpipe компаниясына таандык өнөр жай ишканасы. Компаниянын билдиришинче, каза болгондордун төртөө тең ишкананын кызматкерлери. Дагы жети кызматкер жараат алды.

Ишкананын маалыматына караганда, ракеталык соккудан негизги өндүрүш жабдуулары жана инфраструктура олуттуу зыян тартып, иш убактылуу токтотулду.

Орусиянын Коргоо министрлиги 22-сентябрдагы билдирүүсүндө Украинадагы күйүүчү-энергетикалык комплекс, аскердик-өнөр жай, металлургия жана химия тармагындагы ишканаларга масштабдуу сокку урулганын маалымдады. Орус аскерлери Днепр шаарындагы «Интерпайп Сталь» түтүк чыгаруучу заводу да буталардын бири болгонун билдиришти.

Украин бийлигинин маалыматына караганда, соккулар Днепр шаарынан тышкары Днепропетровск облусундагы Кривой Рог жана Павлоград шаарларындагы өнөр жай ишканаларына да тийген. Днепрде кампаларда өрт чыгып, бир катар өндүрүш объектилери жабыркаган.

Ошол эле түнү Полтава облусундагы мунай-газ комплексинин объектилеринин бири да ракеталык соккуга кабылды. «Нафтогаз Украины» компаниясы билдиргендей, бутага алынган объект 2022-жылдан бери көп жолу чабуулга кабылып келди жана акыркы сокку аны калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн дээрлик жокко чыгарды.

Украинанын Аба күчтөрү Орусия чабуул маалында ондогон ракеталарды жана 212 учкучсуз аппаратты колдонгонун маалымдады. Алардын 177си жана бир катар ракеталар атып түшүрүлгөнү же багытынан чыгарылганы менен баллистикалык ракеталардын бир бөлүгүн тосуп калуу мүмкүн болгон жок.

Киевде да чабуулдун кесепетинен көп кабаттуу турак жай, кампалар жана башка имараттар жабыркап, беш киши жараат алды. Украин бийлиги өлкөнүн бир нече аймагындагы энергетикалык жана өнөр жай объектилерине сокку урулганын билдирди.

12:54 20.9.2026

20-сентябрга караган түнү Москвага массалык дрон чабуулу болгону кабарланды. Орусиялык ASTRA басылмасынын OSINT-талдоосуна ылайык, чабуулдун буталарынын арасында Капотня районундагы "Газпромнефть-Москва" мунай иштетүүчү заводу да болгон.

Окуянын күбөлөрү тарткан видеолордо заводдун аймагынан өрт чыкканын көрүүгө болот. Москванын мэри Сергей Собянин заводдун аймагындагы бир объект жабыркаганын ырастады. Ал кызматкерлердин арасында жаракат алгандар жок экенин, чабуулдун кесепетин жоюу үчүн мунай иштетүүчү заводдо ыкчам кызматтар иштеп жатканын кошумчалады.

Сергей Собянин “Москвага жасалган ондогон дрон абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынганын” айтты.

Москва облусунун губернатору Андрей Воробьёв ал башкарган облуска жасалган аба чабуулунан кеминде эки адам каза болуп, алты киши жараат алганын билдирди.

Капотнядагы “Москва мунайды кайра иштетүүчү” заводу Орусиядагы эң ири мунайды кайра иштетүүчү заводдордун бири. Ал Москвадагы күйүүчү майдын болжол менен 40% камсыздайт. Завод буга чейин да дрон чабуулуна кабылган. 2026-жылдын июнь айында болгон соккудан кийин ишканада өрт чыгып, айрым өндүрүштүк жабдуулар иштен чыккан.

Украина акыркы соккулар тууралуу комментарий бере элек.

Украина 2022-жылы 22-февралда Орусия негизсиз согуш ачып, басып киргенден бери күн сайын чабуулга кабылып келатат. Орусиянын агрессиясына жооп иретинде Киев орусиялык мунайды кайра иштетүүчү ишкана-заводдоруна, армиянын каржы булагы деп эсептелген логистикалык борборлорго дрондор менен сокку уруп жатат.

10:43 19.9.2026

АКШнын президенти Дональд Трамп 18-сентябрдын кечинде Конгресс буга чейин кабыл алган Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койду. Документ анын авторлорунун бири болгон, жакында каза тапкан сенатор Линдси Грэмдин ысымы менен аталып жүрөт.

Ак үйдүн маалыматына караганда, мыйзам Орусияга карата буга чейин киргизилген санкцияларды, тарифтерди жана чектөөлөрдү кеңейтет.

Ошондой эле Иранга каршы колдонулуп жаткан америкалык санкциялардын мөөнөтүн узартат.

Президенттин кол коюшу менен документ расмий күчүнө кирди.

Мыйзам АКШ президентине Орусиянын жетекчилигине, ири ишкерлерине, отун-энергетика тармагындагы компанияларына, банктарына жана санкцияларды айланып өтүүгө пайдаланылат деп эсептелген «көмүскө флотко» каршы чараларды киргизүү жана күчөтүү боюнча кеңири ыйгарым укуктарды берет.

Мындан тышкары, президент Орусиянын мунайын эң көп импорттогон өлкөлөрдөн ташылып келген товарларга 100 пайызга чейин бажы төлөмүн киргизе алат. Мындай өлкөлөрдүн катарына Индия менен Кытай да кирет. Ошол эле учурда мыйзам президентке айрым учурларда өзгөчөлүктөрдү киргизүүгө же чектөөлөрдү колдонбоого мүмкүнчүлүк берет.

Документке Трамптын өтүнүчү менен Иранга байланыштуу жоболор дагы кошулган. Алардын арасында буга чейин колдонулуп келген америкалык санкциялардын мөөнөтүн узартуу каралган.

Мыйзам долбоору Конгрессте узак убакыт талкууланды. Сенат аны Линдси Грэм каза болгондон кийин, август айында жактырган. Акыркы редакциясын даярдоого Трамптын администрациясы да катышкан. Өкүлдөр палатасы документти ушул жумада кабыл алып, аны 262 конгрессмен колдогон, 159 депутат каршы добуш берген.

Демократтардын көбү Орусияга басымды күчөтүүнү колдой турганын билдиришкени менен президентке бажы тарифтерин киргизүү боюнча өтө кеңири ыйгарым укук берилишине каршы чыгышкан.

Ал арада Индиянын Тышкы иштер министрлиги өлкө өзүнүн соода жана экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө даяр экенин билдирип, энергетикалык коопсуздугун камсыздоону улантарын белгиледи.

Ал эми Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков жаңы санкциялар Украинадагы согушту жөнгө салуу аракеттерин татаалдаштырышы мүмкүн экенин айткан.

19:44 18.9.2026

Евробиримдик Украинага дагы 3,3 млрд евро бөлдү

Евробиримдик Украинага Ukraine Support Loan программасынын алкагында кезектеги 3,3 миллиард евро өлчөмүндөгү траншты которду. Бул тууралуу 18-сентябрда Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий билдирди.

Анын айтымында, каражат биринчи кезекте өлкөнүн коргонуу муктаждыктарына, анын ичинде ракеталарды жана дрондорду сатып алууга жумшалат.

Буга чейин, 11-сентябрда, Еврокомиссия Украина үчүн дагы 6,1 миллиард евро бөлүүнү жактырган. Бул каражат абадан жана ракетадан коргонуу системаларын, айрыкча Patriot комплекстери үчүн PAC-3 тосуп алуучу ракеталарын, ошондой эле ок-дарыларды, дрондорду жана радиоэлектрондук күрөш каражаттарын сатып алууга багытталат.

Коргоо маселелери боюнча еврокомиссар Андрюс Кубилюстун айтымында, Киев кыш келгенге чейин Patriot комплекстери үчүн мүмкүн болушунча көп ракета алууга үмүттөнүүдө. Талкууланып жаткан варианттардын бири боюнча өнөктөш өлкөлөр Украинага өз кампаларындагы ракеталарды өткөрүп берип, кийин алардын орду жаңылары менен толукталат.

Евробиримдиктин 2026-жылга карата Ukraine Support Loan программасы аркылуу бекиткен коргонуу жардамынын жалпы көлөмү 28,3 миллиард еврого жетти. Бул каражатка кайсы жабдуулар сатылып алынары, жеткирүүчүлөрү жана мөөнөттөрү алдын ала аныкталганы айтылды.

Украина акыркы айларда Patriot системалары үчүн ракеталардын тартыштыгын баштан кечирип жатканын билдирүүдө. Украин президенти Владимир Зеленский август айында өлкөнүн карамагындагы тосуп алуучу ракеталардын саны 2025-жылдагы деңгээлге салыштырмалуу 2,5 эсе азайганын айткан. Ошол эле учурда, анын сөзүнө караганда, Орусия баллистикалык ракеталарды мурдагыдан кыйла көп өндүрүп, чабуулдарды күчөтүп жатат.

Европалык маалымат булактары Орусиянын президенти Владимир Путин кыш мезгилинде Украинага соккуларды күчөтүшү мүмкүн экенин жазышкан. Ушундан улам Киев менен анын өнөктөштөрү өлкөнүн абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатышат.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG