Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:11
Харьков. 2026-жылдын 13-октябры.
Харьков. 2026-жылдын 13-октябры.

Харьков жапырт бутага алынды, набыт болгондор бар

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




09:53 12.10.2026

Орусиянын аскерлери Харьковдун Немышлянск районундагы жеке турак жайлар жайгашкан аймакка авиабомбалар менен сокку урду. Шаар башчысы Игорь Тереховдун маалыматына караганда, 35 жаштагы аял урандылардын алдынан чыгарылган, бирок алган жаракаттарынан улам каза болду.

Дагы 10 адам жаракат алды. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, жабыркагандардын арасында жети жаштагы бала да бар.

Соккудан 30дан ашуун имарат жана 11 автоунаага зыян келтирилди.

Кечкисин Орусия Харьковго кайрадан сокку урду. Бул жолу шаар четиндеги азык-түлүк дүкөнү бутага алынган. Натыйжада 16 жаштагы өспүрүм, 19 жаштагы кыз жана 51 жаштагы аял каза болду. Дагы 22 адам жаракат алды, алардын арасында эки бала бар. Сокку болгон жерде өрт чыгып, беш автоунаа күйүп кеткенин Синегубов билдирди.

Ошондой эле Орусия Харьковдогу ЖЭБ-5ке сокку урду. Бул АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украина "энергетикалык элдешүүгө" жетишкенин жарыялагандан бир нече саат өткөндөн кийин болду.

Ивано-Франковск шаарында Орусиянын дрондорунун соккусунан үч аскер каза болуп, дагы үч адам жаракат алды. Бул тууралуу шаардын мэри Руслан Марцинков билдирди. Мындан тышкары көп кабаттуу турак үйлөр жана коммерциялык жайлар зыян тартты.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, акыркы бир жуманын ичинде Орусиянын аскерлери электр энергиясын өндүрүү жана берүү объектилерине 200дөн ашуун сокку урган. Мындан тышкары газ жана мунай объектилерине дагы 17 жолу чабуул болгон.

17:55 11.10.2026

Украиналык учкучсуз учактар 11-октябрга караган түнү Орусиядагы "Яндекстин" катары менен үчүнчү дата-борборуна — бул ирет Владимир облусундагы объектисине чабуул коюшту. Бул тууралуу компания өзү билдирди.

Дата-борбордун инфраструктурасы зыян тартып, иши толугу менен токтотулду. Ал эми Yandex Cloud булуттук платформасы авариялык режимде иштеп жатат. Бирок компания анын эки зонасы иштебей турганын тактады.

Калган платформалардын иши "туруксуз" экенин белгиледи.

Дата-борбордун ишиндеги үзгүлтүк Орусиянын ар кайсы аймактарында, анын ичинде Сибирде "Яндекстин" такси, төлөмдөр, тамак-ашка буйрутма берүү кызматтары иштебей калышына алып келгенин "Осторожно, новости" басылмасы жазды.

Анын маалыматына караганда, курьерлер, айдоочулар жана колдоо кызматы үчүн "Яндекстин" ички тиркемелери да иштебей калган.

Колдонуучулар белгилегендей, Москва, Петербург, Ростов-на-Дону, Орусиянын Азия бөлүгүндөгү шаарларда такси чакырууга мүмкүн болбой жатат. "Яндекс Go" иштеген чет өлкөлөрдө, анын ичинде Сербияда, Арменияда жана Казакстанда да тиркеме туура иштебей жатканы байкалган.

Ошондой эле Орусиянын "ВетИС" мамлекеттик ветеринардык системасы да иштебей калды.

Владимир облусунун губернатору Александр Авдеевдин билдирүүсү боюнча чабуулдун кесепетинен 5 миң жашоочуну электр энергиясы менен камсыз кылган эки көмөк чордон да өчүп калган. Чабуул болгон жерге жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундары эвакуацияланган. Авдеев кийинчерээк 80% абоненттерге жарык кайра берилгенин тактаган.

8-октябрга караган түнү Украина Куралдуу күчтөрү адегенде Рязань облусунун Сасово шаарындагы "Яндекс" компаниясынын дата-борборуна чабуул койгон. Ал жайдан өрт чыгып, борбор ишин толугу менен токтоткон.

9-октябрга караган түнү дрондор Калугадагы дагы бир дата-борборго сокку уруп, инфраструктуранын бир бөлүгү жабыркаган. Бул окуялардан кийин миңдеген колдонуучулар "РЖД", "ЦИАН" кыймылсыз мүлк порталынын, "Пятерочка", "Лента" жана "Магнит" супермаркеттеринин сайттарына кире албай жатканына даттанышкан. Ошондой эле Т-Банк, Альфа-банк, Совкомбанк сервистери, "Авито" кулактандыруулар порталы, Google, YouTube, Рутуб жана бир катар башка сервистер да иштебей калган.

12:02 11.10.2026

Днепрде жабыркагандардын саны төрткө жетти.

Бул тууралуу Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдирди.

Жабыркагандардын арасында 8 жаштагы эки бала бар. Алардын бири ооруканага жаткырылды.

Калган үч жабырлануучу, дагы бир 8 жаштагы кыз, 29 жаштагы аял жана 61 жаштагы эркек амбулатордук түрдө медициналык жардам алышты.

11:31 11.10.2026

АКШнын президенти Дональд Трамп ишембиде Украинанын президенттик кызматында жаңы адамды көргүсү келерин билдирди. Анын пикиринде, Владимир Зеленский Орусия менен согушту токтотуу үчүн жетиштүү аракет кылбай жатат.

“Аларга келишим түзө ала турган жаңы лидер керек", – деп Associated Press агенттиги Трамптын Ак үйдө журналисттер менен жолугушуудагы сөзүн келтирди.

"Зеленский өлкөнүн 20% жоготту, ал эми эки тараптан тең эки миллиондон ашык адам каза болду. Бул согуш башталбашы керек эле. Украинага жаңы президент шайлай турган убакыт келди деп ойлойм", - деди Трамп. Ал эгер 2022-жылы АКШ президенти өзү болгондо Орусиянын Украинадагы согушу "эч качан башталмак эместигин" кошумчалады.

Трамптын Зеленскийге койгон дооматы Украина Куралдуу күчтөрүнүн Орусиянын мунай кайра иштетүүчү заводдорго чабуулдарына тиешелүү. АКШ президенти алардан баш тартууну талап кылганын, анткени алар "глобалдык маселени жаратарын" белгилеген. Бирок украин куралдуу күчтөрүнүн орусиялык мунай объектилерине соккулары токтогон эмес.

"Биз ага: Эмне кылсаң ошо кыл, бирок дизелге сокку урба, анткени бул чоң көйгөй, олуттуу тартыштык", – дедик. Анан ал эмне кылат? Барып дизелге сокку урат", – деди Трамп.

Бул сөздөр Трамп орусиялык дизелдин америкалык жана дүйнөлүк базарларга жеткирүү тууралуу жарыялагандан кийин айтылды.

Трамптын мындай чечими Батышта талкууну жаратса, Зеленский аны сындап, Орусия "дизел үчүн мындан аркы террор жана кыянатчылык менен ыраазычылык билдирет" деп айтты.

  • Дүйнөдө бензин жана дизелдин баасынын кескин кымбатташы ушул жылдын февраль айында, АКШ менен Израилдин Ирандагы аскердик операциясынан кийин башталган. Аналитиктер жана көптөгөн керектөөчүлөр муну АКШнын соккуларына жооп катары Ирандын Ормуз кысыгын жаап салышы, ошондой эле ирандык жана орусиялык мунайга салынган санкциялар менен байланыштырышат.
  • Бензин менен дизелдин кымбатташы америкалык шайлоочулардын нааразычылыгын жаратууда. Бул Республикачылар партиясынын рейтингинин төмөндөшүнө жана ноябрь айында өтө турган АКШ Конгрессине шайлоодогу анын мүмкүнчүлүктөрүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG