4-октябрдын таңында Германиянын канцлери Фридрих Мерц Украинага келди. Акыркы күндөрү Орусиянын дрон чабуулдары күчөгөн Киевге Мерц 2025-жылдан бери биринчи жолу барды.
"Бүгүн Киевге келдим, анткени жакынкы апталарда Украина биздин колдоого муктаж болот. Эгер Орусияны токтотпосок, анын согуш машинасы эртеби-кечпи бизге каршы бурулат", — деди Мерц Киевдеги темир жол бекетине келгенден кийин. Мерц "украиналыктарды террор менен сындырууга болбостугун" кошумчалады.
Немис канцлери Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугат. Канцлер Киевде Украинага жаңы жардам пакетин жарыялайт. Анын ичинде 1 миллиард еврого аскердик жардам жана энергетика тармагын калыбына келтирүүгө 350 миллион евро каралган.
Мындан тышкары, дрондордун, дрондорду кармоочу аппараттардын, ошондой эле алыска учуучу куралдардын түрлөрүн биргелешип өндүрүү маселеси талкууланат.
Бул аралыкта Орусия Киевди кайрадан дрондор менен аткылады. 4-октябрга караган түнү шаарда аба чабуулу тууралуу эскертүү алты жолу берилди. Киевдин мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, Днепр районунда дрон сыныктары үйдүн чатырына түшкөн. Жабыркагандар жок.
Жекшембинин таңында Киевдеги Түндүк көпүрөгө дагы дрон менен сокку урулду. Кличко көпүрөдөгү жол кыртышы жабыркаганын билдирди. Кийин интернетте дрон тийген жерде пайда болгон чуңкурдун сүрөттөрү тарады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский көпүрөгө реактивдүү дрон тийген учур тартылган видеону жарыялады. Видеодон ошол учурда көпүрөдө унаалар жүрүп баратканы көрүнөт.
Акыркы күндөрү Орусиянын аскерлери Киевдеги маанилүү эки автотранспорттук көпүрөнү - Түндүк жана Түштүк көпүрөлөрдү бутага алды. Жол кыймылынын өзгөрүүсүнөн улам, шаарда ири тыгындар жаралды.
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, 4-октябрга караган түнү Орусия Украинага кеминде 135 дрон учурган. Маалыматка ылайык, алардын көбү атып түшүрүлгөн.
Сумы облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоровдун айтымында, Орусия Сумы шаарына башкарылуучу авиабомбаларды таштаган. Алар турак үйлөрдүн жанына түшүп, жети адам жабыркаган. Экөө оор жаракат алган.
Кийинчерээк Украинанын президенти Сумыдагы медициналык дары-дармектер сакталган кампага жасалган орусиялык чабуулдан бир адам каза болгонун билдирди.
Буга чейин жергиликтүү бийлик Ковпаков районундагы ишканалардын бирине орусиялык дрон тийгенден кийин түтүн чыкканын маалымдаган.
Днепр шаарынын борборунда да орусиялык аскерлер телекоммуникациялык компаниянын имаратына сокку урганы, андан өрт чыкканы кабарланды. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.
2-октябрга караган түнү Орусия Украинага 108 дрон менен чабуул жасады. Анын ичинде реактивдүү кыймылдаткыч менен жабдылган 47 Shahed дрону болгон. Украинанын Аскер-аба күчтөрү абадан коргонуу системалары 88 дронду атып түшүргөнүн же бутага жеткирбей койгонун билдирди.
Чабуулдун кесепетинен Киев шаарында бир адам каза болуп, дагы эки киши жараат алды. Киев шаардык аскердик администрациясынын маалыматына караганда, Дарницкий районундагы 25 кабаттуу турак жайдын жогорку кабаттарына сокку тийген. Өрт 24 жана 25-кабаттарда чыгып, кийин толугу менен өчүрүлгөн. Куткаруучулар урандыларды тазалоо иштерин улантууда.
Түнкү чабуулдан кийин Киевдеги Днепр дарыясынын эки жээгин байланыштырган Түштүк көпүрө менен Патон көпүрөсүндө кыймыл эки багытта тең жабылды. Метро көпүрөсүнүн оң жээкти көздөй багыты да убактылуу тосулду. Коомдук транспорттун бир каттамдары Дарницкий көпүрөсү аркылуу өткөрүлө баштады.
Киевдин мэри Виталий Кличко шаарга чабуул уланып жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, 1-октябрда Түштүк көпүрө бир күндө үч жолу дрон чабуулуна кабылган.
Акыркы айларда Орусия Украинага каршы реактивдүү дрондорду активдүү колдоно баштады. Мунун натыйжасында Киев жана башка украин шаарлары дээрлик сутка бою созулган аба чабуулдарына туш болуп жатат.
Орусиянын жапырт чабуулдарынан кийин Украинанын Энергетика министрлиги Киевде, Чернигов жана Житомир облустарында электр энергиясына авариялык өчүрүүлөр киргизилгенин билдирди. Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий Орусия өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасына системалуу жана масштабдуу соккуларды кайрадан баштаганын жарыялады.
"Жайдан баштап энергетикалык инфратүзумдөргө сокку урулбаган бир дагы күн болгон жок. Бирок ушундай масштабдуу жана комбинацияланган чабуул өткөн жылуулук сезонунан бери боло элек болчу", - деди ал.
Киевден 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Триполье жылуулук электр станциясынын жабдуулары да зыян тартты. Ошондой эле электр берүү линияларына дрон чабуулу тууралуу тартылган видеотасмалар интернетте пайда болду. Украинанын президентинин тышкы кеңешчиси Сергей Бескрестновдун айтымында, Орусия жаңы түрдөгү ок-дарыны биринчи жолу колдонду.
"Бүгүн каршылаш тарап реактивдүү учкучсуз учуучу аппаратта биринчи жолу атайын ок-дарыны - кумулятивдик кесүүчү дүрмөттү (КРСН) колдонду. Ок-дарынын бул түрү жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү мунараларды жана көпүрөлөрдүн металл конструкцияларын талкалоо үчүн атайын иштелип чыккан", - деп жазды ал.
Бескрестновдун божомолунда, Москва жаңы ок-дары менен электр берүү линияларына сокку урууну пландап жатат.
Украинанын энергетикалык объектилерине сокку күздүн алгачкы суук күндөрүнө бир күн калганда жасалды. 1-октябрдын түнү айрым райондордо абанын температурасы 0дөн төмөн болору айтылган.
30-сентябрда эртең менен Молдованын полициясы өлкөнүн аба мейкиндигин учкучсуз учак бузуп киргени тууралуу маалымат таратты. Мекеменин маалыматына караганда, дрон саат 05:40тар чамасында байкалып, кийинчерээк Анений-Ной аймагына кулап түшкөн.
Күндүз Молдованын Коргоо министрлиги дагы бир реактивдүү дрон тууралуу билдирди. Маалыматка ылайык, ал өлкөнүн аба мейкиндигине чыгыш тараптан, жикчил Приднестровье аймагы аркылуу кирген.
Коргоо министри Анатолий Носатый бул аба мейкиндиги бузулган 84-учур экенин жарыялады.
"Орусия биздин жарандарыбыздын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Алар Днестрдин кайсы тарабында жашабасын жана кайсы тилде сүйлөбөсүн, айырмасы жок", — деди Носатый.
Кечинде бийлик ушул эле күнү өлкөнүн аба мейкиндиги үчүнчү жолу бузулганын кабарлады. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, дрон Орусиянын Украинага жапырт чабуулдары жүрүп жаткан учурда, саат 20:45 чамасында Молдованын чек арасынан өткөн.
Дрондорго байланыштуу молдован бийлиги өлкөнүн аба мейкиндигинин борбордук бөлүгүн убактылуу жапты.